Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Новости за 17.04.2023

Аба ырайы: жаан жаайт

Azattyk.org 

17-18-апрелде Кыргызстандын туруксуз аба ырайы сакталып турат. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарыны айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаайт. 18-апрелде түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге жетет. 19-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй... Читать дальше...

Ибадылла Ажибаевдин тасмасы Германиядагы эл аралык фестивалда мыкты деп табылды

Azattyk.org 

Кыргызстандык режиссер Ибадылла Ажибаевдин "Почтальон" тасмасы Германияда Grenzland-Filmtage эл аралык кинофестивалында "Мыкты даректүү фильм" номинациясын жеңип алды. Бул тууралуу фестивалдын сайтына жазылды, режиссер өзү да маалыматты "Азаттыкка" тастыктады. Фестиваль 13-16-апрелде Зельб шаарында өттү. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан көркөм, даректүү, кыска метраждуу ондогон фильмдер сунушталат. "Почтальон" тасмасында Баткен облусунун Лейлек районунда алыскы кыштактардын бириндеги почточунун эмгеги көрсөтүлгөн. Читать дальше...

Чукул кабар: дыйканчылык аймактарда үшүк жүрөт

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты. Ага ылайык, Кыргызстанда 17-18-апрель күндөрү туруксуз аба ырайы сакталып турат. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан, 18-апрелде түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. "17-18-апрелдерде жана 19-апрелде түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп... Читать дальше...

Сосновка бекетинде жеңил машиналарга дагы чектөө киргизилди

Azattyk.org 

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-Ош жолундагы Сосновка көзөмөл бекетинде 17-апрелде саат 14.30дан тартып жеңил машиналарга дагы чектөө киргизилгенин кабарлады. Буга байланыштуу кошумча маалымат аздан соң берилерин билдирди. Аталган министрлик бул бекетте дүйшөмбүдө, түнкү саат 2ден тартып жүк ташуучу машиналарга убактылуу чектөө коюлганын кабарлаган. Учурда Сосновканын жанындагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, бороон болуп жатат. "Тынымсыз жааган кар жана бороондон улам учурда убактылуу тыгындар пайда болууда. Читать дальше...

Жаңы-Өзөндөгү жарылуунун курмандыктары төрт кишиге жетти

Azattyk.org 

Казакстандын Жаңы-Өзөн калаасында газдын жарылуусунан өлгөндөрдүн саны төрт кишиге жетти. Бул тууралуу Маңгыстау облустук акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Жарылуу 17-апрелде таңга жуук эки кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде болгон. Акыркы такталган расмий маалыматка ылайык, 13 адам, анын ичинде сегиз бала жараат алды. Алардын баары уранды астынан куткарылган. Алты киши ооруканага жаткырылган. Баштапкы божомолдорго караганда, газ баллону жарылган болушу ыктымал. Жеринде мекемелер аралык комиссия иштеп жатканын... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: Али Шабдандын абактагы мөөнөтү эки айга узартылды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-апрелде Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган блогер Али Шабдандын бөгөт чарасын карап, аны 20-июнга чейин абакта калтырды. Али Шабдан "Азаттыкка" комментарий берип жатып, тергөөдө эки жолу сурак бергенин айтып, коюлган айыптарды негизсиз деп эсептерин белгиледи. Мунун алдында райондук сот укук коргоочу Рита Карасартованын адвокаты ооруп калгандыктан, анын бөгөт чарасын кароону 18-апрелге жылдырган. 12-апрелде Кемпир-Абад иши боюнча кармалып... Читать дальше...

Судандагы кагылышта 100гө жакын адам каза тапты

Azattyk.org 

Суданда армия менен “Ыкчам колдоо күчтөрү" тобунун ортосундагы куралдуу кармаш үчүнчү күн катары менен уланууда. Кагылышууда 100дөй адам өлүп, миңден ашууну жараат алганын BBC радиосу 17-апрелде кабарлады. Reuters агенттиги 83 киши каза болгонун жазды. Судандагы куралдуу кармаштан Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын үч кызматкери каза таап, экөө жараат алды. Мындан улам Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Судандагы гуманитардык ишин убактылуу токтотуп жатканын, уюмдун... Читать дальше...

Ошто дагы үч окуучу атырга ууланды

Azattyk.org 

14-апрелде Ош шаарындагы №8 мектеп гимназиясынын 6-классынын үч окуучусу атырга ууланып, ооруканага түшкөн. Бул тууралуу гимназиянын директору Зулфия Кадырова "Азаттыкка" ырастады. Окуя түштөн кийин болгон. Мектепке "Тез жардам" келип, окуучуларды Ош облустук балдар ооруканасына жеткирген. Ооруканадан үч окуучу ууланып келгенин ырасташты. Уулангандардын баары кыздар. Мектеп директору Кадырованын айтымында, окуучулар өздөрү колдонуп жүргөн атырды сээп, ойноп жатканда ууланышы мүмкүн.  Окуучулардын бири жандандыруу бөлүмүнө жаткырылса... Читать дальше...



Бороондон улам Барскоон-Ак-Шыйрак жолу убактылуу жабылды

Azattyk.org 

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ысык-Көл облусундагы Сөөк ашуусунда тынымсыз жааган кар жана катуу бороондон улам Барскоон-Ак-Шыйрак жолу убактылуу жабылганын билдирди. "Бороон басылары менен тазалоо иштери башталып, кошумча маалымат берилерин" кабарлады. Мунун алдында министрлик 17-апрелде өлкөнүн айрым жолдорунда кар, кар аралаш жамгыр жаап, бороон уруп жатканын билдирген. Мындан улам, дүйшөмбүдө түнкү саат 2ден тартып Сосновка көзөмөл бекетинде оор жүк ташыган машинелерге убактылуу чектөө киргизилгенин маалымдаган. Читать дальше...

Улуттук банк Баткендин тургундарына жеңилдетилген насыя берүүнүн мөөнөтүн узартууну сунуштады

Azattyk.org 

Улуттук банк Баткен облусунун тургундарына насыя берүүнүн жол-жобосун жеңилдетүү мөөнөтүн узартууну сунуштады. Токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлганы 14-апрелде белгилүү болду. Маалыматта долбоор былтыр 18-ноябрда “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен облусундагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу” токтомдун мөөнөтүн узартуу зарылдыгына байланыштуу иштелип чыкканы айтылат. Токтом долбоору коммерциялык банктар жана микрофинансылык... Читать дальше...

Демократия баалуулуктары: президенттерди тактан кулаткан шайлоолор

Azattyk.org 

Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшырып бергенден кийин Бишкектин Ленин районундагы шайлоо 28-майга белгиленди. Жарандардын шайлоого катышуусу - демократиялык саясий түзүлүштүн маанилүү негиздеринин бири. Ал эми таза, атаандаштык негизде, ачык өткөн шайлоо эл арасындагы татыктуу, күчтүү, алдыңкы адамдардын жана саясий партиялардын мамлекет башына келишине шарт түзөт. Шайлоолордун Кыргызстандагы мааниси жана анын саясатта, эл турмушундагы орду кандай? Кыргыз кыртышындагы шайлоо өзгөчөлүктөрү... Читать дальше...

Сосновка бекетинде жүк ташыган машиналарга убактылуу чектөө кирди

Azattyk.org 

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 17-апрелде өлкөнүн айрым жолдорунда кар, кар аралаш жамгыр жаап, бороон болуп жатканын билдирди. Мындан улам, дүйшөмбүдө түнкү саат 2ден тартып Сосновка көзөмөл бекетинде оор жүк ташыган машиналарга убактылуу чектөө киргизилгенин маалымдады. "Министрликке караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлгө алып, жолдорду кардан тазалап жатат. Бишкек-Ош жолунун 124-134-чакырым жана 209-230-чакырым аралыктарында бороондон пайда болгон кар күрткүлөр тазаланып... Читать дальше...

Акылбек Жапаров Маркелов менен газдаштыруу маселесин сүйлөштү

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 17-апрелде орусиялык “Газпром” ишканасынын төрагасынын орун басары Виталий Маркелов менен жолукту. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда тараптар өз ара кызматташууну, 2030-жылга чейин Кыргызстанды газ менен камсыздоо жана газдаштыруунун башкы схемасынын алкагындагы мындан аркы чараларды талкуулады. Мындан сырткары, тараптар газ менен камсыздоо маселелери жөнүндө күз-кыш мезгилинин жыйынтыгы тууралуу пикир алышты. "Акылбек Жапаров “Газпромдун”... Читать дальше...

ИИМ соцтармакта кылмыш жөнүндө жалган маалымат таратпоого чакырды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) социалдык тармактарда тарап жаткан, өспүрүм кыздын сабалганы тартылган видеого байланыштуу комментарий берди. Анда бул окуя Кыргызстанда эмес, башка мамлекетте болгону белгиленген. "Акыркы мезгилде социалдык тармактарда жарандардын кылмыштары жөнүндө жалган маалымат тараткан учурлар көбөйүүдө. Тактап айтканда, социалдык тармактарда тараган видеодо жаш кыздын сабалып жатканы кызуу талкууга алынып, ар кандай пикир жаратууда. Жогорудагы окуя биздин өлкөдө эмес, башка мамлекеттин аймагында катталып... Читать дальше...

Ашыкча жүгү бар машиналарга бир күндө 546 миң сом айып пул салынды

Azattyk.org 

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев 15-мартта кан жолдордогу салмак-габариттик көзөмөл бекеттерин күтүүсүз текшерди. Бул тууралуу министр Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал Бишкек-Ош жолундагы Жаңы-Арык бекетинде айдоочулар таразадан өтүүдөн качып жасалма тыгын уюштурганын, тартип бузгандарга мыйзам чегинде чара көрүлгөнүн билдирди. "Бир күндө бир эле салмак-габаритти көзөмөлдөө бекетинен жолдорду талкалоого себеп болгон жүк ташуучу машиналардын ээлерине 546 324 миң сом айып пул салынды. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *