Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2021

Новости за 27.12.2021

Чек ара кызматы аткезчилерге эскертүү үчүн ок атылганын маалымдады

Azattyk.org 

24-26-декабрда Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасынан аткезчилик жол менен жүк алып өтүүгө аракет кылган бир нече учурлар катталды. Чек ара кызматы алардын биринде буйрукка баш ийбеген айдоочуну токтотуу үчүн  үч ирет эскертүү иретинде асманга ок атууга мажбур болушканын 27-декабрда билдирди. Маалыматка караганда, кармалган жүктөрдүн болжолдуу суммасы 1 жарым миллион сомдун тегерегинде. Айдоочулар жана жүктөр териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген. Кыргызстан... Читать дальше...

Садыр Жапаров КМШнын саммитине катышуу үчүн Орусияга барат

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал саммитине катышуу үчүн 28-январда Санкт-Петербургга барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушууга Армения, Азербайжан, Беларус, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстандын президенттери катышат. Ошондой эле, саммитке мейман катары Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев катышары күтүлүүдө. Бейформал саммит орус президенти... Читать дальше...

НАТО Орусияга коопсуздук кепилдиги боюнча жолугушууну сунуштады

Azattyk.org 

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Альянстын кеңешинин Орусия менен жыйынын январдын ортосуна пландаштырууну сунуштады. Бул соңку 2,5 жылдагы биринчи жолугушуу болуп эсептелет. Бул тууралуу Германиянын dpa агенттиги эл аралык уюмдун басма сөз кызматынын айтканына таянып билдирди. Жума күнү Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова брифингде жолугушууга чакыруу жөнүндө билдирген. Мындай форматтагы сүйлөшүүлөр акыркы жолу 2019-жылдын июль айында болгон. Немис агенттиги... Читать дальше...

Акылбек Жапаров суу түтүгү жарылган Бишкек ЖЭБине барды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы суу түтүгү жарылган насостук станцияда көчмө жыйын өткөрдү. Аткаруу бийлигинин маалымат кызматы билдиргендей, ЖЭБдеги авариялык абал жөнгө салынды. Акылбек Жапаров мындай окуяларга жол бербөө максатында, өзгөчө түнкүсүн күзөттөгү кызматкерлердин санын көбөйтүүнү билдирди. Ал ошондой эле ЖЭБдеги жабууларды жаңыртуу керектигин белгилеп, кийинки жылдын апрелине чейин жаңыланчу жабдуулардын тизмесин даярдоону тапшырган. Читать дальше...

Саясатчы Равшан Жээнбеков абактан бошотулду

Azattyk.org 

Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков эркиндикке чыкты. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, өткөн аптада Биринчи май райондук соту Жээнбековду тергөө абагында кармоо тууралуу бөгөт чарасын узарткан эмес. Мындай чечим быйыл декабрда күчүнө кирген Жазык-процессуалдык кодексине ылайык кабыл алынган.   Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. 2020-жылы парламенттик... Читать дальше...

Президенттин маалымат катчысы "Ысык-Көл" мейманканасы боюнча Мадумаровго жооп берди

Azattyk.org 

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев «Ысык-Көл» мейманканасынын имаратын бузуу боюнча «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровго жооп кайтарды. Султанбаев 27-декабрда тараткан билдирүүдө мейманкананын имараты жараксыз абалга келип, аны оңдоого кетчү каражатка жаңы имарат курса болору айтылган. Ошондой эле «Ысык-Көл» тарыхый эстеликтердин тизмесинен чыгарылганын билдирди. «Адахан Мадумаровдун мамлекеттик, саясий же коомдук ишмердүүлүгүндө бир да жолу аталган мейманкананы оңдоо боюнча демилге көтөргөнүн эстей албайбыз.

Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 28-29-декабрда абанын температурасы төмөндөйт. Туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат. 28-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү болот. Читать дальше...



УКМК "Кадастр" ишканасынын дагы бир кызматкери кармалганын билдирди 

Azattyk.org 

"Кадастр" мамлекеттик ишканасынын геомаалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы кармалганын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, кармалган адамдын жашаган жери жана иштеген жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, далил документтер табылып, УКМКнын тергөө абагына камалганы айтылат. Шектүү айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай курууга мыйзамсыз которуу жана сатуу фактысы боюнча айыпталууда. Читать дальше...

Журналист Айбек Абдылдаевдин аңгемелер жыйнагы жарык көрдү

Azattyk.org 

“Азаттыктын” журналисти Айбек Абдылдаевдин “От кечкен отуз күн” деп аталган аңгемелер жыйнагы жарык көрдү. Окурмандардын кеңири катмарына арналган бул китепке учурдун курч көйгөйлөрүн кыска тил менен көркөм баяндаган онго жакын чыгарма кирген. Бул автордун алгачкы прозалык жыйнагы. 2016-жылы анын "Түндөр" деген ыр жыйнагы аз нускада жарыяланган. Айбек Абдылдаев буга чейин бир катар эл аралык жана жергиликтүү басылмаларда эмгектенген. (JsA)

Бишкекте аймак башчылары айлык-акыны көтөрүүнү талап кылды

Azattyk.org 

Бишкекте 20дан ашык муниципиалдык аймак башчылары (МТУ) шаардык мэриянын алдына айлык-акыны көтөрүү талабы менен нааразылык акциясына чыкты. Алардын айтымында, бул маселени бир нече жылдан бери мэрияга айтып келишсе да, шаар бийлиги көңүл бурбай келет. Акцияга чыккандардын бири, Биринчи Май районундагы №14 аймактын башчысы Болотбек Алибековдин айтымында, шаар бюджети каралып жатканда мэрия алардын талабын эске алышы керек. “Азыр биз ашып кетсе 5 миң сомдон айлык алабыз, үй башчылары (домком) бизден да аз айлык алышат. Читать дальше...

ӨКМ аскерлеринин айлыгы 50 пайызга көтөрүлөт

Azattyk.org 

2022-жылдын 1-январынан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкерлеринин айлыгын 50 пайызга көтөрүү чечими кабыл алынды. Буга кошумча каражат келерки жылдын бюджетине каралганын министр Бообек Ажикеев жыл жыйынтыгын чыгарган отчетунда билдирди. Министрдин айтымында, тоо-кен куткаруучулары үчүн гранттык жардам аркылуу зарыл болгон шаймандарды жаңылоо жана тик учак алуу маселелерин чечүү боюнча сүйлөшүүлөр дагы аяктап калды. Министрликтин карамагындагы авиация департаменти буга чейин банкрот болуп, соттор уланып келген. Читать дальше...

Амангелдиев: Коррупция менен күрөшүү үчүн ККМди киргизүү зарыл

Azattyk.org 

Кыргызстанда көмүскө сооданы ачыкка чыгарып, жемкорлукту азайтуу үчүн көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү зарыл. Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев Өкмөт үйүнүн алдына жаңы Салык кодексине каршы чыккан ишкерлер менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, жаңы кодекс элге каршы багытталган эмес, ачыктыкты камсыз кылып, коррупцияны жоюу максатын көздөйт. "Азыр элибиз коррупцияны жок кылып, ачык-айкындыкты талап кылып жатпайбы. Көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү  - дал ушул коррупция менен күрөшүү үчүн. Читать дальше...

"Балдар кинодо жасалма ойной албайт...". Кадрда калган балалык

Azattyk.org 

Акыркы жылдары кыргыз коомунда балдар чыгармачылыгын өнүктүрүүгө көңүл бурула баштады. Бир катар режиссерлор балдар катышкан скетч-шоу, көркөм тасмаларды тартып, алар эл арасында жылуу кабыл алынууда. Баш каарманды бала ойногон “Шамбала” тасмасы кыска убакытта бир катар эл сынактарда байгелүү орундарга илинди. Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде тартылган “Шамбалада” ойногон Артур Аманалиев быйыл 11 жашта. Ал тасманы тартуу учурунда айрыкча сууга түшкөн жана ыйлаган эпизоддорду аткаруу кыйын болгонун айтып берди... Читать дальше...

Башкы прокуратура Айзаданын өлүмү боюнча териштирүү көзөмөлдө экенин эскертти

Azattyk.org 

Башкы прокуратура адам уурдоонун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча айыпталган милиция кызматкерлеринин иши өзгөчө көзөмөлдө экенин билдирди. Мындай билдирүүнү Башкы көзөмөл орган 27-декабарда таратты. Буга чейин айрым маалымат каражаттары бул окуя боюнча милиция кызматкерлерине козголгон иш кыскартылганын жазып чыккан эле. Прокуратура тараткан маалыматка ылайык, Айзаданын өлүмү боюнча Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлерине карата "шалаакылык" беренеси менен... Читать дальше...

Кыргызстанда жол кырсыктары 22 пайызга көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда быйылкы жылдын 11 айында 6820 жол кырсыгы катталды. Бул былтыркыга салыштырганда 22 пайызга көп. Бул тууралуу ички иштер министри Уланбек Ниязалиев 25-декабрда өткөн өкмөттүн жыйынында билдирди. Расмий маалыматтарда быйыл жол кырсыгынан 780 адам каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жаракат алганы айтылат.  Министр жол кырсыктарынын көбөйүшүнүн негизги себеби катары айдоочулардын жетиштүү даярдыктан өтпөй туруп, унаага башкарганын атаган. "Жол кырсыктарына кабылгандардын 30% айдоочулар, 70% жүргүнчүлөр болуп эсептелет. Читать дальше...

Өкмөт үйүнүн алдында жаңы Салык кодексине каршы митинг өтүүдө

Azattyk.org 

Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында көзөмөл кассалык аппарат киргизүүгө каршы митинг өтүүдө. Акцияга чыккан 100гө жакын киши өкмөттөн кассалык аппарат колдонууну милдеттендирген Салык кодексинин жаңы редакциясын чакыртып алып, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын кароосуна коюуну талап кылды. Митингде сөз сүйлөгөн активист Атай Бейшенбек уулу бул талапты аткаруу үчүн өкмөткө 29-декабрга чейин убакыт берилерин, эгер ал аткарылбаса ишкерлер мөөнөтсүз акция баштарын айтты. Акциянын жыйынтыгында митингдин... Читать дальше...

"Талибан" аялдарга жалгыз сапарга чыгууга тыюу салды

Azattyk.org 

"Талибан" өкмөтү Ооганстандагы такси айдоочуларына "эркектердин коштоосу жок узак сапарга чыгам деген аялдарды автоунаага отургузууга" тыюу салды. Мындай чектөө ооган аялдарынын укуктарына байланыштуу тынчсызданууларды ого бетер күчөттү. Эми Ооганстанда 72 чакырымдан алысыраак аймакка сапарга чыгам деген кыз-келиндер үй-бүлөсүндөгү эркек тууганынын коштоосу жок таксиге же коомдук транспортко отура албайт. Ошондой эле транспорттун бардык түрлөрүнүн айдоочулары хижаб кийбеген аял жүргүнчүлөрдү унаага салбашы керек. Читать дальше...

Ноокатта өрт кырсыгынан төрт адам каза болду

Azattyk.org 

Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыгып, төрт адам каза тапты. Алардын экөө жаш балдар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, өрт таңга маал тутанган. Учурда өрттү өчүрүү иштери уланууда. Каза болгондор арасында эки жана 12 жаштагы балдар бар. Өрт эмнеден тутанганы азырынча белгисиз. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жыл башынан бери 2900дөн ашык өрт кырсыгы катталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 17% көп. Читать дальше...

"Дордой-Моторс" базарынын соодагерлери ККМди колдонууга каршы акцияга чыкты

Azattyk.org 

“Дордой-Моторс” базарында иштеген соодагерлер көзөмөл кассалык аппарат киргизүүгө каршы акцияга чыкты. Базардын аймагында чогулган 200дөй адам кассалык аппаратты колдонууга шарты жок экенин айтып, өкмөттү бул чечимди кайрадан карап чыгууга чакырууда. Алардын жүйөсүндө, пандемиядан соң соода солгундап, кымбатчылык күчөгөн шартта кассалык аппараттарды киргизүү базарда соода кылгандарды кошумча чыгымга учуратат.  "Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бюджетти көбөйтөм деп убада берип, күчүн элге чыгарып жатат. Читать дальше...

COVID-19: эки бейтап каза тапты

Azattyk.org 

Коронавируска каршы ыкчам штаб билдиргендей, соңку бир суткада илдеттен эки киши каза тапты. Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери вирустан каза тапкандар саны Кыргызстанда 2797 адамга жетти.  Соңку суткада 29 адам вирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.  Бишкек шаары - 17 Чүй облусу – 4 Ысык-Көл облусу – 6 Жалал-Абад облусу – 2 Кыргызстанда коронавирус жуктуругандардын жалпы саны 184 506 адамга жетти. Азыркы тапта ооруканада 292 адам, 313 бейтап үйдө дарыланууда. Читать дальше...

БШКнын квота боюнча арызы Жогорку сотто 28-декабрда каралат

Azattyk.org 

Жогорку сот 30% гендердик квотага байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) арыз келип түшкөнүн "Азаттыкка" ырастады. Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, арызды кароо 28-декабрга белгиленди. Боршайком 15-декабрда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрткөн. Ага чейин маселе эки жолу талкууланып, колдоо тапкан эмес. БШК кабыл алган жобого ылайык, "Альянс" партиясынан талапкер Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча депутат болмок. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *