Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Баткен үчүн элден чогулган акчанын дайыны боюнча маалымат алуу сунушталды

0
Баткен үчүн элден чогулган акчанын дайыны боюнча маалымат алуу сунушталды

Баткенде былтыр сентябрь айында тутанган каргаша маалында жергиликтүү тургундарга жардам үчүн элден чогултулган акчанын дайыны боюнча маселе бүгүн 1-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Эмил Токтошев акчаны чогултууга жана бөлүштүрүүгө жооптуулар отчет бериши керектигин айтты:

“Баткендеги күздөгү коогалаңда чогулган акча боюнча эмдигиче бизде так маалымат жок. Ушуну угалы. Штабдын башчысы келип канча акча чогулганы, кимге кеткени, гуманитардык жардам жеттиби, канча үй курулуп жатат, бизге келип отчет берсин. Анан ошол жерде баатырча курман болгон биздин азаматтар бар, убагында аларга Баатыр деген наам берели, көчөлөргө атын ыйгаралы деп айттык эле. Ошол айткан бойдон калды”.

Баткен облусунун башчысынын биринчи орун басары Маруфхан Тулаев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында 27-декабрда маалымат берип жатып үйү толук күйүп кеткен 678 адамга элден атайын эсепке түшкөн каражаттан үйү бүткөнчө жашап туруу үчүн 200 миң сомдон бөлүнүп берилгенин айткан.

2021-жылдын жазында жана былтыр сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен облусунун бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн, ондогон адамдар каза болгон. Миңдеген адам үй-жайын таштап качууга мажбур болгон, алардын айрымдары коопсуздук маселесинен улам үйүнө кайта электиги парламентте бир нече жолу айтылган.

Бийлик жаңы 420 үйдү эки-үч айда куруп берүүнү убада кылган.

Бирок Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги бул иштер февралдын аягына, жазга калганын билдирген. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *