Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Новости за 13.04.2023

Быйыл айыл чарбасына 10 миллиард сомдой насыя бөлүнөт

Azattyk.org 

Быйыл мамлекеттик бюджеттен айыл чарба үчүн "Айыл банк", РСК банктары аркылуу 9 млрд. 810 млн. сом насыя 6% үстөк менен берилет. Бул сумма 11 миңдей адамга гана жетерин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев депутат Тазабек Икрамовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Төрөбаев айыл чарбасына багытталган насыянын үстөгү 6 пайыздан ашпасын, банктар анын үстүнө үстөк кошууга укуксуз экенин белгиледи. "Бизде быйыл айыл чарбасына жеңилдетилген үстөк менен бериле турган акчанын көлөмү аз. Читать дальше...

Москвада өлтүрүлгөн уландын апасы Орусиянын тергөө комитетине кайрылды

Azattyk.org 

Москва облусунун Подмосковье аймагында киши колдуу болгон 17 жаштагы кыргызстандык Анвар Кубанычбек уулунун апасы Махабат Жанышева Орусиянын Тергөө комитетине кайрылды. Ал уулунун өлүмүн кылдат иликтөөнү суранууда. Жанышева орусиялык тергөөчүлөр Анвар өлтүрүлгөн учурда анын жанында болуп токмок жеген Раатбек аттуу тууганынан арыз алуудан баш тартканын, бул иш боюнча тергөө-иликтөө иштери жүрбөй жатканын айтты. Подмосковьеде бычакталган Анвар Кубанычбек уулунун сөөгү 26-мартта Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында жерге берилген. Читать дальше...

"Азаттыктын" Финчалгын кызматына арызы Административдик сотто кайрадан каралат

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту “Азаттык Медиа" мекемесинин адвокаты Нурбек Сыдыковдун өтүнүчүн канааттандырып, Финансылык чалгын кызматына каршы буга чейинки арызды кайрадан кароо үчүн Бишкектин Административдик сотуна жөнөттү. Мындай чечимди Болот Сатыбалдиев төрагалык кылган шаардык соттун коллегиясы 13-апрелде кабыл алды. Шаардык сот Административдик соттун "Азаттык Медиа" мекемесинин арызы боюнча ишти кыскартканын негизсиз деп тапты. Буга чейин "Азаттыктын" адвокаттары Финчалгын кызматынын былтыр октябрь... Читать дальше...

"Баары кымбат, сүт арзан". Таластагы нааразылык

Azattyk.org 

Таласта акыркы 10 күндөн бери мал баккандар сүтүн заводго өткөрүүнү токтотушту. Буга сүттүн баасынын төмөндөшү себеп болгон. Сүттү кайра иштетүүчү заводдун өкүлдөрү дүйнөлүк рынокто сүттүн баасы түшүп кеткенин айтууда. Бүгүн, 13-апрелде жүздөн ашык тургун Талас облустук администрациясынын алдына чогулду. Алар президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, сүттү арзан алып жаткан айрым заводдорду жабууну талап кылышты.

Ирактын абактарында 41 кыргызстандык кармалып турат

Azattyk.org 

Тышкы иштер министрлигинин 13-апрелде маалымдаганы боюнча, ушул тапта Ирактын абактарында кыргызстандык 41 жаран "Ирактын аймагындагы террордук ишмердүүлүгү үчүн" соттолуп, кармалып турат. 28-февралда Ирактан жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн эки кыргызстандык жаран алып келинген. 2021-жылы 16-мартта "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен кыргызстандык жарандардын 3-18 жаштагы 79 баласын кайтарылган. Быйыл 16-февралда "Айкөл" миссиясы аркылуу Сириядан 18 аял жана 41 бала алып келинген. Читать дальше...

Таласта сүттүн баасын көтөрүү талабы менен нааразылык акциясы өтүп жатат

Azattyk.org 

Бүгүн, 13-апрелде жүздөн ашык тургун Талас облустук администрациясынын алдына чогулду. Алар президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, сүттү арзан алып жаткан айрым заводдорду жабууну талап кылышты. Нааразылыгын билдирип чогулгандар менен Монополияны жөнгө салуу агенттигинин Таластагы өкүлү Нуржан Аманкулов жолугуп, облустук администрациянын жыйындар залына кирип сүйлөшүүгө чакырды. Чогулгандар анын сунушуна макул болбой, маселе чечилмейинче, кетпей турганын айтышууда. Читать дальше...

Чаткал -Ташкент жолу курулат

Azattyk.org 

Кыргызстандын Чаткал району менен Өзбекстандын борбору - Ташкент шаарын бириктирүүчү жолдун курулушу бир ай аралыгында башталат. Бул тууралуу Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда, жаңы каттамдагы жолду куруу үчүн долбоор чийилип жатат. "Чаткал-Ташкент жолунун Беш-Арал коругунун аймагынан өтүүчү багыты өзгөрүлдү. Азыркы тапта жолдун долбоору чийилип жатат. Жол куруу боюнча инвестор бар", - деди аким. Сенирбаевдин айтуусунда инвестор Кыргызстанга тиешелүү 70 чакырым жолду курат... Читать дальше...

"Кыргыз жашоосун минимализмге сыйдырган". Белек Кошоевдин мурасы

Azattyk.org 

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 1970-жылдары кыргыз сүрөт өнөрүнө жаңы көз караш менен келип, жаңылык жараткан сүрөтчү, графист Белек Кошоевдин көргөзмөсү өтүп жатат. Анда 35 жашында дүйнөдөн өткөн сүрөтчүнүн кыргыз элинин кулк-мүнөзүн, жашоо-турмушун, каада-салтын чагылдырган ондогон эмгек коюлду. Соңку кезде сүрөтчүнүн чыгармачылыгы Батыштагы искусство таануучулардын кызыгуусун жаратып жатат.

Мырза-Аке-Кара-Кулжа жолундагы кар көчкү тазаланды

Azattyk.org 

Ош облусунундагы Мырза-Аке - Кара-Кулжа автоунаа жолуна түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланып, 13-апрелде, саат 04:00тө ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Ош облустук башкармалыгынан "Азаттык" радиосуна маалымдашты. Маалыматка ылайык, 12-апрелде саат 17:00 чамасында аталган жолго 1700 метр кубдан ашуун көлөмдөгү кар көчкү түшүп, он чакты автоунаа элүүдөй жүргүнчүсү менен өтө албай калган. Учурда бардык автоунаалар көздөгөн багытына кетишти. ӨКМ акыркы күндөрү... Читать дальше...

Бишкек шаардык соту “Азаттыктын” Финчалгын кызматына каршы арызын карап жатат

Azattyk.org 

Бүгүн, 13-апрелде Бишкек шаардык соту “Азаттык Медиа" мекемесинин Финансылык чалгын кызматына каршы арызын карап жатат. Анда “Азаттыктын” адвокаттары Финчалгын кызматынын былтыр октябрь айында радиону "Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын" тизмесине киргизилишин жана “Демирбанктагы” банк эсеби бөгөттөлөшүн мыйзамсыз деп табууну өтүнүүдө. Буга чейин бул арызды караган Бишкектин Административдик соту адвокаттын арызын канааттандырбай, ишти кыскартып салган. Читать дальше...

Казакстан менен Кытай визасыз режим киргизүүнү көздөөдө

Azattyk.org 

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги өкмөттүн "Казакстан жана Кытайдын ортосундагы виза талаптарынан бошотуу жөнүндөгү келишимге кол коюу" тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Мыйзам долбоору коомчулук талкуусунда 26-апрелге чейин болот. Келишимге эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери быйыл, 18-19-майда, казак президенти Касым-Жомарт Токаев Кытайга мамлекеттик визит менен барганда кол коюшу пландалууда. Келишимге ылайык, казакстандыктар Кытайда, ал эми кытайлыктар Казакстанда чек арадан кирген күндөн тартып... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *