Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Новости за 26.04.2023

Өзбекстан Орусиядан 300 миң тонна мунай сатып алат

Azattyk.org 

Өзбекстандын Энергетика министрлиги Орусиянын "Газпромнефть" ишканасы менен 2023-жылы 300 миң тонна мунай импорттоо боюнча макулдашты. Бул тууралуу министрликтин өкүлү Адхамжон Убайдуллаев "Иннопром. Борбор Азия" көргөзмөсүндө билдиргенин "Газета.уз" басылмасы жазды. Аталган үч күндүк көргөзмөгө Орусиянын, Өзбекстандын жана башка КМШ өлкөлөрүнүн 300дөн ашык компаниясы катышууда. Өткөн жылы декабрда Өзбекстан менен Казакстан 2023-жылы 300 миң тонна казак мунайын, Казакстан аркылуу дагы ушунча... Читать дальше...

Июнь окуясы: Абдуллаева Жалал-Абаддагы изоляторго камалды

Azattyk.org 

Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы 2010-жылкы Июнь коогасына шектүү Карамат Абдуллаева кайдан кармалганы боюнча комментарий берди. Облустук милициянын маалыматына караганда, 13 жылдан бери издөөдө жүргөн Абдуллаева 22-апрелде Өзбекстандан Кыргызстанга кирип жатканда кармалган. “Кармоо бир топ күч-аракеттерди талап кылды. 24-апрелде Ал Жалал-Абад облусундагы аялдарды жана балдарды кармоо изоляторуна жиберилди”, - деди Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков. Карамат Абдуллаева... Читать дальше...

Эрдоган кыргызстандык куткаруучуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Azattyk.org 

25-апрелде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкара шаарында Түркиядагы жер титирөөдөн кийин куткаруу иштерине жардам берген чет өлкөлүк издөө-куткаруу топторуна жана дипломаттарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) министрликтин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүнов Түркиянын Мамлекеттик медалын ал эми Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакпаев Ардак грамота алганын билдирди. Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахраманмараш жана... Читать дальше...

Жогорку Кеңештин 26-апрелдеги жыйыны болбой калды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 26-апрелдеги жалпы жыйыны болбой калды. Парламенттин басма сөз кызматы муну күн тартибине киргизилген мыйзам долбоорлорунун авторлору жүйөлүү себептерден улам жыйынга катыша албаганы менен байланыштырды.  Ушундан улам 26-апрелде каралчу маселелер 27-апрелде өтө турган жыйындын күн тартибине бириктирилди. 27-апрелде биринчи ар кандай маселелер болот. Андан кийин 10 мыйзам долбоору каралат. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана айрым депутаттар ушул күндөрү Орусияда расмий иш сапары менен жүрөт. Читать дальше...

Элеттик кыздарга өнөр үйрөткөн Айтурган

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарынын 26 жаштагы тургуну Айтурган Кочкорова "Резин Арт" технологиясын үйрөнүп, түркүн буюмдарды жасап сатат. Анын кол эмгегинен чыккан буюмдарга кызыгып, Москвадан бери буюртма бергендер бар. Чайырдан же эл арасында айтылгандай смоладан буюм жасоого кызыккандарга сабак өтө баштады.

“Кумтөр Оперейтинг” компаниясынын 100% акциясы мамлекетке өтөт

Azattyk.org 

“Кумтөр Оперейтинг компани” жабык акционердик компаниясынын 100% акциясы мамлекеттин менчигине өтөт. Мындай чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы 25-апрелде кабарлады. Маалыматка ылайык, өкмөт бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда жана алардын долбоордук компаниясы “Кумтөр Оперейтинг Компани” болот. Ушундан улам ишкананын акцияларына мамлекеттин ээлик кылуу зарылчылыгы келип чыкканы айтылат. Ошентип, өкмөттүн чечими менен Мамлекеттик... Читать дальше...

Манасбек Самидинов кайрадан “Манас” аэропортунун жетекчиси болду

Azattyk.org 

25-апрелде “Манас” эл аралык аэропортунун директорлор кеңешинин отурумунда Манасбек Самидинов кайрадан аэропорттун директору болуп шайланды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Ушул эле күнү директорлор кеңеши компаниянын Башкармалыгынын мүчөлөрүн шайлап ага Мирлан Кубаталиев, Адилет Малдыбаев, Алтынбек Мамбетов, Талгат Жапаров кирди. Ал эми директорлор кеңешинин курамына Талант Жаманаков, Мирлан Коңурбаев, Чыңгыз Эркинбаев, Ренат Түлебердиев жана Элзар Жунушбаев кирди. Манасбек... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *