Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Новости за 11.02.2023

Түркия: уранды алдында калган кыргыз жаранынын сөөгү табылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын бир жараны уранды алдында каза болгонун Түркиядагы элчи Руслан Казакбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. "2023-жылдын 6-февралында Түркияда болгон табигый кырсыктын кесепетинен Хатай шаарында 1986-жылы туулган Б.М. аттуу жараныбыз каза болгондугу тууралуу маалымат, бүгүн ырасталганын терең өкүнүч жана кайгыруу менен билдирем. Маркумдун тек-жайы жакындары тарабынан такталды. Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулдугунун кызматкерлери ушул убакка чейин кыйраган көп кабаттуу... Читать дальше...

"Байлар байдай төлөсүн". Өкмөт салыктан качпоого чакырды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров элди салык төлөөнү үйрөнүүгө чакырып, салыктар кайра эле жакшы иштерге - айлык, социалдык төлөмдөргө кетерин айтты. Өкмөт акыркы эки жылдан бери салык саясатын жакшыртып, бул тармакта реформа кылып жатканын билдирип келет. Кыргызстанда салык төлөө маданияты кандай жана ишкерлер менен эл эмне үчүн салыктан качат? Өкмөт: салык ашыгы менен жыйналды 9-февралда Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарды. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып... Читать дальше...

Лайли Үкүбаева: Түрмөдөгү атама алты жашымда баргам

Azattyk.org 

Репрессия курмандыгы, Талас облусундагы Буденный райкомпартиясынын биринчи секретары Үкүбай Турумов филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаеванын атасы болгон. Партиялык кызматкер, 1948-1956-жылдар аралыгында жалган жалаага кабылып, катуу режимде Казакстанда жаза өтөгөн атасынын тагдыры, бала чакта өзү күбө болгон окуялар тууралуу айтып берди.

"Жарыяга ишенип, 30 миң сомдон кол жуудум"

Azattyk.org 

“Азаттык” радиосунун “Эл үнү” берүүсүнө “Адал акча таап берем” дегендерге алданган Султан, тааныш аялга өз атынан насыя алып берип банкка карыз болгон Гүлшан жана милициянын ишине нааразы ардагер Кыдырбек Энкебаев кайрылды. Бишкек шаарынын тургуну Гүлшан Залкарбек кызы “Азаттык” радиосунун “Эл үнү” берүүсүнө кайрылып, 2019-жылы тааныш аял анын жана сиңдисинин атынан насыя алдыртканын, бирок аны ушул кезге чейин төлөбөй качып жүргөнүн айтып кайрылды. Гүлшан учурда качып жүргөн аялдын күйөөсү кепил болгонун (поручитель) билдирди. Читать дальше...

Түркияда кыргыз куткаруучулары тапкан өспүрүмдүн абалы жакшы

Azattyk.org 

Кыргызстандык куткаруучулар 11-февралда таңга маал Кахраманмараш шаарында уранды арасынан алып чыккан 16 жаштагы өспүрүмдүн абалы жакшы, оор жаракат алган эмес. Камил аттуу бул бала ошол кыйраган үйдүн 5-кабатында жашаган. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазды жана орусиялык, жергиликтүү куткаруучулар дагы катышканын билдиришти. CNNTürk телеканалы куткаруучулардын зилзаладан 119 сааттан кийин тирүү калган өспүрүмдү алып чыккан учурду түз эфирде чагылдырып турду. Кыргызстан жер титирөөнүн алгачкы... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасы: Баткенде эки өлкөнүн район башчылары жолукту

Azattyk.org 

Бүгүн, 11-февралда Баткен облусуна караштуу Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Тумба аймагында Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баштаган делегация Тажикстандын Исфара районунун башчысы Баховадин Баходурзода жетектеген топ менен жолукту. Анда тараптар чек арадагы коопсуздук, укуктук тартип, суу, жазгы талаа иштерине байланыштуу маселелерди талкуулады. Жаз алды арык-каналдарды тазалоодо алдын ала макулдашууну сүйлөштү. "Жолугушууда тараптар жазгы талаа иштерин ийгиликтүү, тынч өткөрүү максатында суу... Читать дальше...

Өзбекстан: дарыканаларды тескеген агенттиктин башчысы камалды

Azattyk.org 

Өзбекстанда Саламаттык сактоо министрлигине карашуу Фармацевтикалык тармакты өнүктүрүү агенттигинин башчысы дагы бир канча шериги менен кармалды. Коррупцияга каршы күрөш агенттиги алар жөтөлгө каршы "Док-1 Макс" жана "Амбронол" дарылары балдар өлүмүнө алып келген фактыларды иликтөөнүн алкагында камалганын кабарлады. "Иликтөөнүн жүрүшүндө каржылык бир топ ката кеткени, мамлекеттин акчасын сарптоодо эреже-талаптар сакталбаган учурлар болгону аныкталып, кылмыш иши козголду",-деп айтылат маалыматта. Читать дальше...

Кыргызстан Түркияга дарыгерлер тобун жөнөтөт

Azattyk.org 

Кыргызстан катуу жер титирөөдөн жабыр тарткан Түркияга дарыгерлер тобун жөнөтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Ага ылайык, нейрохирург, травматолог, реаниматолог-анестезиолог, кан-тамыр хирургу өңдүү адистерден куралган бригада Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кахраманмараш шаарындагы мобилдик госпиталында иштейт. Ошондой эле врачтар керектүү дары-дармектерди, шаймандарды өздөрү менен кошо ала барат. Министрлик дары-дармек, медициналык буюм-тайымдардын турган гуманитардык жардам жөнөтүлөрүн... Читать дальше...



Кызын урган келиндин камалышы: абак көйгөйдү чечпейт

Azattyk.org 

Эки жашар кызын сабап жатканын видеого тартып, күйөөсүнө жөнөткөн келин бир айга камакка алынды. Бул окуя балдар укуктары темасын күн тартибине чыгарды. "Эже-сиңдилерде" бул ирет ушул тууралуу сөз кылабыз.

Сирия: ыктыярчылар куткарган кыздар

Azattyk.org 

Сирияда зилзалада кыйраган үйдүн урандысын кол менен тазалаган ыктыярчылар эки секелек кызды куткарып алышты. Идлиб шаарында үй-жайсыз калгандар "Хайат Тахрир аш-Шам" жихаддык тобу уюштурган чатырларда баш калкалап турат. 6-февралда Түркия жана Сириянын чектеш аймагында болгон жер титирөө 20 миңден ашуун адамдын өмүрүн алды.

Ошто опузалап акча талап кылууга шек саналып спортчулар кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Ош шаарында опузалап акча талап кылууга шек саналып таймаштын аралаш түрлөрү (ММА) менен  алектенген үч спортчудан турган кылмыштуу топ  кармалганын билдирди.  "К.у.Б., Х.у.М. жана M.X.A аттуу спортчулардан турган кылмыштуу топ 4-февралда Н.Ш.М. аттуу тургунду жолугушууга чакырып, ал жерден күч колдонуп, тамагына бычак такап, башына баштык кийгизип  белгисиз тарапка алып кеткен. Андан кийин ал тургунду темир балка менен сабап, тапанча такап корутуп 10 күндүн ичинде 600 миң сом табууну талап кылышкан. Читать дальше...

Түркия: кыргыз куткаруучулары уранды алдынан тирүү адамды таап чыкты

Azattyk.org 

Түркиянын Кахраманмараш шаарында жер титирөөнүн алтынчы күнүндө кыргыз куткаруучулары уранды алдынан тирүү калган адамды таап чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлап,  толугурак маалымат кийин берилерин белгиледи. Кыргызстан жер титирөөнүн алгачкы күнүндө эле Түркияга 67 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөткөн жана алар зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарына бөлүнгөн. Кыргыз бийлиги 12-фералда дагы 100 куткаруучу атайын борт менен барарын,  эки учак гумантардык жардам берилерин маалымдаган. Читать дальше...

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги жоюлат

Azattyk.org 

Министрлер кабинети 10-февралдагы жыйынында “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингин жоюу тууралуу чечим кабыл алды. Өкмөт тараткан маалыматта, бул компаниянын "мындан аркы ишмердүүлүгү максатка ылайыктуу эмес экени" белгиленген. "Кабыл алынган чечимдин алкагында Финансы министрлигине улуттук холдингди жоюуга байланыштуу комиссия түзүү тапшырылды. Бул комиссияга эки айлык мөөнөт берилди",-деп жазылган маалыматта. Өткөн аптада Эсептөө палатасы "Кумтөр Голд" компаниясынын 2021-жылдын май айынан... Читать дальше...

Түркия менен Сирияда зилзаладан набыт болгондор 24 миңге чамалады

Azattyk.org 

Соңку маалыматтарга караганда, Түркияда катуу жер титирөөдөн 20 миңден ашык адам мерт болду, Сирияда 3,5 миңден көп кишинин сөөгү табылды. Бириккен Улуттар Уюму апааттын толук кесепети азырынча анык боло электигин эскертти. Куткаруучулар урандыларды тазалап жатат, бирок аман калгандарды табуу үмүтү дээрлик калган жок. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогон жер титирөөнү “кылымдын кырсыгы” деп атады. Өлкөдө жабыркагандарга жардам берүүгө байланыштуу нааразылык айтылып жатат. Түркия менен Сирия... Читать дальше...

Абактагы Клара Сооронкуловага дагы бир айып тагылды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад ишинин алкагында камалган саясатчы, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкуловага жаңы айып коюлганын анын адвокаты билдирди. Үч айдан ашуун тергөө абагында отурган саясатчыга "бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасаган" деген негизде айып угузулду. Милиция Сооронкуловага жаңы айып тагылганы тууралуу азырынча комментарий бере элек. Адвокат Чынара Жакупбекова билдиргендей, Клара Сооронкуловага дагы бир кылмыш иши мындан туура бир жыл мурда активист Мирлан Ураимовду... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *