Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Новости за 07.02.2023

Түркия: Бишкек куткаруучуларды, вандыктар 30 боз үй жиберди

Azattyk.org 

"Азаттык" Түркиянын зилзаладан катуу жапа чеккен шаарларында жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар менен байланышууда. Рахат Ташматова бир топ убактан бери Адана шаарында жашайт. Ал жер титиреген учурда сегизинчи кабаттагы үйүндө болгон. Күйөөсү экөө сыртка кантип качып чыкканын айтып берди. "Аябай коркунучтуу болду. Өзүм 50гө чыгып калдым. Мындайды көргөн эмесмин. Биз бир ордубузда тура албай эшикти араң эле карап турдук. Аябай корктук, чындыгында катуу болду. Мен өзүм ушул жакка турмушка чыккам. Читать дальше...

Тажикстанда алимент төлөбөгөн 398 адам изделүүдө

Azattyk.org 

Тажикстанда алиментти өз убагында төлөбөгөн жана жашаган жерин жашырган 398 жаран изделүүдө. Ал эми алимент төлөөдөн качкан 538 кишиге Кылмыш-жаза кодексинин тийиштүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Аткаруу кызматынын башчысы Барно Саидвализода 6-февралда Дүйшөмбүдө өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында былтыр ажырашкан аталардан эне-баланын пайдасына 40 сомониге жакын же 4 миң доллардай алимент өндүрүлгөн. Бул бир жыл мурункудан 46% көп. "Озоди" радиосу расмий маалыматтарга таянып... Читать дальше...

Кумтөр кенинде сакталган калдыктар кайра иштетилет

Azattyk.org 

Кумтөр кениндеги калдыктар кайра иштетиле турганын “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жетекчиси Алмаз Барыктабасов 7-февралда президент Садыр Жапаров катышкан жумушчу кеңешмеде билдирди. Анын айтымында, 2026-жылдан тартып калдыктарды иштетүүдөн жыл сайын 4,7 тоннадай алтын алына баштайт. Калдык сактоочу жайда 3,5 млрд. долларлык алтын бар деп бааланып жатат. Кендеги кайра иштетүү иши 2040-жылга чейин жүрөт. Президенттин сайтына жарыяланган маалыматта компания жыл башынан бери салык жана милдеттүү төлөмдөр үчүн 32,1 млрд. Читать дальше...

Грави медиага көзөмөлдү күчөтүү ордуна агартуу иштерин жүргүзүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Грави эркин маалымат каражаттарынын ишмердиги өлкөнүн өнүгүүсүнө, андагы социалдык маселелердин чечилишине да таасир этерин билдирди. Ал чектеген мыйзамдар мамлекеттин ыңгайсыз көз караштагы жарандарды чектөөсүнө жол ачарын бүгүн, 7-февралда Бишкекте “Кыргыз Республикасындагы маалымат каражаттарына жана сөз эркиндигине басым: “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын практикалык колдонулушу” деген темада өткөн талкууда айтты. Читать дальше...

Милиция Бишкекке жапырт камера койгусу келет

Azattyk.org 

Түркия менен Сириядагы зилзалада каза болгондор 5 миңге чамалады. Белгилүү кинорежиссер, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаров акыркы сапарга узады. Жарандык коом маалымат каражаттарына жана сөз эркиндигине басым болуп жатканына кабатыр.

Түркияда уранды астынан 8 миңдей адам куткарылды

Azattyk.org 

Түркияда зилзалада кыйраган имараттардын урандыларынын астынан 7840 адам куткарылды. Бул тууралуу Чукул кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Юнус Сезар билдирди. Соңку маалыматтарга ылайык, 6-февралдагы жер силкинүүдө курман болгондор 3381ге жетти. Дагы 20 миң 400дөн ашууну жабыркады. Зилзалада Сирияда бери дегенде 1400 кишинин өмүрүн кыйылып, 3500ү жараат алганын Reuters Башар Асаддын өкмөтүнүн маалыматтарына таянып билдирди. Эки өлкөдө набыт болгондор 5 миңден ашты. Миңдеген үйлөр кыйрап, бир канча шаарда издөө-куткаруу иштери уланууда.

"Сөз эркиндиги буулган жерде кулмүнөз коом түптөлөт"

Azattyk.org 

Бишкекте сөз эркиндиги жана “Азаттыктын” абалын талкуулаган жыйын өтүп, “Анык эмес маалыматтан коргоо" мыйзамын өзгөртүү, ага чейин сайттарды бөгөттөө практикасына мораторий киргизүү сунушталды. Жыйын жүрүшүндө бул мыйзамга таяп алгач сайты бөгөттөлүп, учурда толук жабуу коркунучуна кептелген “Азаттык” радиосунун коомдук мааниси да козголду. "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын кесепети талкууланган жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, эл аралык уюмдардын, жарандык жана медиа коомдун өкүлдөрү, саясатчылар катышты. Читать дальше...



"Торугарт" өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрмө бекетинен жүк ташуучу автоунааларды өткөрүү убактылуу токтотулганын 7-февралда билдирди. Буга Кытайдын аймагындагы жолдордун бирине таш кулаганы себеп болгону айтылат. Учурда кытай тарап жолду тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Мекеме жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө качан уруксат берилерин тактаган эмес. Бул боюнча кошумча маалымат болорун билдирди. Ош облусундагы «Эркечтам» өткөрмө бекети штаттык режимде иштеп жатат. Читать дальше...

Акыркы могикан менен коштошуу...

Azattyk.org 

Бүгүн, 7-февралда А. Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында көрүнүктүү кинорежиссер, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. “Кыргыз кереметин” жаратуучулардын акыркы могиканы аталган кино ишмери 6-февралга караган түнү оорудан улам көз жумган.

Кутманова: "Эти Бакыр-Терексай" өкмөткө 317 млн. долларлык доо койгон

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Чаткалда кен казган "Эти Бакыр Терексай" компаниясына байланыштуу маалымат берди. Ал 7-февралдагы жыйында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, аталган компания кыргыз бийлигине 317 миллион долларлык доо койгонун, ушунча суммадагы акчаны кайтарып берүүнү талап кылганын билдирди. "Бул сумма алардын чыгашасы. Бирок биз мекемелер аралык комиссия түзүп, алар кенге барып келген. Читать дальше...

Равшан Жээнбеков экспертизанын жыйынтыгын сынга алды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчы Равшан Жээнбеков сүйлөшүүлөр жаздырылган аудио жазууларга жасалган лингвистикалык экспертизанын корутундусун сынга алып, мыйзамсыз деп атады. Саясатчынын бул тууралуу каты 7-январда социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды. Анда Ички иштер министрлигинин улук тергөөчүсү Улан Жапековдун Casa Italia кафесиндеги сүйлөшүү жаздырылган аудиосун экспертизага бергенин жазган. “Экспертизага Кемпир-Абад боюнча комитеттин ар бир мүчөсүнүн сөзүн бербегени... Читать дальше...

АКШда жаныбарлардын 40%, өсүмдүктөрдүн 34% жоголуу коркунучуна кабылды

Azattyk.org 

АКШда жаныбарлардын 40% жана өсүмдүктөрдүн 34% жок болуу коркунучуна кабылып, экосистеманы олуттуу зыян тооруп турат. АКШ менен Канаданын жаратылышты коргоо боюнча NatureServe изилдөө тобунун баяндамасында ушундай тыянак чыгарылды. Илимпоздордун беш жылдык изилдөөсү көрсөткөндөй, жаныбарлардын ичинен үлүлдөр эң аялуу топко кирет: алардын 74% жок болушу ыктымал. Окумуштуулар сүт эмүүчүлөрдүн 18% , канаттуулардын 12% тагдыры ушундай болорун болжолдошот. Өсүмдүктөрдөн кактус эң аялуу топко кирет, анын көп түрү жоголуп баратат. Читать дальше...

Молдокматов экспертизанын жыйынтыгында кылмыш курамы жоктугун билдирди

Azattyk.org 

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган саясатчы Жеңиш Молдокматов 3-февралда аудио жазуулардын соттук-лингвистикалык экспертизасынын жыйынтыгы менен таанышканын, анда массалык башаламандык уюштуруунун белгилери камтылбаганын билдирди. Мындай билдирүү Молдокматовдун Фейсбуктагы баракчасына 7-февралда жарыяланды. “Экспертизага берилген материалдарда бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете Кыргыз Республикасынын Конституциялык түзүлүшүн күч колдонуп өзгөртүүгө, жана жарандарды расалык... Читать дальше...

"Оңой акча азгырды". Орусияда маңзат менен кармалган мигранттар

Azattyk.org 

Орусиянын абактарында баңгизатка байланыштуу отурган кыргызстандыктар, балдарын зарлап күткөн энелер, алардын укугун коргогон юристтер "Укугум бар" подкастында ушул көйгөй тууралуу айтып берет. Жакында Орусияда баңгизат менен кармалган 29 жаштагы кыргызстандык 7,5 жылга кесилди. Ал интернет аркылуу ири көлөмдөгү маңзат сатууга айыпталган. Расмий маалыматка караганда, учурда чет өлкөлөрдө 1282 кыргыз жараны абакта. Алардын 1077си (1205и эркек, 91и аял) Орусиянын 74 аймагында. Абакка кесилгендердин басымдуу бөлүгү баңгизат колдонуу... Читать дальше...

Бишкек-Баткен-Бишкек авиакаттамы кайра жанданды

Azattyk.org 

Бүгүн, 7-февралдан тартып Бишкек-Баткен-Бишкек авиакаттамы кайра жанданды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аба майданы билдирди. Буга чейин "Тез Жет" авиакомпаниясы Бишкектен Баткенге аптасына бир жолу – ар шейшемби сайын каттап турары маалымдалган. "Баткен" аэропорту былтыр 1-августта аэродромдогу оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылган. Буга чейин президент Садыр Жапаров 2026-жылга чейин өлкө аймагындагы ички жана эл аралык аба майдандар жаңыланып, ички каттамдар жанданарын да айткан. Читать дальше...

Кыргыз бийлиги Түркия үчүн эсеп ачып, каражат чогулта баштады

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга акча чогултуу үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачылганын билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына банк эсептерин, акча которууга байланыштуу төмөнкү маалыматты жарыялады: Банк: “Айыл Банк” ААК ИНН 01803199710084 БИК 135001 ОКПО 30597768 Эсеп № 1350102119900169 “Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)” (сом, АКШ доллары, евро); Төлөм коду 14411100 – “Учурдагы жардам”; Максаты... Читать дальше...

Түркия-Сирия: зилзала кыйраткан шаарлар

Azattyk.org 

Дүйшөмбүнүн таңында Түркиянын түштүгүндө жана Сириянын түндүк-батышында күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө болуп, имараттар урап, жүздөгөн адамдар каза болду.

Эмил Жураев: Мактоо үчүн эркиндиктин кереги жок, сөз эркиндиги сын пикир үчүн керек

Azattyk.org 

Сөз эркиндиги – бул сын көз карашын, пикирин билдирүүгө болгон эркиндик экенин бүгүн 7-февралда Бишкекте “Кыргыз Республикасындагы маалымат каражаттарына жана сөз эркиндигине басым: “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын практикалык колдонулушу” деген темада өткөн талкууда саясат талдоочу Эмил Жураев билдирди. «Мактоо үчүн эркиндиктин кереги жок. Эркиндик  жалаң сын пикирдүү болот… Тикен сыяктуу сайып турган сөздү айтканга болгон эркиндик гана эркиндик деп аталышы мүмкүн. Анын жүгү бар. Читать дальше...

Аба ырайы: жаан-чачын болбойт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 8-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9, Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9... Читать дальше...

Догдургүл Кендирбаева: "Азаттык" сырттагы мекендештердин үнүн угузган аянтчага айлана алды

Azattyk.org 

«Азаттык» жаштарды тарбиялоодо, кыз-келиндердин укугун коргоодо, чет жакта жүргөн мекендештердин үнүн угууда өзгөчө орунду ээлеген маалымат каражаты экенин бүгүн 7-февралда Бишкекте “Кыргыз Республикасындагы маалымат каражаттарына жана сөз эркиндигине басым: “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын практикалык колдонулушу” деген темада өткөн талкууда билим берүү жаатындагы адис Догдургүл Кендирбаева билдирди. Ал «Азаттыкты» жабуу аракети ишке ашса өлкө үчүн кесепети жакшы болбой турганын белгилеп... Читать дальше...

Түркиядагы жер титирөөдө Өзбекстандын жараны каза болду

Azattyk.org 

Түркиянын Малатия аймагында зилзалада бир өзбек жараны каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, мындан тышкары дагы төрт өзбекстандык дайынсыз болууда. Издөө-куткаруу иштери уланууда. Өзбекстан жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам берүү үчүн Түркияга куткаруучуларын жөнөткөн. Алар 10 миңден ашуун этникалык өзбек жашаган Хатай облусунун Овакент айылында издөө-куткаруу иштерине киришти. Түркиянын Кахраманмараш шаарында эл аралык... Читать дальше...

Элдар Абакиров: Сөз эркиндиги жок өлкөгө инвестор келбейт 

Azattyk.org 

Кесипкөй эркин журналистиканы, «Азаттыкты» коргоо ар бир кыргызстандыктын бакубат жашоого болгон укугун, өлкөнүн экономикасын коргоо дегенге барабар экенин бүгүн 7-февралда Бишкекте “Кыргыз Республикасындагы маалымат каражаттарына жана сөз эркиндигине басым: “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын практикалык колдонулушу” деген темада өткөн талкууда экономист Элдар Абакиров билдирди. Ал сөз эркиндигин жоготуу экономикага чоң сокку болорун белгилеп, эркин медиа бар жерде бул тармак да өнүгүүдө болорун айтты... Читать дальше...

Бишкектеги түрк элчилиги гумжардамды кабыл ала баштады

Azattyk.org 

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам бергиси келгендер Бишкектеги кеңсесине кайрылса болорун билдирди. Анда үй-жайсыз калгандарга керектүү, суукка ыңгайлуу кийим-кечелер жана чатыр, жууркан-төшөк, керебет өңдүү буюм-тайымдар жаңы болуп, жылтырык баштыктарга салынышы керектиги белгиленген. Андан сырткары көп убакытка сакталчу тамак-аштар дагы кабыл алынары жазылган.  Ошондой эле акчалай жардам берүүнү каалагандар үчүн банктык эсептерин көрсөттү. ... Читать дальше...

Казакбаев: Зилзала болгон аймакта 200дөй кыргыз жараны бар

Azattyk.org 

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев "Азаттыкка" учкай маек куруп, зилзала болгон аймактагы кыргыз жарандарынын жагдайы  тууралуу маалымат берди.  Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиядагы жер титирөөдө курман болгондор арасында кыргыз жарандары жок экенин маалымдады.   - Руслан мырза, Түркиянын зилзала болгон аймактарында жашап, иштеген кыргызстандыктар менен байланыш кандай болууда?  -Жалпы иш жүрүп жатат. Кечээ эки жолу жер титирөө болгон Түркиянын чыгыш бөлүгүндөгү шаарлар... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *