Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Новости за 19.04.2023

Мээнеттин акыбети: Азияны багындырган балбандар

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбандар Азия чемпионатында беш алтын, үч күмүш жана алты коло байге утушту. Эркин күрөштөн Азия чемпиону Тайырбек Жумашбек уулу жана жана кыз-келиндер күрөшүнөн Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси Калмира Билимбек кызы, Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Бекбоев "Азаттыкка" маек курду.

УКМК 84 килограмм алтын алып келүү фактысы аныкталганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 17-апрелде чек арадагы “Ак-Жол” бекетинде 84 килограммга жакын, баасы болжол менен 300 миллион сомдон ашык деп бааланган алтын кармалганын билдирди. Ага ылайык, алтын Чүй облусундагы ири алтын казуучу компаниялардын бирин көздөй бараткан, тиешелүү документтери жок “JAC” үлгүсүндөгү машинада болгон. УКМК бул компания тууралуу маалымат берген жок. "Учурда иликтеп-териштирүүнүн алкагында Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын адистерин тартуу... Читать дальше...

Быйыл Венгрияга 2 миң кыргыз жараны жумушка жөнөтүлөт

Azattyk.org 

Быйыл Венгрия 2 миң кыргыз жаранын жумуш менен камсыздай турганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 19-апрелде билдирди. Маалыматка ылайык, 18-апрелде Кыргызстандын Венриядагы элчилиги менен Венгриянын Тышкы иштер министрлиги Будапештте эмгек рыногу жана иш менен камсыз кылуу боюнча кыргыз-венгр форумун өткөргөн. Ага Кыргызстандан 25тен ашык жана Венгриядан 30дай жумушка орноштуруу агенттиктеринин өкүлдөрү катышкан. Аларга Кыргызстан Венгриянын жумушка орноштуруунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби бар өлкөлөрдүн катарына киргени айтылып... Читать дальше...

Өкмөттө Орусияга балык, эт жана сүт экспортун көбөйтүү талкууланды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Бакыт Төрөбаев 19-апрелде Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) талаптарына ылайык Кыргызстандын азык-түлүк продукцияларын экспорттоо маселеси тууралуу  жыйын өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда Төрөбаев тийиштүү мекеме-министрликтин башчыларына Орусияга балык, тоок этин жана сүт азыктарынын экспортун көбөйтүү  үчүн бардык шарттарды түзүүнү тапшырды. “Экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгүн түзүү жана негизи эле экспорттун көлөмүн жогорулатуу өкмөттүн негизги багыттарынын бири. Читать дальше...

Мамлекеттик өнүктүрүү банкына Улан Сарбанов жетекчи болду

Azattyk.org 

Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жаңы жетекчи болуп Улан Сарбанов бекитилди. Мындай чечим банктын директорлор кеңешинин 18-апрелдеги жыйынында кабыл алынганын Мамлекеттик мүлк фондунун директорунун орун басары Медер Машиев “Азаттыкка” билдирди. Сарбанов буга чейин Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп иштеп келген. 1992-жылдан баштап Улуттук банкта ар кайсы кызматтарды аркалаган. 1998-жылдан 2006-жылга чейин Улуттук банктын төрагасы болуп эмгектенген. ... Читать дальше...

"Улуу мурас" аталышындагы хрестоматиялык жыйнак жарык көрдү

Azattyk.org 

“Улуу мурас” аталышындагы хрестоматиялык жыйнак жарык көрүп, 18-апрелде Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада бет ачары өттү. Аталган жыйнакка буга чейин нотага түшпөгөн айтыш, жоктоо, терме, санат-насыят, казал жана көлөмдүү ашыктык, арман ырлары кирген. Чыгармалар нота, текст жана QR-коду менен басылып чыкты. Хрестоматиялык китеп "Дастанчы" коомдук фондунун жетекчилиги астында эл аралык "Кристенсен" уюмунун демөөрчүлүгү менен жарык көргөн. Түзүүчүлөр -  белгилүү дастанчылар Өмүрзак Кайыпов, Самат Көчөрбаев. Читать дальше...

Парламентте Ширшовдун аты аталган жаңы схемалар тууралуу айтылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев Санарип өнүктүрүү министрлигинде Алексей Ширшовдун аты аталган айрым каржылык схемалар тууралуу маселе көтөрдү. Ал буга байланыштуу Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовго кайрылып, жагдайга көңүл бурулушу керектигин эскертти. "Сиздер Санарип өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Ширшов деген атактуу киши көмүскө башкарып жаткан ишканаларды карашыңар керек. Бул министрликтин алдында "Евразия сактык банкы" бар. Читать дальше...

Таластагы Кара-Буура району Айтматов болуп өзгөрдү

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров айрым аймак-айылдардын аталышын өзгөртүү тууралуу мыйзамга кол койду. Ага ылайык, Талас облусундагы Кара-Буура району Айтматов болуп алмашты. Аталган райондогу Чымгент айылы Чолпонбай болуп өзгөрдү. Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагынын аталышы Ормон-Хан болду. Оштун Ноокатындагы Борбаш айылы мындан ары Кайрагач деп аталат. Өткөн жылдын октябрь айында Министрлер кабинети айрым райондор менен айылдардын аталышын өзгөртүп, өлкөнүн белгилүү инсандарынын... Читать дальше...

Эркечтам бекети: ЖКда айдоочулардын тыгыны жөнүндө маселе көтөрүлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында депутат Айбек Осмонов кыргыз бажычыларынын айынан Ош облусундагы Эркечтам бекетинде кытай тарапта жүздөгөн кыргызстандык айдоочу узун кезекте турганын билдирди. Ал президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмаcбек Абытовго кайрылып, бул маселе чукул чечилиши керектигин айтты. "Биздин Кытайга каттаган айдоочулар жүздөгөн машина менен кезекте турат. Алар Кытай куруп берген Майдан деген жерде Кыргызстанга өтө албай турат. Себеби ошол жерде биздин бажычылардын таразасы иштебейт экен. Читать дальше...

Афтандил Жоробеков: Мени сынга чыдабай камашкан

Azattyk.org 

Жарандык активист Афтандил Жоробеков менен “Укугум бар” подкастында абакта жаткан күндөрү, сөз эркиндиги, жарандык позициясы тууралуу маектештик. – Афтандил мырза, сиз 26-мартта милицияга сурак берип чыктыңыз. Тергөөнүн мазмуну тууралуу ачык айтпоого кол коюп бергениңизди өзүңүз билдиргенсиз. Сиздин башыңыздан мындай окуя 2019-жылы да өткөн эле. Мен азыр сизден ошол күндөр тууралуу сурагым келет. Камакка алууга себеп болгон жагдайларды өз оозуңуздан уксак. - 2019-жылы мени “Расалык, этностук... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *