Быйыл Акжол, Айсулуу, Мээрим, Айпери деген ысымдар көп коюлду
2021-жылы Кыргызстанда миңден ашык ымыркайга Токиодогу Олимпиада оюндарында ийгилик жараткан спортчулардын ысымдары ыйгарылган. Бул тууралуу Санарип өнүктүрүү министрлиги билдирди. 2021-жылы төрөлгөн 414 уул балага Акжол, 374 кыз балага Мээрим, 324 кыз балага Айсулуу, 279 кыз балага Айпери деген ысым ыйгарылган. Октябрь айында төрөлгөн үч эм кызга дагы ата-энеси балбан кыздардын атынан Айсулуу, Мээрим жана Айпери деген ысым беришти. 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова күмүш байге... Читать дальше...