Бишкекте окуучулар жабыркаган жол кырсыгы боюнча тергөө жүрүүдө
Бишкектен "Манас" аэропортун көздөй бараткан жолдогу жол кырсыгы боюнча Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тергөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков 24-апрелде “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кырсыкка кабылган эки унаа тең убактылуу токтотуучу жайга киргизилген. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу”) менен кылмыш иши козголгон. Читать дальше...