Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Новости за 17.02.2023

Өзбек газын Москва көзөмөлдөйбү?

Azattyk.org 

Өзбекстандагы жүздөгөн газ жана мунай кендерин өзбек жана орус ишкерлери, анын ичинде "Газпром" менен байланышы бар, Кремлге жакын адамдар көзөмөлдөп жатканы белгилүү болду. Буга далил жана мисалдар “Озодликтин” февралдын башында жарыялаган иликтөөсүндө көрүнүп турат. Кошуна өлкөнүн Энергетика министрлиги иликтөөдө айтылган маалыматтарды төгүнгө чыгарганы менен журналисттер көрсөткөн фактылар коомчулукта кызуу талкууга жем таштады.

Тажикстандагы белгилүү укук коргоо уюму жабылды

Azattyk.org 

Тажикстанда Юстиция министрлигинин сунушу менен "Адам укуктарын коргоо боюнча көз карандысыз борбордун" ишмердүүлүгү токтотулду. Акыркы 13 жылдан бери кыйноого каршы күрөшүп келген уюм өткөн аптанын соңунда Дүйшөмбүдө соттун чечими менен жабылганын Юстиция министрлиги 16-февралда билдирди. 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйында юстиция министринин орун басары Асадулло Хакимзода аталган уюмдун жабылышына каржылык отчетторун убагында тапшырбаганын жүйө келтирди. Ошондой эле башка мыйзам бузуулар болгонун белгилеп... Читать дальше...

УКМКнын мурдагы офицери үрөй учурган кылмышка шек саналууда

Azattyk.org 

Бишкек шаарында эки балалуу аялды мыкаачылык менен өлтүргөн үрөй учурган кылмышка шектүү деп 36 жаштагы жаран кармалды. Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Шектүү 2021-жылы Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигин койгону да маалым болду. Түн жарымдан ооганда киши колдуу болгон 51 жаштагы аялдын, анын 17 жаштагы кызынын жана жети жаштагы уулунун сөөгүн туугандары Лейлек районуна алып кетти. Бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү 16-февралга караган түнү Бишкектин бешинчи кичи районунда жайгашкан көп кабат үйдөгү өз батиринде киши колдуу болгон. Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: Журабаева менен Сооронкулова камакта калды

Azattyk.org 

Биринчи Май райондук соту бүгүн, 17-февралда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагына камалган Гүлнара Журабаева менен Клара Сооронкулованын бөгөт чарасын карап, 20-апрелге чейин камакта калтырды. Ал эми саламаттыгына байланыштуу бир нече күн мурда ооруканага жаткырылган Перизат Суранованын бөгөт чарасын сырттан карап, аны үй камагына чыгарды. Сот чечимине ылайык, Суранова 20-апрелге чейин үй камагында болот. Клара Сооронкулова сотто саламаттыгына байланыштуу медициналык операцияга муктаж экенин белгиледи. Читать дальше...

Ала-Бука - Чаткал жолунда кар көчкү алдында калган эки киши изделүүдө

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка багытындагы жолдо кар көчкү алдында калган автоунаа эки жүргүнчүсү менен кошо изделип жатканын маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 16-февралда болжол менен саат 01:30 чамасында Mercedes-Benz спринтер үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунун 80-90- чакырымында түшкөн кар көчкүдөн улам, өтө албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. "Көчкү түшкөн жерге Чаткал... Читать дальше...

Түркия: зилзаладан 11 күн өткөндө дагы эки киши аман табылды

Azattyk.org 

43 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган жер титирөөдөн 11 күн өткөндөн кийин Түркиядагы уранды астынан дагы эки киши аман табылды. Мамлекеттик маалымат каражаттары 17-февралда кабарлашкандай, Хатай провинциясынын борбору Антакия шаарында 14 жаштагы Осман Халебие менен 34 жаштагы Мустафа Авжы куткарылды. 6-февралда Түркия менен Сириядагы катуу зилзалада он миңдеген турак жай кыйрады. Каза болгондордун көбү Түркияда. Жараат алгандар 100 миңден ашат. Миллиондогон киши гуманитардык жардамга муктаж.... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: Сот Карасартова менен Сасыкбаеваны абакта калтырды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 17-февралда Кемпир-Абад иши боюнча камалган жарандык активист Рита Карасартова менен саясатчы Асия Сасыкбаеванын бөгөт чарасын карап, экөөнү тең 20-апрелге чейин камакта калтырды. Ушул күнү сот аталган иш боюнча кармалып, камакка алынган аялдардын бөгөт чарасын карап жатат. Сотко Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова жана Рита Карасартова алып келинген. Перизат Суранова ооруканада болгондуктан бөгөт чарасы сырттан каралары күтүлүүдө. Читать дальше...

Ошто балдар үйүндө беш жаштагы балага ырайымсыз мамиле жасалганы айтылууда

Azattyk.org 

Кыйноолорго каршы улуттук борбор Ош шаарындагы "Лотос" балдар үйүндө беш жаштагы кызга ырайымсыз мамиле жасалганын билдирүүдө. "Борбордун аймактык өкүлчүлүгүнө "Лотос" балдар үйүнүн тарбиячысы беш жаштагы кызга катуу мамиле жасаганын күбөлөндүргөн видеотасма келип түштү. Бул окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн комиссия 10-февралда балдар үйүнө Ош шаардык прокуратурасынын өкүлү менен чогуу барды", - деп маалымдады Кыйноолорго каршы борбордун басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, комиссия балдар үйүнүн жетекчиси менен сүйлөшкөн. Читать дальше...



Кыргызстанда папиллома вирусунан өспүрүм кыздардын 68% эмделди

Azattyk.org 

Кыргызстанда папиллома вирусуна каршы 163 800 кыз эмдөөдөн өттү. Бул жалпы өлкөдөгү өспүрүм кыздардын 68% түзөт. Саламаттык сактоо министрлиги вируска каршы өлкөдөгү өспүрүм кыздардын 90% же 228 миңдей кызды эмдөөнү көздөөдө. Министрликтин маалымдашынча, эмдөө кыздардын болочокто жатын рагына чалдыгуусунун алдын алат. Расмий маалыматтарга ылайык, жатын рагына жыл сайын 600 аял чалдыгат, болжолдуу 300 аял андан каза табат. 11-14 жаштагы кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө былтыр, 14-ноябрда башталган. Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: абактагы аялдардын бөгөт чарасын кароо уланууда

Azattyk.org 

Биринчи Май райондук соту бүгүн, 17-февралда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагына камалгандардын бөгөт чарасын кароону улантты. Бул күнү сот жалпы алты адамдын бөгөт чарасын карайт. Сотко аталган иш боюнча кармалып, камакка алынган аялдар: Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова жана Рита Карасартова алып келинди. Перизат Суранова ооруканада болгондуктан бөгөт чарасы сырттан каралары күтүлүүдө. Ушул тапта Биринчи Май райондук соту экс-депутат Асия Сасыкбаеванын бөгөт чарасын карап жатат. Читать дальше...

Кытай COVID-19ду жеңгенин жарыялады

Azattyk.org 

Кытай бийлиги COVID-19га каршы "чечкиндүү жеңишке" жеткенин жарыялады. Мындай маалымат өлкө лидери Си Цзинпин жетектеген башкаруучу Коммунисттик партиянын жума күнкү жыйынынан кийин айтылып, өлкөдө коронавирустан өлгөндөр "дүйнөдөгү эң төмөн көрсөткүчтө" экени белгиленди. Чет элдик эксперттер Кытай коронавируска каршы катаал изоляция, мажбурланган карантин колдонгондуктан, оорунун чыныгы көрсөткүчү тууралуу так маалымат жоктугун билдирип келет. Быйыл кышта катуу чектөөлөр алынгандан кийин кытайлык... Читать дальше...

“Азаттык” эки министрлик менен соттошууда

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын эки сотунда “Азаттык Медиа” мекемесинин сайтынын жана банк эсебинин бөгөттөлүшү боюнча эки сот отуруму болду. Биринчи - “Азаттыктын” Маданият министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу боюнча арызы каралып, сот 2-мартта уланмай болду. Экинчи - банк эсебинен бөгөттөлүшүнө байланыштуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү Улан Жапековдун аракетине каршы арыз. Тергөөчү соттук процесске себепсиз келбегендиктен ишти кароо 21-февралга жылдырылды. Сайтты бөгөттөгөн... Читать дальше...

"Арай көз чарай": Салык саясатынын аргасы жана чалмасы

Azattyk.org 

Бир апта мурда Министрлер кабинети салык кызматынын өткөн жылдагы, ага жараша казынаны толтуруу жаатындагы ишинин жыйынтыгын чыгарды. Салык алуунун жол-жоболорундагы айрым өзгөрүүлөр коомчулукта жана ишкерлер арасында кызуу талкууларды жаратууда.

Иликтөөчүлөрдүн кооптуу жана жооптуу иши

Azattyk.org 

Кыргызстанда иликтөөчү журналисттер кысымга кабылып, ишмердигине тоскоолдуктар көбөйгөнүн айтышат. Temirov Live редакциясы коопсуздук үчүн эки жылда төрт жолу кеңсе алмаштырганга мажбур болсо, “ПолитКлиника” басылмасы мамлекеттик телеканал менен соттошууга даярданып атат. Кыргыз бийлиги иликтөөчү журналисттерден жардам күтө турганын айтып, болгону такталган маалыматтарды чыгарууга үндөп келет.

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Azattyk.org 

Синоптиктердин маалымдашынча, 18-февралда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу жерлерде кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаап, туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Читать дальше...

БУУ: "Ал-Каиданын" жаңы лидери Саиф ал-Адел болду

Azattyk.org 

Египеттин атайын багыттагы аскерлеринин мурдагы офицери Саиф ал Адел "Ал-Каиданын" "талашсыз" лидери болуп калды. Бул тууралуу БУУнун жаңы баяндамасында айтылат. "Ал-Каиданын" буга чейинки жетекчиси Айман аз-Завахирини былтыр 31-июлда Кабулда АКШнын ракетасы жок кылган. БУУнун дүйнөдөгү терроризм тобокелдиктери тууралуу баяндамасында белгиленгендей, уюмдун мүчөлөрү былтыр декабрда Аделди "Ал-Каида" операцияларынын жетекчиси жана талашсыз лидери катары тааныган. 1998-жылы ноябрда АКШ Аделди... Читать дальше...

Калифорнияда робот-таксилер сыноодон өткөрүлдү

Azattyk.org 

"Амазонго" таандык Zoox стартабы робот-таксилерди сыноодон ийгиликтүү өткөрдү. Жүргүнчүнүн ролун компаниянын кызматкерлери аткарышты. Төрт кишиге ылайыкталып, өз алдынча башкарылган бул транспортто руль же педаль жок. Жүргүнчүлөр эки-экиден бетме-бет отурушат. Автоунаа 11-февралда Zoox компаниясынын Калифорниядагы эки имаратынын ортосунда тесттен өттү. Бул дээрлик 1,5 чакырым аралык. Робот-таксилер кызматкерлерди бир кеңседен башка кеңсеге акысыз ташыйт. Бирок бул үчүн компания мамлекеттен кошумча уруксат алышы зарыл.

Түркияда ӨКМдин көчмө госпиталы иштеп жатат

Azattyk.org 

Түркиянын Кахраманмараш шаарында Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) талаа госпиталы жайгаштырылып, жарандарды күнү-түнү кабыл ала баштады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады. Улуттук госпиталдын дарыгери Матен Бактыбек уулу ар кандай жараат алган, зилзаладан кийин уйкусу бузулган, депрессияга кабылган тургундар келип жатканын айтты. ӨКМдин медициналык кызматынын башчысы Талант Наматовдун белгилешинче, талаа госпиталында жети адамдан түзүлгөн дарыгерлер тобу иш алып барууда. Читать дальше...

Мурдагы прокуратура кызматкери пара талап кылууга шек саналып кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жалал-Абад облусунда 16-февралда пара талап кылуу жана алдамчылык фактысы боюнча мурдагы прокуратура кызматкери кармалганын билдирди. Маалыматта кармалган жаран президент, УКМКнын төрагасы жана баш прокурор менен байланышы бар экенин айтып, мыйзамсыз текшерүү иштерин жүргүзгөнү, мыйзам бузууларды таап, мамлекеттик кызматкерлерден пара алып келгени айтылат. “Жалал-Абад облусунун мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынан 3 миң жана 10 миң АКШ долларын алуу фактысы такталды. Читать дальше...

Ош шаарында таза суу берүү убактылуу токтотулду

Azattyk.org 

Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивдеринен башка аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулду. Калаа мэриясы суу берүү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогорулап кеткенине байланыштуу токтогонун 17-февралда кабарлады. "Ош суу канал" кызматынан "Азаттыкка" билдиришкендей, дарыядагы суу тунуп калса, таза суу бүгүн кечки саат 9дарда берилиши ыктымал. Жүз миңдеген адам жашаган Ош шаарында жамгыр жааган сайын дарыя ылайланып... Читать дальше...

Президент Жапаров Хорогдогу кар көчкүгө байланыштуу Рахмонго көңүл айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмонго Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы кар көчкүдө адамдар каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Маалымат Кыргызстандын президентинин сайтына 17-февралда жарыяланды. Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарында 15-февралда эртең мененки саат 10дор чамасында кар көчкү жүрүп бир канча үйдү басып калган. Жергиликтүү бийлик кар көчкүдөн курман болгон 27 кишинин тизмесин жарыялаган. Алардын арасында мургабдык кыргыздар да бар экени белгилүү болду. Читать дальше...

Түркияга жардам эсебине 45 миллион сомго жакын каражат чогулду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Финансы министрлигинин 16-февраль саат 10:00гө карата маалыматына караганда, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 44 млн. 701 миң 937 сом жана 14,4 миң рубль түштү. Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн аталган министрликтин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Жарандар үчүн жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алат. Андан сырткары Кыргызстанда... Читать дальше...

Иштамберди кениндеги кар көчкүдө төрт киши жараат алды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айыл аймагына караштуу Иштамберди алтын кенин иштеткен ишкананын жатаканасын кар көчкү басып, төрт киши жараат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Абалы оор болгон бир жаран Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлдү. Тактоо иш-чараларын жүргүзүү максатында министрликтин райондук бөлүмүнүн куткаруучулары жерине чыгып кетти. Кыргызгидромет борбору 16-19-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүү ыктымалдыгын кабарлаган. Читать дальше...

Нарында кар көчкүгө байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Azattyk.org 

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун беш тилкесинде болжолдуу 10 миң метр куб кар көчкү түшүп жол жабылганынан улам  жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталганына байланыштуу 17-февралдан тартып Нарын облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады. Кар көчкүнү тазалоо үчүн 5 куткаруучу,  министрликтин Куткаруучуларды даярдоочуу мамлекеттик борборунун 1 унаасы, 1 грейдер, 2 жүктөгүч, 2 самосвал, Суу чарба ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган. Читать дальше...

ӨКМ аба ырайына байланыштуу бир катар жолдор жабылганын билдирди

Azattyk.org 

Калың кар жааганына байланыштуу Ош облусундагы Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу автоунаа жолу 16-февралда убактылуу жабылганын “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Ошол эле күнү Нарын облусундагы Казарман – Актал – Чат жолундагы Карагөө ашуусу да жабылганы кабарланды. 17-февралда Жумгал районундагы Чаек – Арал – Миң-Куш жолунун 3-чакырымында (көзөмөл посту) болжол менен 300 куб метр кар көчкү түшүп... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *