Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Аскерде альтернативдик кызмат өтөө төлөмүн кымбаттатуу сунушталды

0
Аскерде альтернативдик кызмат өтөө төлөмүн кымбаттатуу сунушталды

Кыргызстанда аскерде альтернативдик негизде кызмат өтөөнүн төлөмүн кымбаттатуу сунушталып жатат. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев жазды.

Ага ылайык, үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу альтернативдик кызматка чакырылгандар 50 миң сом, диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу күчтөрдө кызмат кылууга жол бербегендер 100 миң сом төлөйт. 22 жашка чыккан, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөндөр 300 миң сом төгөт.

Азыр иштеп жаткан мыйзам боюнча, үй-бүлөлүк абалы боюнча альтернативдик кызмат өтөгөндөр 18 миң сом, диний ишениминен улам курал пайдалануудан баш тартып аскерге барбагандар 25 миң сом, ал эми 22 жашка чыгып бирок аскердик кызмат өтөбөгөндөр бюджетке 50 миң сом төлөйт.

Кыргызстанда 18 жаштан 25 жашка чейинки эркектер аскердик кызматка чакырылганда анын мөөнөтүн узартууга укугу жок. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *