Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Талас: Чоң-Капкада жүк ташуучу машинелердин кезеги пайда болду

0
Талас: Чоң-Капкада жүк ташуучу машинелердин кезеги пайда болду

Талас облусундагы Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жайгашкан "Чоң-Капка" өткөрмө бекетинде 1-февраль, саат 17:30га карата алтымыштай жүк ташуучу автоунаа кезекте турат.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, "узун кезекке жүк ташуучу автоунаалардын көп келип жатканы себеп". Өткөрмө бекети штаттык режимде иштеп жатат.

Мекеме Кыргызстан тарапта кандайдыр бир техникалык мүчүлүштүк жок экенин маалымдады. Казакстан менен чектешкен башка бекеттерде кезек күтүүлөр жок экенин кошумчалады. 

Социалдык тармактарда жүк ташуучу машинелердин айдоочулары Чоң-Капкада үч күндөн бери кезекте турганын айтканы тартылган видеолор тарап жатат. 

Кыргыз-казак чек арасында төрт автожол өткөрүү бекети бар. Алар: Чүй облусундагы "Ак-Тилек", "Чалдовар", "Кең-Булуң" жана Талас облусундагы "Чоң-Капка" бекеттери. (MKt)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *