Иранда болот компаниясынын бир нече кызматкери иш таштоо маалында кармалды
Ирандагы Жумушчулардын эркин кошууну маалымдагандай, Исфахандагы болот ширеткен компаниянын бир нече кызматкери өнөр жай комплексинин аймагында иш шарттарына нааразылык билдирген митингдер учурунда камалды. Бул тууралуу "Азаттыктын" иран кызматы - “Фарда” радиосу жазды. Жумушчулар 25-февралдан бери иш таштаган. Алар шарттарын жакшыртууну, айлык акыларын көтөрүүнү талап кылууда. Кошуун камалгандардын абалы, саны жана кандай айып тагылганы беймаалым экенин билдирди. Сөз болгон компаниянын жумушчулары... Читать дальше...