Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2021

Новости за 15.12.2021

"Журналисттер карыганда, өз ажалы менен каза болсо..."

Azattyk.org 

Норвегия баш калаасы Ослодо Нобель сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Тынчтык сыйлыгы бул ирет орусиялык “Новая газета” басылмасынын башкы редактору Дмитрий Муратов менен филиппиндик журналист Мария Рессага ыйгарылды. Нобель комитетинин билдирүүсүндө, журналисттер сыйлыкты “демократия менен тынчтыктын айныксыз шарты эсептелген пикирлердин эркиндигин коргоого жасаган аракеттери үчүн” алышты. Дмитрий Муратовдун сыйлык тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүн толугу менен жарыялайбыз. Өкүмзордук уусуна каршы дары. Читать дальше...

Азербайжан менен Армениянын лидерлери төрт сааттан ашык сүйлөштү

Azattyk.org 

Брюсселде Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев "орчундуу сүйлөшүү" өткөрдү. Бул тууралуу сүйлөшүүнү уюштурган Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель шаршемби күнү билдирди. Анын айтымында, үч тараптуу сүйлөшүү төрт сааттан ашык убакытка созулуп, 15-декабрдын алгачкы сааттарына чейин уланган. Анда коңшу өлкөлөр өткөн жылдагы Тоолуу Карабактагы согуштан кийинки чыңалууну басаңдатуу жана дипломатиялык аракеттерди илгерилетүү жолдорун талкуулашкан. ... Читать дальше...

Акылбек Жапаров Кумтөрдөн салык түшүп жатканын айтты

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Мамлекеттик сатып алуулар" боюнча жаңы мыйзам долбоорун талкуулаган жыйында Кумтөр кенинен бюджетке түшкөн салык боюнча комментарий берди. "Кумтөрдө баары жакшы, салык талап кылынган өлчөмдө төлөнүп жатат. 12 айдын ичинде алар жакшы сапаттагы алтынга жетишти. Буга чейин суу каптады деп айтылып келсе, азыр жок. Алар 1,5 тоннадан ашык жакшы сапаттагы алтынга жетишти. 12 айдын жыйынтыгында бардык пландар аткарылат деп ишенем". Министрлер кабинетинин... Читать дальше...

Бишкекте “Эко-курак” көргөзмөсү ачылды

Azattyk.org 

Бүгүн, 15-декабрда Бишкекте “Эко-курак” көргөзмөсү ачылды. Эки апта улана турган иш-чара Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде өтүүдө. Аны кесипкөй сүрөтчү жана кол өнөрчү аялдардын башын бириктирген “Курак” автордук долбоору “Сорос-Кыргызстан” фонду менен биргеликте уюштурду. Негизги максат экологияны коргоо, кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгүн колдоо, маданий мурасын өркүндөтүү жана аялдардын жашоо деңгээлин жакшыртуу экени айтылды. 25-70 жаштагы 200дөй аял беш ай бою чогуу иштеп... Читать дальше...

AI: Ооганстанда болжолдуу согуш кылмыштары катталды

Azattyk.org 

Amnesty International (AI) эл аралык укук коргоо уюму "Талибан" (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) кыймылы Ооганстанда кыйноолорго жана соттун өкүмү жок эле өлүм жазасына тартуу учурларына жол бергенин билдирди. Уюмдун 15-декабрда жарык көргөн баяндамасында айтылгандай, талибдер “улуттук жана диний азчылыктын өкүлдөрүн, ооган армиясынын мурдагы жоокерлерин, өкмөткө жан тарткан адамдарды кыйнашкан жана өлтүрүшкөн”. Уюмдун баш катчысы Агнес Калламард Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна кайрылып... Читать дальше...

Ошто зомбулукка каршы ыр кече өттү

Azattyk.org 

Ошто 14-декабрда "Поэзия зомбулукка каршы" иш-чарасы өттү. Анда бир катар акындар гендердик теңчилик, зордук-зомбулукка каршы, жаштарды тарбияга, кыз-келиндерди урматтап-сыйлоого чакырган ырларын окушту. Уюуштуруучулар үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүн чыгармачылык аркылуу элге жеткирүүнү көздөшөт.

АКШда COVID-19дан өлгөндөрдүн саны 800 миңден ашты

Azattyk.org 

Жонс Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 14-декабрда Кошмо Штаттарда өпкөнү сезгенткен коронавирустан кайтыш болгондордун саны 800 миңден ашты. Президент Жо Байден бул санды “трагедиялуу этап” деп атап, элди эмдөөдөн өтүүгө, коронавируска каршы эмделген адамдарды вакцинанын кошумча дозасын алууга чакырды. “Кыш келип, жаңы вариант тооруп турган шартта биз бул вируска каршы чогуу күрөшүүнү улантышыбыз керек”, - деди Байден. Америкада 200 миллиондой адам коронавируска каршы толук эмделди. Читать дальше...



ЖТРдин мурдагы директору Куттумидин Базаркулов камалды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облустук телерадиоканалынын (ЖТР) мурдагы жетекчиси Куттумидин Базаркулов камакка алынды. Бул тууралуу анын адвокаты  15-декабрда "Азаттыкка" билдирди. Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) кызматкерлери Куттумидин Базаркуловду 27-ноябрда Жалал-Абаддагы үйүнөн кармап кетишкен. 28-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту  аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Атайын кызмат Базаркуловду "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айыптап жатат. УКМК иштин жагдайы тууралуу маалымат бере элек. Читать дальше...

УКМК "Түндүк" көмөкчордонуна жабдуу алууда мыйзам бузулганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Түндүк" көмөкчордонуна жабдуулар жасалма сатып алынганын аныкталганын билдирди.  Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын кызматкерлери "Түндүк" көмөкчордонун модернизациялоодо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Тендердик шарттарга жана ишкананын бюджети жетпей турган жабдууларды жасалма түрдө сатып алып, орнотуу иштеринде, 2,5 миллион сомдук зыян келтирилген. Мындан тышкары, тергөөнүн... Читать дальше...

"Клооп" протоколдордон айырмачылык тапты

Azattyk.org 

"Клооп Медианын" маалыматы боюнча, текшерилип, анализделген протоколдордун көбү кайра оңдолуп, жазылган. Бул болсо шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизиши ыктымал дейт “Клооптун” шайлоого мониторинг жүргүзүү кампаниясынын координатору Айзирек Алмазбекова.

Жарандык активист Акаевди жоопко тартуу талабы менен пикетке чыкты

Azattyk.org 

Бүгүн, 15-декабрда жарандык активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин астына пикетке чыкты. Өндүрүш Токтонасыров мурдагы президентти актоо аракети болуп, ал мурда кылгандары үчүн жоопкерчиликке тартылбай жатканын айтууда. “Аскар Акаев тарыхта кара тамгалар менен жазылып калган саясий инсан. Аны улам чакырып, сурамыш болуп кайра узатып жаткандары туура эмес. Аксы окуясы... Читать дальше...

Театр: создуккан ремонт, сахнаны сагынган актерлор

Azattyk.org 

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын ремонту бүтпөй, эки жылдан ашык убакыттан бери жабык турат. Бирок театрдын эмгек жамааты ага карабастан жаңы спектаклди коюуга даярдык көрүүдө. Сентябрдын башында оңдоо иштерин бүтүрүү үчүн бюджеттен кошумча каражат бөлүнгөнү кабарланган. 2019-2020-жылдары республикалык бюджеттен берилген каражатка театрдын сырты оңдолуп, эски айнектери заманбап үлгүдөгү сапаттуу айнектерге алмаштырылган. Андан тышкары жылуулук берүү системалары... Читать дальше...

Аба ырайы: жаан-чачын болбойт

Azattyk.org 

16-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 2…7; Талас жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз 2…7; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5; Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10; Бийик тоолордо түнкүсүн -26…-31, күндүз -8…-13; Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Читать дальше...

"Үч балама нан, жолдошума дары керек". Айнураны кыйнаган кымбатчылык

Azattyk.org 

Ат-Башы районунун тургуну Айнура Эрматова кымбатчылык айынан үч баласына жетиштүү тамак-аш алып бере албай келет. Акчаны үнөмдөөгө аргасыз болгон келин балдарына витаминге бай азыктарды сатып бере албаса да, күнүмдүк наны табылып турганына ыраазы. Эрматова үч баласы менен кошо оорукчан күйөөсүн да багып, бир үй-бүлөнүн түйшүгүн жалгыз көтөрүп келет.

Депутат Жетигеновдун тарапташтары митингге чыкты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында отурган депутат Бакыт Жетигеновдун тарапташтары 15-декабрда Бишкекте парламенттин алдында нааразычылык акциясына чыгышты. Алар Жогорку Кеңештен убактылуу депутаттык комиссиянын Бакыт Жетигенов боюнча чыгарган корутундусун кароону талап кылууда. "Мыйзам баарына бирдей", "Депутаттардан коркпогула" деген плакаттарды кармап турушат. Парламент жыйынына Жетигенов боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу бүгүн чыгарылмак. Бирок жыйын кийинки жумага жылды. Читать дальше...

Аскар Акаев атайын кызматта сурак берүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Улуттук коопсуздук комитетинде сурак берүүдө. Бул тууралуу атайын кызматтагы ишенимдүү булактар билдирди. Аскар Акаев 14-декабрда "Кумтөр иши" боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн келген. Ал өлкөдө беш-алты күн болору белгилүү болду. Акаев быйыл 2-августта “Кумтөр иши” боюнча тергөө менен кызматташуу үчүн Кыргызстанга учуп келген. Бишкекте бир апта сурак бергенден кийин кайра Орусияга кеткен. Ал өзү тергөө менен кызматташуунун... Читать дальше...

Студенттин өлүмү: Талаштуу маалымат, тараган тасма

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги 11-декабрда Бишкекте поезддин алдында калган пакистандык студент "киши колдуу болгон" деген маалыматты четке какты. Интернетте поезддин алдына боюн таштаган адам тартылган тасма тарады. Каргашалуу окуядан кийин маркумдун достору "аны жергиликтүүлөр тоноп, андан кийин поезддин алдына ыргытып жибергенин" социалдык тармактарга жазышкан. Тышкы иштер министрлиги чет элдик студенттин өлүмүнө байланыштуу ишти көзөмөлүнө алганын маалымдады. Талаштуу маалымат, тараган тасма 11-декабрь... Читать дальше...

Жогорку Кеңештин жыйыны 22-декабрга жылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 15-16-декабрдагы жыйыны кийинки жумага жылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн, 15-декабрдагы парламент жыйынына Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) камакка алган депутат Бакыт Жетигенов боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу чыгарылмак. Депутаттык комиссия 9-декабрда Башкы прокуратуранын Жетигеновду жоопко тартуу боюнча өтүнүчүн четке каккан жана 15-декабрдагы парламент жыйынына чыгарыларын билдирген. 8-декабрда Жогорку Кеңеш убактылуу... Читать дальше...

COVID-19:  эки киши каза болуп, 28 жаңы учуру катталды

Azattyk.org 

15-декабрга карата Кыргызстанда 28 адам COVID-19 вирусун жуктурганы аныкталганын республикалык штабдан билдиришти. Бишкек шаарында 13 учур, Жалал-Абад облусунда алты, Чүй облусунда төрт, Ысык-Көл облусунда эки, Баткенде эки, Ош облусунда бир учур катталды. Илдеттен эки киши кайтыш болду. Ушуну менен 2020-жылдын март айынан баштап вирустан көз жумгандардын саны өлкө боюнча 2775ке жетти. Азыркы тапта өлкө боюнча 671 бейтап коронавирустан дарыланып жатат. Алардын 317си ооруканада болсо, 354 киши медициналык жардамды үйүнөн алууда. Читать дальше...

Кумтөрдүн "купуя" ишмердиги

Azattyk.org 

Кыргызстан Кумтөр кенин өзү иштетип баштагандан бери канча алтын өндүргөнү, тапкан пайда тууралуу бийлик дагы деле маалымат бере элек. Бул маселе Жогорку Кеңеште кайра көтөрүлүп анда да расмий жооп болгон жок. "Кумтөр Голд" компаниясынын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк жакында эле Кыргызстан алтынды чет жакка сата электигин билдирип, өндүрүш тууралуу ал да эч нерсе айткан жок. Бул коомчулукта ар кандай күдүк ойлорго жол ачууда. Ал тапта өлкөнүн тунгуч президенти Аскар Акаев "Кумтөр иши" боюнча... Читать дальше...

БШК Акбөкөн Таштанбековду депутат кылып каттады

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун 35 бир мандаттуу округу боюнча жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин №21 Талас округу, №30 Ысык-Ата округу, № 29 Свердлов, №31 Чүй-Кемин округу боюнча жыйынтыктар чыга элек болчу. Боршайком 14-декабрдагы отурумунда № 21 Талас округунда көп добуш алган талапкер Бактыбек Чойбековду, №30 Ысык-Ата округунан көп добуш алган Акбөкөн Таштанбековду депутат кылып каттады. Баарына каршы добуш... Читать дальше...

АКШ менен Евробиримдик Беларуста оппозицияга чыккан өкүмдү айыптады

Azattyk.org 

АКШ Беларуста оппозиялык активисттер менен журналисттерге карата 14-декабрда чыккан катаал сот өкүмүн айыптады. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин билдирүүсүндө Сергей Тихановскийге, Николай Статкевичке, Игорь Лосикке жана башка активисттерге карата чыккан сот өкүмүндө саясий негиз бар экени белгиленген. "Соттолгондор да, беларус эли да бул катаал репрессияга кабылбашы керек", – деп билдирген мамлекеттик катчы. АКШ бул өкүм беларус бийлиги адам укуктарын сактоо боюнча эл... Читать дальше...

Түркия менен Армения алакасын оңдоого белсенди

Azattyk.org 

Түркия менен Армения узактан бери чыңалып турган мамилесин оңдоого кадам таштаганы белгилүү болду. Эки өлкө бул багытта атайын чабармандар иш алып бара турганын жарыялашты. Ошентсе да Анкара менен Еревандын ортосунда мунасаны талап кылган маселелер аз эмес. Армения менен чыңалган мамилени оңдоо аракети жүрүп жатканын алгач түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу парламенттин 13-декабрдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, коңшулаш эки өлкө жакын арада атайын чабармандарды дайындаганы жатат. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *