Ден соолугу начар, депрессияга түшкөн өспүрүмдөр. Болочок кандай болот?
Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн психикалык саламаттыгы Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен начар экени ЮНИСЕФтин жаңы изилдөөсүндө белгилүү болду. Анда 10 жаштан 24 жашка чейинкилердин көзү жакшы көрбөй, сөөк түзүлүшүндө кемтик көп экени белгиленген. Өспүрүмдөрдүн 40% гана эртең менен тамактанса, 21% гана күнүнө бирден же экиден мөмө-жемиш жейт. Шекер кошулган шириндиктерди, газдалган суусундуктарды ичкендер 30% ашат. "Тазалыкка көңүл бурууга шарт жок" Сокулук районунун Манас айылындагы Ат-Башы мектеби 600 орундуу... Читать дальше...