Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

ӨКМге, Саламаттык сактоо министрлигине жаңы техника тапшырылды

0
ӨКМге, Саламаттык сактоо министрлигине жаңы техника тапшырылды

Президент Садыр Жапаров 1-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) өрт өчүрүүчү 100 техниканы тапшырды.

Анын 85и өрт өчүрүүчү автоунаалар. Куткаруучу 10 машине, өрткө каршы үгүт иштерине колдонуучу эки автобус, 50 метрлик үч автошаты жана 10 куткаруу жаздыгы, тик учакка илинүүчү 2-3,5 тонналык беш суу челеги бар. Алар өлкөнүн бардык аймактарына бөлүштүрүлүп берилет.

Президенттин басма сөз кызматы техника буга чейин Садыр Жапаровдун Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен сүйлөшүүлөрүнүн негизинде грант катары алынганын билдирди.

Мындан тышкары президент Бишкек шаарынын мэриясы бюджеттин эсебинен сатып алган 120 автобусту көрдү. Жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустар газ менен жүрөт.

“Жакынкы эки жылда кошумча 1,5 миң автобус алынып, ошону менен шаардын керектөөсүн толук камсыздайт. Өлкөнүн визиттик картасы болгон борбор калаабыздын келбетин жакшыртуу иштери дагы улантылат, үстүбүздөгү жылдын 1-кварталынын соңуна чейин дагы 64 даана техника сатып алабыз деп турабыз”, - деди президент.

Саламаттыкты сактоо министрлигине да 33 "Тез жардам" автоунаалары берилди. Президенттин басма сөз кызматы жакында Орусиядан 20 миллиондой долларга 40 өрт өчүрүүчү техника жана Ми-8 тик учагы алынарын билдирди. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *