Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Новости за 24.02.2023

Кемпир-Абад иши: Укук коргоочулардын эл аралык фонду кыргыз бийлигине кайрылды

Azattyk.org 

Баш кеңсеси Дублин шаарында турган Укук коргоочуларды коргоонун эл аралык фонду (Frоnt Line Defenders) Кыргызстандын бийлигине кайрылып, Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды тез арада бошотууга чакырды. Уюм камактагыларга коюлган айыптарды алып салууга үндөп, айрыкча алардын арасындагы аялдардын абалына тынчсыздануу билдирген. 24-февралда таратылган кайрылууда камалгандан кийин саламаттыгы начарлап, ооруканага түшкөн Клара Сооронкулованын жагдайы белгиленген. Андан тышкары уюм Асия Сасыкбаеванын... Читать дальше...

Бээжин ChatGPT жасалма интеллектин биротоло бөгөттөдү

Azattyk.org 

Кытайлык Tencent жана Ant Group компаниялары бийликтин өтүнүчү менен ChatGPT жасалма интеллектин бөгөттөдү. Буга чейин маалымат каражаттары бул чат-бот "АКШнын пайдасына иштейт" деп жазышкан. Америкалык OpenAI компаниясы иштеп чыккан ChatGPT буга чейин да Кытайда расмий бөгөттөлгөн болчу. Кытайлыктар аны VPN менен колдонушкан. Ал эми Tencent компаниясынын WeChat тиркемесинде ChatGPT кызматтарын сунуштаган ондогон мини-программалар иштечү. Чат-бот код жазат, поэзия, ал тургай илимий эмгектерди да жаратат. Читать дальше...

Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү долбоору кайра талкуулана баштады

Azattyk.org 

Өзбекстандын депутаттары Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоорун кайра талкуулай баштады. Ал парламенттин Төмөнкү палатасынын Коррупцияга каршы күрөш, укук маселелери жана Демократиялык институттар, бейөкмөт уюмдар комитеттеринин 24-февралдагы биргелешкен жыйынында каралды. Документ 2022-жылдын ноябрында кайра карап чыгуу үчүн артка кайтарылган. Парламенттин билдирүүсүнө ылайык, акыркы үч айда комитеттер коомчулуктан жана эксперттерден сунуштарды чогултту. Gazeta.uz басылмасы талкууларды чагылдырууга... Читать дальше...

“Не сахар”: эки депутат бири-бирин айыптады  

Azattyk.org 

“Не сахар” долбоору боюнча Жогорку Кеңештин эки депутаты бири-бирин айыптады. Эл өкүлү Элвира Сурабалдиева “Не сахардын” кызматкерлери ишкерлердин укугун бузуп жатканын, долбоорго коллегасынын байланышы бар экенин айтты. Анын негиздөөчүсү, депутат Эрулан Көкүлов “Не сахарга” азыр тиешеси жок экенин, тескерисинче ага басым болуп жатканын билдирди. Талкууга себеп болгон чыгарылыш Апта башында Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Ютубдагы “Не сахар” долбоору боюнча маселе көтөргөн. Читать дальше...

ТИМ: Памирдеги кыргыздар боюнча ооган бийлиги менен сүйлөшүү жүрүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги социалдык тармактарда Памирде жашаган кыргыздардын видео кайрылуусу боюнча түшүндүрмө берди. Маалыматка ылайык, Кыргызстан ушу тапта ооган бийлиги менен Памирдеги кыргыздарга документ алып берүү, Чоң жана Кичи Памирдеги ооган кыргыздарына гуманитардык экспедиция менен барууну макулдашууда.  Тышкы иштер министрлиги памирликтердин видео кайрылуусу январь айында тартылганын, Ооганстандагы этникалык кыргыздардан дайыма кабар алып жатканын билдирди. Январь айында... Читать дальше...

Бразилияда бороон-чапкын коштогон жаан-чачында 50 адам набыт болду

Azattyk.org 

Бразилиянын Сан-Паулу штатынын жээгиндеги аймактардан үч жарым миңдей адам коопсуз жерлерге көчүрүлдү. Ал жакта бороон-чапкын коштогон жаан-чачын 19-февралдан бери кеминде 50 адамдын өмүрүн кыйды. Жергиликтүү бийлик кабарлагандай, нөшөрлөгөн жамгырдан кийинки сел жана жер көчкүдөн улам конуштарды баткак басып, жолдор таштандыга толду. Тоо боорундагы үйлөр зыян тартты. Сан-Себастяо шаарына жакын Саси айылы олуттуу зыян тартканы айтылууда. Кыштактын 1000ден ашуун тургуну үй-жайсыз калып, айрымдары жакындарын жоготту. Читать дальше...

Москвада айлык талап кылган мигранттар митингге чыгышты

Azattyk.org 

Орусиядагы "Крокус групп" курулуш компаниясында иштеген миңден ашуун мигрант төрт айдан бери айлык ала албай жатышат. Алар негизинен Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары. "Озоди" радиосу жана "Настоящее время" кабарлагандай, жумушчулар 22-февралда нааразылык билдирип, маяна төлөөнү талап кылышты. Мигранттардын биринин айтымында, аларды таратуу үчүн күзөтчүлөр асманга травматикалык куралдан ок аткан. Москвадагы "Левобережный" комплексин куруп жаткан жумушчулар ишке кирерде орточо 50-60 миң рубл айлык убада кылынганын белгилешүүдө. Читать дальше...



Пиязды сыртка сатууга уруксат берилмей болууда

Azattyk.org 

Кыргызстанда пиязды сыртка сатууга кайрадан уруксат берилмей болууда. Айыл чарба министрлиги чектөөнү алып салуу тууралуу токтом долбоорун иштеп чыгып, өкмөткө бекитүүгө сунуш кылганын 24-февралда мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Сунуш “Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана республиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында” иштелип чыкканы маалымдалды. Кыргызстанда пиязды сыртка экспорттоого 31-январдан тартып үч айга тыюу салынган. Пияздын бардык түрүнө байланыштуу мындай чара... Читать дальше...

Бишкекте кургак учукка каршы жаңы оорукана колдонууга берилди

Azattyk.org 

Бишкек шаарында кургак учукка каршы 128 орундуу жаңы оорукана колдонууга берилди. Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, медициналык мекеме Германия өнүктүрүү банкынын “Кургак учук менен күрөшүү программасы – V” гранттык долбоорунун негизинде 6,5 млн. еврого курулду. Оорукананын ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Германиянын Бундестагынын делегациясы жана өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил, Германия өнүктүрүү банкынын аймактык директору Андреас Шнайдер катышты. Читать дальше...

Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

25-февралда өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаап, кар түшөт. Түштүк-чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 1…6; Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз 0…5; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 1…6, күндүз 2…7; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 8...13; Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -3…+2. Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Читать дальше...

Иманалиев билим берүүнү жетектейт: Жаңы министрден эмне күтөбүз?

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. "Анын талапкерлиги макулдашуу үчүн парламентк сунушталат",-деп айтылат президенттин расмий сайтына жарыяланган маалыматта. Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Уланбек Мамбетакунов өткөн жылы октябрда билим берүү жана илим министри болуп дайындалган. Анын алдында 2022-жылы 28-сентябрда билим берүү... Читать дальше...

Бишкекте менингит болгон наристе чарчап калды

Azattyk.org 

Бишкекте менингит болуп ооруган бир жашар наристе чарчап калды. Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, бала Балдардын тез жардам ооруканасына 23-февралда оор абалда түшкөн. Инфекциялык оорукананын адистери менен чукул кеңешүү жүргүзүлүп, алар илдет өтүшүп, баланын мээси сепсиз болуп, көөп кеткенин белгилешкен. Дарыгерлердин аракетине карабастан бала алты сааттан кийин чарчап калган. Адамдын мээсин жабыркатып, тийиштүү дарылоо болбосо өлүмгө дуушар кылуучу менингит оорусу кадимки сасык тумоого окшоп башталат. Читать дальше...

Каныбек Иманалиев билим берүү министринин милдетин аткарат

Azattyk.org 

Парламенттин мурдагы депутаты Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн сунушталат. Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. 54 жаштагы Каныбек Иманалиев - кесиби боюнча журналист. Улуттук университеттин бүтүп, эмгек жолун "Асаба" гезитинде баяндамачы болуп баштаган. Кийин ал ошол кездеги президент Аскар Акаевдин маалымат катчысы болгон. Читать дальше...

Баткен: Калыбына келтирүү иштери боюнча комиссия көчмө жыйын өткөрөт

Azattyk.org 

Баткен жана Ош облустарынын кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган аймактарын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын көчмө жыйыны Баткенде өтөрүн өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн 24-февралда билдирди. Жыйынга Баткенге иш сапары менен барган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышары маалымдалды. “Жумуш сапары алкагында Акылбек Жапаров Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү болгон каргашалуу окуялар учурунда... Читать дальше...

Москвадагы жапырт мушташка аралашкан эки кыргызстандык жоопко тартылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аймактык полиция бөлүмүнүн маалыматына таянып, жапырт мушташка катышкан эки кыргызстандык административдик жазага тартылганын маалымдады. 19-февралда Москва шаарындагы Люблинская көчөсүндөгү кафелердин биринде массалык мушташ чыгып, полиция 15 кишини кармаганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Жапырт мушташка Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын жарандары катышканы айтылган. Расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Читать дальше...

Токтогул: Ыктыярчылар жапайы жаныбарларга кам көрүүдө

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда ыктыярчылар жапайы жаныбарлар, канаттуулар үчүн тоо-ташты аралап, жем жана туз таштап жатышат. Бул тууралуу 24-февралда "Азаттык" радиосуна "Жашыл өрөөн" коомдук бирикмесинин жетекчиси Акылбек Гүлжигит уулу билдирди. "Кыш оор болгондуктан жем чачып жатабыз. Райондогу беш аймактан түптөлгөн коомдук бирикменин ыктыярчыларына айылдагы айрым жарандар да көмөктөшүп, үйүнөн жем берип жатат. Биз жапайы канаттуулар менен жаныбарларды сактап калуу үчүн бир топ жылдан бери иштеп келебиз",-деди ал. Читать дальше...

АКШнын мамлекеттик катчысы расмий сапары менен Астанага келет

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 28-февралда Казакстанга алгачкы расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Мамлекеттик катчы Астанада президент Касым-Жомарт Токаев баштаган бир катар жетекчилер менен жолугат. Ошол эле күнү Энтони Блинкен Борбор Азия өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлөрү менен С5+1 форматындагы жолугушуу өткөрөт. Анда АКШ менен аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланмакчы. АКШнын мамлекеттик катчысы Казакстанга... Читать дальше...

Бишкек-Торугарт жол каттамы толук ачылды

Azattyk.org 

Бишкек-Торугат жолундагы кар көчкү атып түшүрүлүп, каттам толук ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады. Нарын гидрометеорология борбору жол каттамынын 301-306-чакырымында (Кара-Үңкүр капчыгайы) майда кар көчкү түшүү коркунучу дагы эле бар экенин эскертет. Мындан улам автоунааларды 500 метр аралыкты сактоо сунушталат. Нарын аймагында аба ырайы турукташып, өзгөчө кырдаал режими алынды. 16-19-февраль күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында калың кар түшүп, ашуудагы жолдор жабылган. Читать дальше...

Үч майрамды иш күнү деп жарыялоо сунушталууда

Azattyk.org 

Кыргызстанда айрым майрамдык күндөрдү дем алыш эмес, жумуш күнү деп жарыялоо сунушталууда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 23-февралдын (Ата Мекенди коргоочулар күнү), 7-апрелдин (Элдик апрель революциясы күнү) жана 7-8-ноябрдын (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү) майрам макамын калтырып, бирок эс алуу эмес, иш күндөрү деп жарыялоо тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Негизги максат – дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжал пайдалануу экени... Читать дальше...

ТИМ: Борбор Азиянын суу-энергетика маселелери диалог аркылуу чечилиши зарыл

Azattyk.org 

Кыргызстан Борбор Азия аймагындагы суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу маселелери чөлкөмдөгү бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыгын эске алган ачык жана конструктивдүү диалог аркылуу чечилиши керек деп эсептейт. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министринин (ТИМ) орун басары Айбек Молдогазиев “Европа Биримдиги – Борбор Азия” конференциясында айтканын мекеменин басма сөз кызматы 24-февралда билдирди. “Биз суу-энергетикалык маселелердин бардык комплексин талкуулоого ар дайым ачыкпыз”, – деп белгиледи Молдогазиев. Читать дальше...

Тышкы карызды төлөө үчүн ачылган эсепке 31 миллион сом чогулду

Azattyk.org 

Финансы министрлиги өлкөнүн тышкы карызын төлөө үчүн ачылган депозиттик эсепке чогулган каражат боюнча маалымат берди. Министрликтин сайтындагы 2023-жылдын 20-февралына карата эсепте, чогулган каражат 31 млн 532,87 сомду түздү. Каржы министрлиги 2021-жылдын 4-мартында өкмөтүн токтому менен тышкы карызды тейлөө үчүн № 44010011030000253 депозиттик эсебин ачканын маалымдайт. Бул эсепке каалоочулар акча салат. Бийлик 2020-жылы элден акча чогултуу үчүн эки эсеп ачкан. Анын бирине түшкөн каражат жалпы чыгымдарга... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: тергөө дагы эки айга узартылды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө дагы эки айга узартылды. Бул тууралуу абактагы активисттердин биринин адвокаты Бактыбек Автандил кабарлады. Анын айтымында, тергөө иши ушуну менен алты айга созулмай болду. 25-февралда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев абактан кат жолдоп, анда төрт айдан бери Кемпир-Абад иши боюнча тергөө жүрбөй жатканын жазган. “Массалык башаламандыкка” шектелип камалган отузга жакын саясатчы, укук коргочу, активисттердин бөгөт чарасын караган... Читать дальше...

Орус дипломаты Борбор Азия өлкөлөрүн Батыш менен абайлап мамиле кылууга чакырды

Azattyk.org 

Москва Борбор Азия өлкөлөрүн Батыш менен кызматташууда абайлап мамиле кылууга чакырат. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин ТАСС агенттигине курган маегинде билдирди. Галузин Ооганстандагы азыркы кырдаалга АКШны айыптап, “Вашингтондун демократиялаштыруу эскпериментти, түстүү революциялар менен аяктайт” деп айтты. “Мындан улам борборазиялык өнөктөштөрүбүздү Батыш өлкөлөрү менен алака түзүүдө өтө абайлап мамиле кылууга чакырабыз”, – деген министрдин орун басары. Читать дальше...

"Беш жылда 14 операция". Айназик жардамга муктаж

Azattyk.org 

Баткендин Ак-Тилек айылынын 9 жаштагы тургуну Айназик Авазова акыркы 5 жылда 14 жолу операция болду. Кызыл өңгөчүндө пайда болгон өсмө улам чоңоюп кетип, жеткинчекти кыйнап келет. Кызынын ден соолугу үчүн күрөшкөн ата-эне карызга батып, жардамга муктаж болууда.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *