Сокулукта 18 гектар айдоо жер трансформацияланды
Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагындагы 18 гектар айыл чарба багытындагы жер калктуу конуштардын категориясына которулду. Бул тууралуу чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Өкмөттүн маалыматына ылайык, аталган чечим Новопавловка айыл аймагында социалдык объектилерди куруу максатында кабыл алынган. Президент Садыр Жапаров "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга буга чейин кол койгон. Жапаров 22-ноябрда... Читать дальше...