Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Новости за 28.04.2023

Кемпир-Абадды коргоо комитети "Азаттыкка" чыккан соттун чечимин айыптады

Azattyk.org 

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин абактагы мүчөлөрү соттун “Азаттык” медиа мекемесинин ишмердигин токтотуу боюнча чечимин айыптаган билдирүү таратышты. 28-апрелде чыккан билдирүүдө “Азаттык” радиосу дүйнө жүзүнө 70 жылдан бери так маалыматты таратып келатканы, советтик тоталитардык системанын жана андан кийинки авторитардык режимдин учурунда да медиа өзүнун миссиясынан баш тартпаганы айтылган. “Азыркы өкмөттүн эркиндикке басым кылганы - элдин маалымат алууга болгон укугуна, эркин массалык маалымат... Читать дальше...

Кадамжайда күмбөздөн табылган китептер

Azattyk.org 

Кадамжай районунун Пум айылында мындан 10 жыл мурда XVI, XVII кылымдарга таандык делген китептер, жазуулар табылган. Бирок алар адистер тарабынан иликтенбей эле элдин колунда калган. Алардын арасында 1830-жылдарда ажылык сапарга барган молдонун ырастамасы, ошол эле жүз жылдыктагы сатып алынган буюмдун дүмүрчөгү сыяктуу иш кагаздары да бар. Тарыхый мурастар минтип адистердин кароосунан өтпөй, музейлерге жетпей жатышын мыйзамдык талаптар, атайын шарттар жетишсиздигинен дешет тарыхчылар.

Шойгу Борбор Азиядагы базалардын күжүрмөн даярдыгы күчөтүлөрүн айтты

Azattyk.org 

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базалардын күжүрмөн даярдыгы күчөтүлөрүн айтты. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазды. Ага ылайык, Шойгу бул кадамдарды АКШ жана анын өнөктөштөрү Борбор Азияда аскердик таасирин калыбына келтирүүгө аракет жасап жатканы менен байланыштырган. Шойгу бул билдирүүнү Нью-Делиде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жолугушуусунда айткан. "АКШ жана анын өнөктөштөрү террорчулукка... Читать дальше...

Улуттук банк банкноттордун жаңы үлгүлөрүн жарыялады

Azattyk.org 

Улуттук банк 10-майдан тарта 200, 500 жана 1000 сомдук улуттук валютанын жаңы үлгүлөрүн чыгара турганын билдирди. Кыргызстандын улуттук валютасынын 30 жылдыгына карата чыгарылган банкноттордун жаңы үлгүлөрүндө биринчи чыккан акча бирдигиндеги элементтер жана заманбап коргоо белгилери камтылган. “Акча бирдигинин мурдагы үлгүсүнө чагылдырылган Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастары жана искусство, маданият өкүлдөрүнүн сүрөттөрү ошол бойдон калды. Көлөмү жана негизги түсү да өзгөргөн жок”, - деп айтылат башкы банктын жарыясында. Читать дальше...

Темир үйдө дарт менен алышкан жазуучу

Azattyk.org 

Белгилүү кыргыз-тажик жазуучусу, котормочу жана публицист Мирзохалим Каримов учурда бир нече дарт менен алышып, оор абалда. Анын мындай жагдайга дуушар болушуна үч жылдан бери шарты жок темир павильондо жашаганы себеп болгон.

ЖК: президенттин Оштогу өкүлү кандай жагдайда иштен кеткени айтылды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-апрелде Жогорку Кеңеште кызматтан алынган министрлер, жогорку кызмат адамдары тууралуу комментарий берди. Ал "Ата-Журт Кыргызстан" фракция менен "Мекенчил" депутаттык тобунун кошмо жыйынында мүмкүнчүлүк берилгенине карабай ишин жөндөй албагандар жумуштан алынып жатканын айтты. Буга байланыштуу ал жакында эле кызматтан кетирилген президенттин Ош облусундагы өкүлүн мисал кылды. "Ар бир программада сапаттык жана сандык көрсөткүчтөр турат. Жеке милдети толугу менен бекитилген. Читать дальше...

Садыр Жапаров чек ара кагыштарында мерт болгондорду эскерип кайрылуу жолдоду

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштарда курман болгондорду эскерип кайрылуу жолдоду. Анда өлкө 2021-жылдын апрель айында, андан кийин 2022-жылдын сентябрь айында соңку тарыхындагы оор сыноолорду башынан кечиргени айтылат. Мындай окуялардын кайталанбашы, эгемен өлкөнүн бүтүндүгү жана калктын бакубат жашоосу үчүн болгон мүмкүнчүлүк жумшалары белгиленген.  "Тилекке каршы, бул каргашалуу окуяларда 99 жараныбыз курман болуп, орду толгус оор жоготууларга учурадык... Читать дальше...

Amnesty International: “Азаттыкты” жабуу чечими сөз эркиндигине олуттуу сокку

Azattyk.org 

Эл аралык Amnesty International (AI) уюму Кыргызстандын бийлигин “Азаттык Медиа” мекемесин соттун чечими менен жабуу аракетинен баш тартууга чакырды. Уюм журналисттерди жана бийликке сын айткандарды куугунтуктоону токтотууга үндөп, сөз эркиндиги сакталышы керектигин билдирди. Amnesty International (AI) уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча башкы директору Мари Стразерс “Настоящее время” телеканалына кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш боюнча чыккан видео “Азаттыкты” жабууга шылтоо болгонун айтты. Читать дальше...

Жарандарыбыздын азаттыгынан күдөр үзбөйлү

Azattyk.org 

Учурда “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги бюросун – “Азаттык Медиа” мекемесин жабуу үчүн аракеттер жүрүүдө. Негизи, “Азаттык” үналгысын эч ким жаба албайт. Маселе – жарандарыбыздын жалпы укуктары одоно тебелене баштагандыгында. Тарыхчынын блогу.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *