Түркияда кыргызстандык жүздөн ашуун куткаруучу иштеп жатат
Кыргызстандын куткаруучулары жана дарыгерлери Түркиянын жабыркаган аймактарында ишин улантууда. Куткаруу иштеринин жүрүшүн өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов координациялап жатат. Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарды куткаруу ишине Кыргызстандан 182 куткаруучу, анын ичинде 12 фельдшер, алты дарыгер, атайын үйрөтүлгөн иттер менен алты кинолог жөнөтүлгөн. Мындан тышкары жер-жерлерде жардам көрсөтүү үчүн көчмө оорукана иштеп жатат жана Кахраманмарашка 80 боз үй тигилген. Читать дальше...