Хатайдагы Жазгүл: Оорукана, мечитте сөөктөр жыйылып калды
Түркияда жана Сирияда зилзалада набыт кеткендер 11 миңден ашты, жарадарлар 50 миңден көп. Түркиянын Сирия менен чектеш Хатай провинциясында жер силкинүү токтой элек. Мерт кеткендердин 37% дал ушул аймакта катталган. "Азаттык" Хатайда жашаган Жазгүл Абдыкадырова менен байланышып, ал-ахвалын сурап билди. -Зилзалада аман калганыбызга шүгүр деп отурабыз. Хатайдын Кырхан деген районунда турчубуз. Үй-жайдын баары жараксыз. Элдин 98% көчөдө калды. Кайненемдин айылда үйү бар, биз ошол жерге келдик. Ал үй да жараксыз. Читать дальше...