Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Новости за 14.04.2023

1-майдан тарта электр энергиясы кымбаттайт

Azattyk.org 

2023-жылдын 1-майынан тартып, 700 кВт саатка чейин колдонулган электр энергиясынын баасы 1 сом болот. Бул тууралуу токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14-апрелде кол койду. Учурдагы баа 77 тыйын. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган учурда мурунку баасы 2 сом 16 тыйын сакталат. Ал эми калктын аярлуу катмары үчүн 700 кВт саатка чейин мурдагы 50 тыйын бойдон калат. Токтомдо ошондой эле калкка сунушталган "чектөөсүз" тарифи 5,04 сомдон 3 сом 28 тыйынга төмөндөтүлдү. "Тарифтерди... Читать дальше...

Улуттук банк валюта базарына 46,1 миллион доллар сатты

Azattyk.org 

Улуттук банк апрель айында алгачкы жолу 46,1 миллион долларды интервенциялады. Буга чейин 31-мартта валюта базарына 45 миллион 200 миң доллар саткан. Башкы банктын басма сөз кызматы кабарлагандай, жыл башынан бери акча базарына жети ирет АКШ доллары чыгарылып, жалпы суммасы 353 миллион 470 миң долларды түздү. 2022-жылы Улуттук банк он беш жолку интервенцияда 486 миллион доллар сатып, кайра 190 миллион доллар сатып алган. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. Читать дальше...

Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөштөн казынага 10 миллиард сом түшкөнүн айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине кезектеги маек куруп, анда коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражаттарга байланыштуу суроолорго жооп берди. Анын айтуусунда эки жарым жылдан бери коррупцияга айыпталгандар төккөн акчанын дээрлик баары мамлекеттик казынага түштү. "Жалпысынан Башкы прокуратура, УКМК, ИИМдикин баарын бириктиргенде 10 миллиард сомдон ашык болсо керек эле. Кимде ким кызыккан болсо, комиссия түзүп барып текшерип көрсүн: кимден канча акча төгүлгөн жана кайсыл күнү казынага барып түшкөн, баары ачык. Читать дальше...

Данияр Жаныкуловдун ишин облустук прокуратура текшере баштады

Azattyk.org 

Ош облустук прокуратурасы президенттин Ош облусундагы өкүлү Данияр Жаныкуловдун ишин 14-апрелде текшере баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолидинов маалымдады. Буга чейин атайын түзүлгөн комиссия Ош облусунун жетекчилигинин ишмердүүлүгүн текшерип, мыйзам бузуу фактыларын аныктаганын президенттин басма сөз кызматы билдирген. Комиссия мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен түзүлгөн. Маалыматта алар "өздөрүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы" айтылган. Читать дальше...

Садыр Жапаров: "Аю" компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өтүп жатат

Azattyk.org 

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бул тууралуу "Кабар" агенттигине курган маегинде коррупцияга каршы күрөш боюнча суроолорго жооп берип жатып билдирди. Ал "Аю" заводу "кустуруу" өнөктүгүнүн курмандыгы болду деген пикирлерди комментарийлеп, ишкана мамлекетке салыкты толук төлөбөй, жасалма акциздер менен иштеп келгенин айтты. “Аю” компаниясын 2,5 жылдан бери эркелеттик. "Мурдагы заман бүттү. Эми таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба. Спиртти контрабанда кылба, бийликтин чөнтөгүнө анча-мынча... Читать дальше...

Ош облусунун жетекчилеринин ишинде мыйзам бузуу фактылары аныкталганы кабарланды

Azattyk.org 

Атайын түзүлгөн комиссия Ош облусунун жетекчилигинин ишмердүүлүгүн текшерип, мыйзам бузуу фактыларын аныктаганын президенттин басма сөз кызматы билдирди. Комиссия мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен түзүлгөн. Маалыматта алар "өздөрүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы" айтылган. Садыр Жапаров 14-апрелде Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновду, анын орун басары Данияр Жаныкуловду жана Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоевду ээлеген кызматтарынан бошотуу жарылыгына кол койду. Читать дальше...

Президенттин Оштогу өкүлү, орун басары менен кошо Кара-Суунун акими да иштен кетти

Azattyk.org 

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов менен анын орун басары Данияр Жаныкулов экөө тең кызматтарынан алынышты. Алар менен кошо Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев да кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде облустук администрациянын кызматкерлери менен чогулуш өткөрүп жатып, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. Буга чейин президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновдун жакындары айыл чарба багытындагы жерлерди менчиктештирип... Читать дальше...

Президенттин Оштогу өкүлү болуп Элчибек Жантаев дайындалды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен анын Оштогу өкүлү болуп Элчибек Жантаев дайындалды.  Бул тууралуу бүгүн Ош администрациясындагы жыйында Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев жарыялады. Анын алдында интернетте тараган чуулуу видеодон кийин президенттин Оштогу өкүлү Зияддин Жамалдинов, анын орун басары Данияр Жаныкулов жана Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоевдин кызматтан алынганы белгилүү болгон. 50 жаштагы Элчибек Жантаев Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү... Читать дальше...

Пентагондун жашыруун маалыматтарын таратууга шек саналган киши кармалды

Azattyk.org 

Пентагондун жашыруун маалыматтарын таратууга шек саналып, Улуттук гвардиянын Массачусетс штатындагы Аскер-аба күчтөрүнүн чалгынчысы кармалды. Баштапкы маалыматтарга ылайык, ал жашыруун маалыматтарды социалдык тармактарда достору менен бөлүшкөн. Шектүүнүн камалганы тууралуу Fox News телеканалы менен The New York Times гезити кабарлады. New York Times гезитинин маалыматына караганда, ал 21 жаштагы Жэк Тейшейр болуп чыкты. Аны Steam оюн сервисиндеги профили боюнча аныкташкан. Басылмаларга чыккан... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *