Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2021

Новости за 17.12.2021

Октябрь окуясы боюнча сот отуруму уланат

Azattyk.org 

Бүгүн, 17-декабрда 2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча сот отуруму уланат. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр октябрь айындагы окуялар боюнча ишти 8-октябрда карай баштаган. Кылмыштын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана окуяга катышкан Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов баштаган бир нече киши айыпталууда. Биринчи Май райондук сотунда бүгүнкү олтурумга Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов жана Фарид Ниязов алып келинери айтылууда. Былтыр 4-октябрда... Читать дальше...

Аба ырайы: күн ачык болот

Azattyk.org 

18-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -4...1, күндүз 10…15; Талас жергесинде түнкүсүн -4...1, күндүз 9…14; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -4…1, күндүз 11…16 Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9; Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз 0…-5; Бийик тоолордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -4…-9; Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3... Читать дальше...

Президент БШКнын өзгөрткөн жобосу боюнча пикирин билдирди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Борбордук шайлоо комиссиясынын 30% гендердик квота боюнча кабыл алган жобосу тууралуу пикирин Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди. "Баарыңар эсеп-чотту жакшы билесиңер. Комиссия түзүп барып БШК менен биргеликте санап чыккыла. Мыйзам боюнча 30% кем эмес аял болуш керек деп турат. Эгер 30 пайыздан ашып кетип, анан эле БШК Жанардын мандатын тартып алып, туура эмес чечим чыгарып жаткан болсо, анда иш козгоп, жоопко тарталы", - деген президент. Өлкө башчысы өзгөргөн жобонун... Читать дальше...

Бишкек шаардык соту Самаковдун ишин кайра карайт

Azattyk.org 

Жогорку сот мурдагы депутат Карганбек Самаковдун адвокаттарынын арызын канааттандырып, ишти кайра кароо үчүн Бишкек шаардык сотуна жөнөттү. Бул тууралуу Жогорку cоттун басма сөз кызматы билдирди. 2021-жылдын башында Карганбек Самаковго карата буга чейинки чыккан сот чечимдери жокко чыккан. Жогорку cот жаңы ачылган жагдайлардын негизинде Самаковдун ишин кайра кароого Октябрь райондук сотуна жөнөткөн. Буга чейин Октябрь райондук соту жана Бишкек шаардык соту Самаковго карата кылмыш ишин кыскарткан чечим чыгарган. Читать дальше...

Аким: чек арада абал туруктуу, курулуш токтоду

Azattyk.org 

Баткен районунун Көк-Таш айылында абал туруктуу экенин Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев 17-декабрда “Азаттык” радиосуна билдирди. "Көк-Таш айылында абал туруктуу, топтошкондор жок, жергиликтүүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деди ал Чек ара кызматы 16-декабрда кыргыз-тажик чек ара аймагында ок атылганын кабарлаган. Кыргызстандын жарандары Баткен районунун Көчө-Бою аймагында курулуш иштерин жүргүзүп башташкан. Ал жерге Тажикстандын чек арачылары келип, курулушту токтотууну талап кылышкан. Читать дальше...

Евробиримдик Орусияга эскертүү берди

Azattyk.org 

Евробиримдик Орусияны Украинага каршы аскердик аракеттерден карманууга чакырды. Брюсселде жолуккан Еврошаркеттин лидерлери Москванын Киевге кастыгы болуп көрбөгөндөй катаал санкцияларга алып келерин эскертти. Орусия "аскер күчтөрүн чек арага жакын топтоо - Украинага кол салууга даярдык" деген Батыштын кооптонуусун четке какты. "Чек араларды бузбоо-тынчтыктын кепилдиги" Брюсселде 16-декабрдагы Евробиримдиктин саммитинде орус-украин чек арасындагы чыңалуу, Беларус менен чек арадагы мигранттар кризиси... Читать дальше...

Павлюктун өлүмү: Алдаяр Исманкулов мунапыс сурады

Azattyk.org 

Алматыда колу-буту чырмалып, алтынчы кабаттан ташталган кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүнө 12 жыл болду. Бул иш боюнча Кыргызстандын УКМК офицерлери аралашкан казак-кыргыз жарандарынан турган кылмыштуу топ кармалып соттолгон. Казакстандын абагынан Кыргызстанга мурда которулган УКМКнын техникалык бөлүмүнүн экс-жетекчиси Алдаяр Исманкулов жакында мөөнөтүнөн мурда жазадан кутулуу үчүн мунапыс берүүнү сурап, сотко арыз жазганы белгилүү болду. Мунапыс сураган... Читать дальше...

COVID-19: эки киши каза болуп, 29 жаңы учуру катталды

Azattyk.org 

17-декабрга карата Кыргызстанда 29 адам COVID-19 вирусун жуктурганы аныкталганын республикалык штабдан билдиришти. Илдеттен эки киши кайтыш болду. Каза болгондордун экөө вакцина алган эмес. Ушуну менен 2020-жылдын март айынан баштап вирустан көз жумгандардын саны өлкө боюнча 2 779га жетти. Бишкек шаарында 16 учур, Жалал-Абад облусунда бир, Чүй облусунда жети , Нарын облусунда бир , Ош шаарында бир, Ош облусунда бир учур катталды. Азыркы тапта өлкө боюнча 651 бейтаптын коронавирустан дарыланып жатат. Читать дальше...



Президент бүгүн футбол ойнойт

Azattyk.org 

Бүгүн, 17-декабрда президент Садыр Жапаров башында турган президентинин администрациясынын командасы кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган. Оюнга президенттин администрациясынын, ата мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышат. Читать дальше...

Чүйдө милиция ар улуттун диаспоралары менен жолугушту

Azattyk.org 

Чүй облусттук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги менен тиешелүү бөлүм башчылары аймактагы улуттук диаспоралардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 16-декабрдагы жолугушууда улут аралык чыр-чатактардын келип чыгышынын алдын алуу, сабырдуулук, мыйзамдуулукту сактоо, тартип бузуунун укуктук кесепеттерин талкуулашты. Айрыкча жаштар жана улуттар арасындагы сабырдуулук, терроризм жана экстремизмдин алдын алуу жөнүндө профилактикалык иш-чаралар зарыл экени белгиленди. Читать дальше...

Абактагы Ниязов сот, прокурорлор жоопко тартылган күн келерин эскертти

Azattyk.org 

Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда президенттик аппаратты жетектеген Фарид Ниязов 16-декабрдагы сот отурумунда 30 жылдан бери сот, прокурорлор “саясий заказ” аткарып келе жатканын айтып, эртели-кеч алар дагы жоопко тартыларын эскертти. Ниязовдун айтымында, 2010-2011-жылдары Исмаил Исаков сыяктуулардын кылмыш ишине аралашкан сот, прокурорлор аларга тийбөөнү өтүнүп, жаңы бийликке кызмат кылып берерин суранып келишкен. “Мен азыркы президент дагы ошондой абалга кабылып жатса  керек деп ойлойм. Читать дальше...

Кара-Кечеде көмүр казуу бир жумага токтотулду

Azattyk.org 

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы Кара-Кече кенинде тазалоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу 15-декабрдан 20-декабрга чейин көмүр казуу токтотулганын маалымдады. Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр үзгүлтүксүз тартыла берет. Кыргызстанда суук түшөрү менен энергетикалык каатчылык сезиле баштады. Өлкөдө электр энергиясы чоң таңкыстыкка учурап, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы кескин көтөрүлдү. Ортомчулар менен талаш-тартыштан улам Кара-Кече кенинен көмүр алып келүүдө кыйынчылык жаралууда.... Читать дальше...

Жээнчороев: БШК 30% квота жобосун мыйзам бузуу менен кабыл алды

Azattyk.org 

"Альянс" партиясынын тең төрагасы Мирлан Жээнчороев Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 30% гендердик квотаны сактоо боюнча жобону өзгөртүүдө ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзам бузулган деп эсептейт. Жээнчороев бул тууралуу “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө билдирди. “Мыйзамга ылайык, төрт пункт бар. 7-беренесинде жазылып турат, бир ай мурда сайтка илинип, коомдук угууга алып чыгыш керек. Анан кабыл алышы керек. Силер мыйзамды бузуп, кабыл алдыңар”, - деген Жээнчороев Боршайкомду “саясий заказ” аткарды деп айыптады. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *