Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Новости за 12.02.2023

БУУ Сирияда зилзаладан жабыркаган элге жардам жетпей жатканын билдирди

Azattyk.org 

Түркия менен Сирияда зилзалада набыт болгондордун саны 30 миңден ашты. Улуттар Уюмунун эсебинде, бул сан эки эсе көбөйүшү ыктымал. Эки өлкөдө жараат алгандар он миңдеп саналат. Жүз миңдеген киши башкалкасыз калды. Издөө-куткаруу иштерине 70тен ашуун өлкөдөн келген адистер тартылды. Сириянын түндүк-батышына гуманитардык кербен Түркиянын аймагы аркылуу жекшембиде кирди. БУУнун баш катчысынын орун басары, гуманитардык маселелер боюнча координатар Мартин Гриффитс үй-жайсыз калган миллиондогон кишиге жардам жетпей жатканын белгиледи. Читать дальше...

Америкалыктар Канаданын үстүнөн "табышмактуу" аппаратты атып түшүрдү

Azattyk.org 

11-февралда Кошмо Штаттардын cогуштук истребители Канаданын үстүнөн белгисиз учуучу аппаратты атып түшүрдү. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жарандык учактарга тоскоолдук жаратышы мүмкүн болгондуктан "табышмактуу объектини" атып түшүрүүгө буйрук бергенин билдирди. Аляскадагы канадалык-америкалык базадан чыккан F-22 истребители атып түшүргөн аппараттын калдыктарын канадалык аскерлер чогултуп, чоо-жайын иликтөөгө киришти. Бул окуяга АКШ менен Канада мүчө болгон НАТО дагы тынчсыздануусун билдирди. Читать дальше...

Иликтөөчү журналисттерге Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктар ыйгарылды

Azattyk.org 

Бүгүн, 12-февралда Бишкекте иликтөөчү журналисттерге Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктар ыйгарылды. Ага ылайык, биринчи орунду Болот Темиров менен Temirov Live редакциясы “Эки күндө 37 миллион сомду кантип тапса болот? Ташиевдердин схемасы. Садыр Жапаровдун жообу!” деп аталган материалы үчүн алды. “2022-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү” сынагында экинчи орун “Азаттыктын” кабарчысы Айбек Бийбосуновго “Интернетте гүлдөгөн баңги бизнеси” деген иликтөөсү үчүн ыйгарылды. Үчүнчү орун BULAK.KG маалымат-аналитикалык... Читать дальше...

Кыргызстан Түркияга дагы 50 куткаруучу жана алты дарыгер жөнөттү

Azattyk.org 

Кыргызстан 12-февралда катуу жер титирөөдөн жабыркаган Түркияга дагы 50 куткаруучу жана алты дарыгер жөнөттү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, алар жардам иретинде дары-дармектерди, медициналык жабдууларды, буюм-тайымдарды жана кийим-кече өңдүү зарыл буюмдарды, ошондой эле 75 боз үй ала кетишти. "Калган куткаруучулар, боз үйлөр жана керектүү буюмдар келе жаткан жуманын шейшемби күнү жеткирилмекчи",-деп жазылган маалыматта. Кыргызстан буга чейин Түркияга дагы 100 куткаруучу, 100 боз үй жөнөтөрүн кабарлаган. Читать дальше...

Армян-түрк чек арасы 35 жылдан бери биринчи жолу гуманитардык кербенге ачылды

Azattyk.org 

35 жылдан бери жабык турган Армения менен Түркиянын чек арасы зилзаладан жабыркаган Түркиянын түштүк аймагына гумантардык жүк жеткирүү үчүн ишембиде ачылды. Бул тууралуу "Азаттыктын" армян кызматы кабарлады. 100 тонна тамак-аш, дары-дармек, суу жана башка эң зарыл нерселерди жүктөгөн машинелер Түркиянын Адыяман шаарына сапар алды. Соңку жолу армян-түрк чек арасы 1988-жылы Армениянын Спитак шаары жер титирөөдө талкаланып калганда ачылып, Түркиядан гуманитардык кербен жүк тартып кирген. Бир нече... Читать дальше...

ДССУ: Түркия-Сириядагы зилзалада 26 миллиондой киши жабыркады

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) 6-февралда Түркия менен Сирияда болгон жер титирөөдөн жалпысынан 26 миллиондой киши жабыр тартканын ишембиде билдирди. Зилзалада эки өлкөдө тең ондогон оорукана талкаланды. Апаатта набыт болгондордун саны 28 миңден ашканы жекшембиде кабарланды. Улуттар Уюмунун саламаттык сактоо уюму кырсыктан жабыркагандарга өтө зарыл жардамды уюштуруу үчүн тез арада 42,8 миллион доллар бөлүүгө чакырды. ДССУ 15 миллион киши Түркияда жардамга муктаж болсо, согуштан талкаланган... Читать дальше...

Манас Казакбаевдин “Түшүнүгүндөгү” жасалма кишилер

Azattyk.org 

Дүйнөдөн эрте кеткен Манас Казакбаев капыс ажалга кабылбаса мыкты чыгармаларды жаратары бышык эле. Антип айтышка анын кылдат көркөм жөндөм-шыгы, сергек туюму, кыска өмүрдө жараткан чыгармалары мисал болуп бере алат. Бүгүн биз калемгердин "Түшүнүк" аңгемеси тууралуу кеп кылсакпы деп турабыз. "Баарынан мурда..." Кеп башында мындан беш жыл илгери жарыя кылган макаламдан эмнеликтен жарым кулач үзүндү келтирип жатканымын себеп-жөнүн айта кетсемби деп турам. Ыраматылык Алым Токтомушев адабиятка чогуу... Читать дальше...

Аргентинада көз жаргысы келген кош бойлуу орусиялык келиндер көбөйдү

Azattyk.org 

Аргентинанын бийлиги соңку айларда беш миңден ашык орусиялык кош бойлуу келин бул өлкөгө келгенин билдирди. Өлкөнүн Миграциялык агенттигинин башчысы Флоренсия Кариньяно алар турист катары виза алганы менен башкы максаты балдарына Аргентинанын паспортун, өздөрүнө бул өлкөдө жашоого уруксат алуу экенин айтты. Флоренсия Кариньянонун маалымдашынча, кош бойлуу орусиялык келиндердин келиши 2022-жылдын август айынан тартып кескин көбөйгөн. Ушул тушта күнүгө ай-күнүнө жетип, төрөтүнө аз калган ондогон орусиялык келин келип жатат. Читать дальше...



Түркияда боз үйлөрдү тигүүгө этникалык кыргыздар жардам берет

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине караштуу Консулдук департамент Бишкектен Түркияга жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдарды кабыл алууга даярдык көрүлүп жатканын билдирди. Анда жардам жүктөлгөн учак 12-февралда Газиантеп шаарына конору болжолдонуп жатканы, бул аймакка Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев барганы айтылат. Маалыматка ылайык, Кыргызстандан келчү боз үйлөрдү тигүү үчүн Ван, Анкара жана Стамбулдагы этникалык кыргыздардын ыктыярчылар тобу түзүлүп, жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга жөнөтүлдү. Читать дальше...

ТИМ: Түркияда дайыны чыкпай жаткандар арасында кыргыз жарандары жок

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти Түркиядагы кыргыз жарандарына байланыштуу соңку маалыматтарды берди. Ага ылайык, акыркы алты күндүн ичинде 70тен ашык кыргыз жараны жер титирөө болгон аймактардан Анкара, Анталья жана Алания шаарларына, ошондой эле Астана менен Ташкент аркылуу Кыргызстанга эвакуацияланды. Бул иштер уланып жатат. “Кырсык болгон аймактардагы кыргызстандыктарга азык-түлүк, жылуу кийим-кече жана жууркан-төшөк сыяктуу жардамдар көрсөтүлүүдө. Учурда дайынсыз жоголгон Кыргызстандын жарандары жок. Читать дальше...

Түркия менен Сириядагы зилзала сабагы: курулуш сапаты, сейсмикалык талап

Azattyk.org 

Түркия менен Сирияда жер титирөөдөн набыт болгондордун саны 28 миңден ашып, миңдеген турак жай, имараттар кыйрады. Күчү 7,8 баллга жеткен зилзалага көп кабаттуу үйлөрдүн көбү туруштук бере албай, 10 миңдеген жаран жаракат алганы кабарланды. Бул алаамат кыргызстандыктарды, өзгөчө Бишкек жана Ош шаарынын тургундарын санаага салгандай. Анткени ушул эки шаарда кабат-кабат үйлөр көп курулууда. Жаңы салынып жаткан үйлөрдүн сапаты кандай, алар жаратылыш кырсыктарына туруштук бере алабы? “Эксперттер талдайт”... Читать дальше...

Садыр Жапаров расмий сапар менен Венгрияга барат

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 12-14-февраль күндөрү Венгрияда расмий сапар менен болот. Анын администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин билдиришинче, жолугушууларда өз ара жана көп тараптуу кызматташуу маселелери талкууланат. “Садыр Жапаров Венгриянын президенти Каталин Новак менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анда эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле, алака-катышты мындан ары өнүктүрүүнү талкуулашат. Жапаровдун Венгриянын Улуттук... Читать дальше...

Иликтөөчү журналисттерге Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык тапшырылат

Azattyk.org 

Бүгүн, 12-февралда Журналисттик иликтөөлөр фонду жана Кыргызстандагы "Интерньюс" уюму жыл сайын ыйгарылчу Уланбек Эгизбаев атындагы сынактык жыйынтыгын чыгарат. 2022-жылдагы мыкты журналисттик иликтөө үчүн сыйлык тапшыруу иш-чарасынын алкагында Бишкекте "Чындык" деп аталган форум өтүп жатат. Анда медиа серепчилер иликтөө журналисттикасы, сөз эркиндиги жөнүндө талкуулашууда. "Азаттыктын" иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы 14-сентябрда ишмердигин баштаган. Читать дальше...

“Альянс” фракциясы конуштарды газдаштырууга субсидия берүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясы Бишкектеги конуштарга газ киргизүү үчүн жашоочуларга субсидия берүүнү сунуштады. Бул тууралуу фракция лидери, депута Жанар Акаев 10-февралда ТЭЦ-2 (Ак-Ордо) конушунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Ал Бишкектеги ыш олуттуу көйгөйгө айланганын айтып, маселени чечүү аракеттери токтобошу керектигин белгиледи. "Ал үчүн конуштарды газга туташтыруудагы чыгымды жаба турган өлчөмдө субсидия берүү зарыл. Биз муну Министрлер кабинетине сунуштайбыз. Экология... Читать дальше...

Түркия менен Сирияда жер титирөөдөн мерт болгондор саны 28 миңден ашты

Azattyk.org 

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай ишембиде, 11-февралда кечинде катуу жер титирөөдөн мүрт кеткендердин саны 24 617 адам болгонун билдирди. AFP маалымат агенттигинин кабарлашынча, Сирияда азырынча 3553 миң кишин сөөгү табылды жана бул өлкөдө абал оор. Эки өлкөдө курмандыктардын жалпы саны 28 миңден ашты. Түркияда Германия менен Австралиядан келген куткаруучулар атышуу менен коштолгон морадерчулуктун айынан ишин убактылуу токтоткону кабарланды. Түрк бийликтери кагылышуулар жана атышуулар тууралуу билдире элек... Читать дальше...

Түркия: кыргыз куткаруучулары тирүү калган 7 жашар баланы тапты

Azattyk.org 

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Түркиянын Кахраманмараш шаарында кыргызстандык куткаруучулар 7 жаштагы Алиайчичек баланы уранды алдынан аман таап чыканын билдирди. "Тилекке каршы, ал жерде баланын апасы жана агасы каза болуп калган. Алардын сөөгү чыгарылып туугандарына берилди",- деп жазылган маалыматта. Анын алдында, 11-февралда кыргызстандык куткаруучулар жер титирөөнүн алтынчы күнүндө 22 жаштагы кош бойлуу келинди, 16 жаштагы өспүрүмдү уранды алдынан алып чыккан. Кыргызстан... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *