Талды-Коргондо сот кармалгандарды кыйнаган полиция кызматкерлерин кести
10-февралда Казакстандын түштүгүндөгү Талды-Коргон шаардык соту 2022-жылы январдагы кандуу окуяда кармалгандарды кыйнаган полициянын беш кызматкерин үч жылдан беш жылга чейин кести. Айдын Кенжебаев менен Нуртаз Жанбакыт уулуна төрт жыл, Сапарамурат Токташка үч жарым жыл, Ермек Жумашев менен Алмас Бокановго үч жыл абак жазасы чегерилди. Сот аларды аскердик наамынан ажыратып, жазасын өтөп бүткөндөн кийин укук коргоо органдарында иштөөгө үч жылга тыюу салды. Тергөөдө алардын колунан 23 киши запкы жегени аныкталган. Читать дальше...