Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2021

Новости за 20.12.2021

Талас: шайлоочу талапкерге каршы арыз жазды

Azattyk.org 

Талас шаарынын тургуну Аскар Исабеков бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округунан талапкер болуп, жеңип чыккан Бактыбек Чойбековду добуш сатып алууга айыптап, прокуратурага кайрылды. Талапкер өз дарегине айтылгандар дооматтарды четке кагууда. Буга чейин бул талапкерге карата 12 арыз түшкөн, бирок милиция аларда кылмыш белгилери жок деген бүтүм чыгарган. Аскар Исабековдун айтымында, Бактыбек Чойбеков Талас районунун Арал айылындагы үгүтчүсү Мадылбек Ибраимов аркылуу көчөлөрдүн бирине кум-шагыл төгүп берген. Читать дальше...

Филиппиндеги тайфун 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алды

Azattyk.org 

Филиппиндеги "Рай" тайфунунан каза тапкандардын саны кеминде 208 кишиге жетти. Бул соңку бир жыл ичинде Түштүк Чыгыш Азиядагы аралдардын тобунан турган бул мамлекетке зыян алып келген эң кубаттуу тайфун болуп калды. Улуттук полициянын өкүлдөрү 20-декабрда билдиргендей, жаратылыш кырсыгынан 240тай адам жараат алды жана кеминде 52 кишинин дайыны чыкпай жатат. Тайфун бир нече шаар жана провинциядагы байланышты үзгүлтүккө учуратты. Кырсыктан эң көп жабыркаган аймактарга кошумча күчтөр жөнөтүлдү. Читать дальше...

Гонконгдогу шайлоодо Бээжинди колдогон талапкерлер жеңди

Azattyk.org 

Гонконгдун мыйзам чыгаруу кеңешине жекшемби күнү өткөн шайлоодо Бээжиндин саясатын колдогон талапкерлер жеңип чыкты. Бул Кытай Гонконгдун шайлоо мыйзамдарына талаштуу өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийинки алгачкы шайлоо болуп калды. Жаңы өзгөртүүлөрдөн кийин Кытайга лоялдуу “патриот” талапкерлер гана шайлоого катыша алары кабарланган. Бирок, 19-декабрдагы шайлоого катышуу төмөн болуп, 30,2 пайызды гана түздү. Бул 1997-жылы Улуу Британия Гонконгду Кытайга өткөрүп бергенден кийинки эң төмөнкү көрсөткүч. Читать дальше...

Июнь окуясы: Текебаев менен Дүйшөбаев сурак берип чыкты

Azattyk.org 

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча Башкы прокуратурага сурак беришти. Бул тууралуу эки саясатчынын жакындары билдиришти. Өмүрбек Текебаев 17-декабрда эки сааттай сурак бергени белгилүү болду. Парламенттик шайлоодон кийин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев июнь окуясы, Дача СУ конушуна учактын кыйрашы, “Аврора” пансионатынын аймагынан кыймылсыз мүлктү улутташтыруудан... Читать дальше...

21-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат 

Azattyk.org 

21-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын жаабайт, кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3...2, күндүз 10…15; Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 9…14; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -4…1, күндүз 10…15; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6; Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19... Читать дальше...

Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүү фонду түзүлөт

Azattyk.org 

Исламабадда Ислам кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин Ооганстандагы гуманитардык кырдаал боюнча кезексиз жыйыны өттү. Ага Кыргызстандан да делегация катышканын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Президенттин Ооганстан боюнча атайын элчиси Авазбек Атаханов президент Садыр Жапаровдун кайрылуусун окуду. Анда президент ооган өкмөтү менен анын эл аралык коомчулукка интеграцияланышы, курч социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү, тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча ырааттуу ишти улантууга чакырган. Читать дальше...

Акаев сурак бергенден кийин кайра Москвага учуп кетти

Azattyk.org 

"Кумтөр иши" боюнча суралып жаткан Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Москвага учуп кетти. Бул тууралуу анын санаалашы Бекболот Талгарбеков билдирди. Анын айтымында, сурак негизинен 2003-жылдагы келишим боюнча жүргөн. “Аскар Акаевге кылмыш иши козголгон эмес, болгону териштирүү жүргөн. Териштирүүнүн жүрүшүндө Кумтөрдөн бир тыйын жебегени жана “Центеррада” бир дагы акциясы жок экени тастыкталды. Сурак негизинен 2003-жылдагы келишим боюнча жүргөн. Тергөөнүн жүрүшүндө "Центтерра" сатып алган... Читать дальше...

Польшада сөз эркиндигин коргогон акция өттү

Azattyk.org 

Жекшемби күнү, 19-декабрда Польшанын 100дөй шаарында оппозициялык TVN каналын коргогон акция өттү. Варшавада саат 19:00 демонстранттар президенттик сарайдын алдына чогулушту. Алар массалык маалымат каражаттарынын эркин болушун талап кылышты. Акцияга "Жарандык платформа" оппозициялык партиясынын төрагасы, Польшанын мурдагы премьери Дональд Туск, "Жарандык коалициядан" президенттик шайлоого талапкер болгон Малгожата Кидава-Блоньская жана башка саясатчылар, журналисттер жана активисттер катышты. ... Читать дальше...



Эң көп аял депутат Африкада

Azattyk.org 

Парламенттер аралык биримдигинин октябрдагы маалыматына караганда, дүйнөдөгү депутаттардын 25,8% аялдар түзөт. Аял-парламентарийлердин эң көбү Руандага туура келет. 192 өлкөнү камтыган рейтингде Борбор Азиядан Өзбекстан 53-орунда, Казакстан–75, Тажикстан- 92, Кыргызстан 132-орунга илинген.

Саккараевдин ордуна депутат болуп Жансеитов келиши ыктымал

Azattyk.org 

Жогорку Кеңешке шайлоого №31 Чүй-Кемин округунан катышкан Медербек Саккараевдин ордуна андан кийинки көп добуш алган талапкер депутат болуп келиши ыктымал. Бул маселе Саккараев сотко кайрылса, соттун чечимине байланыштуу болорун Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Абдыжапар Бекматов "Азаттыкка" билдирди. "Биз Саккараевдин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алдык. Эми ал сотко бериши мүмкүн. Эгер сот биздин чечимди колдосо, кийинки талапкер боюнча шайлоонун жыйынтыгын чыгарабыз. Читать дальше...

ТИМ: Ооганстандан эвакуациялангандар арасында кыргызстандыктар жок

Azattyk.org 

Орусия Ооганстандан 18-декабрда эвакуациялаган 200дөй адамдын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлигинин сайтында 18-декабрда эвакуациялаган 200дөй адамдын арасында кыргызстандык жарандар бар экени айтылган эле. Кабулдан 18-декабрда учуп чыккан учактар Тажикстандын Гиссар жана Кыргызстандын Кант аэродромдоруна май куйдуруу үчүн конуп, 19-декабрда Москва облусундагы Чкаловский аэродромуна жеткени маалымдалган. Читать дальше...

"Айыл Банкка" нааразы дыйкан-фермерлер митингге чыкты

Azattyk.org 

Жыйырмага чукул дыйкан-фермерлер өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыкты. Кыргызстандын аймактарынан чогулган дыйкандар лизингге айыл-чарба техникаларын ала албай жатканын айтып даттанды.  Алардын сөзүнө караганда, өкмөт быйыл октябрь айында "Айыл Банк" аркылуу 4,5% насыя берилет деп убада кылган. Дыйкандардын алды лизингге техника алуу үчүн баштапкы төлөмдү төлөшкөн. Бирок, кийин "Айыл Банк" акча жок экенин, насыяны 14% берүүгө даяр экенин билдирген. Дыйкандар 14% өтө эле жогору деп нааразы болууда. Читать дальше...

Бишкектеги Психикалык ден соолук жана Наркология борбору бирикти

Azattyk.org 

Бишкектеги Психикалык ден соолуктун республикалык борбору менен Республикалык норкология борбору бириктирилди. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалиддин Рахматуллаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, ар кайсы региондогу ооруканалар аймактык ооруканалардын карамагына кирип, оптималдаштырылат. "Бул өкмөттүн 2017-жылдагы токтомунун негизинде кабыл алынган иш-пландар. Психиатрия менен наркология кызматы бириктирилип, бир жетекчи болду. Норкология менен психикалык саламаттык деп койот, психикалык... Читать дальше...

Бийликтин жемкордукка каршы бир жылдык күрөшү

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бийликтин коррупцияга каршы күрөшү мыйзамдар менен мамлекеттик органдардын жоопкерчилигиндеги мүчүлүштүктөрдөн улам жакшы натыйжа бербей жатканын айтты. Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүндөгү (9-декабрда) кайрылуусунда, өлкө башчысы бул жаатта жаңы мыйзам жана стратегиялык программа иштелип жатканын жар салган. Бийликтин убадалары жана аракеттери 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров жемкорлор менен күрөштө эч кимге аёо болбошун жарыялаган. Читать дальше...

"Кыргыз көмүр" Кара-Кечеде казуу иши жанданарын билдирди

Azattyk.org 

Кара-Кече кенинде бир апталык тыныгуудан кийин бүгүн, 20-декабрда көмүр казылып, жүктөлө баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жүктөлгөн көмүр Бишкекке 22-декабрга келет. Аталган ишкана тазалоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу 15-декабрдан баштап көмүр казуу токтотулганын маалымдаган. Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр үзгүлтүксүз жеткирилери айтылган. 12-октябрда Министрлер кабинети үч айга көмүрдүн наркын мамлекеттик жөнгө салууну киргизген. Читать дальше...

Эл артисти Валентина Гилка менен коштошуу зыйнаты өтүүдө

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр актрисасы Валентина Гилка 80 жашында көз жумду. Маркум менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 20-декабрда Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында өтүп жатат. Театр актрисасынын кайтыш болгонуна байланыштуу президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы, минстрлер, ЖК депутаттары, элчилер көңүл айтышты. “Белгилүү актриса көптөгөн ролдорду, образдарды жараткан. Алардын ар бири көрүүчүлөрдүн жана кесиптештеринин эсинде чеберчиликтин, театрга, өз кесибине... Читать дальше...

COVID-19: бир киши каза болуп, 23 жаңы учур катталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 20-декабрдагы маалыматына караганда, өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 илдетинен бир адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2784 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус 23 адамдан жаңы аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (19 адам). Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 184 218 адамга жетти. Азыр ооруканада 301 бейтап жатат, дагы 338 адам үйдөн дарыланууда. Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. Читать дальше...

"Альянс" партиясынын арызы сотто каралууда

Azattyk.org 

Бишкек админстративдик соту "Альянс" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 15-декабрдагы 30% гендердик квота боюнча өзгөрткөн жобосуна каршы арызын карап жатат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. БШК 15-декабрда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрттү. Ага чейин бул жобону өзгөртүү эки жолу отурумга алынып чыгып, бирок колдоо тапкан эмес. БШК кабыл алган жобого ылайык "Альянс" партиясынан... Читать дальше...

Президентти шаан-шөкөт менен тосуп алган окуя териштирилет

Azattyk.org 

Президенттик администрация мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна сапары учурунда Барпы айылында мугалим, медицина кызматкерлери жол боюнда тизилип тосуп алган окуя боюнча комментарий берди. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин айтымында, Жапаров бул сыяктуу демилгелерге каршы.  "Президент Садыр Жапаров бул сыяктуу демилгелерге каршы. Жалал-Абад облусундагы окуяга байланыштуу бардык жагдайларды аныктоо үчүн анын ичинде жергиликтүү тургундарды мажбурлоо болгон-болбогону боюнча да кызматтык териштирүү жүргүзүлүүдө"... Читать дальше...

БШК депутаттык мандаттар качан берилерин билдирди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоону утуп чыккан талапкерлерге 22-декабрда депутаттык мандат тапшырууну пландап жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" БШКдан билдиришти. Жаңы чакырылыш Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамдын негизинде ишин баштайт. Мандат берилгенден кийин эки апта ичинде жаңы чакырылыш биринчи сессиясын өткөрүшү керек. Парламенттин жаңы курамы ишин баштаган күндөн тартып VI чакырылыш ишин токтотот. VII чакырылыштагы депутаттардын биринчи... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *