Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Баткен: 100 гектар жерге мисте багын отургузуу иштери мартта башталат

0
Баткен: 100 гектар жерге мисте багын отургузуу иштери мартта башталат

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы Кең-Талаа айылынын аймагында 100 гектарлык мисте багын ачуу пландалып жатканын бүгүн 3-февралда Жогорку Кеңештин «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынын отурумунда маалымат берип жатып экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди.

Кутманованын айтымында, ал жерде тамчылатып сугаруу системасы орнотулат, иштер март айында башталат:

“Ошол жерге мисте багын баштап, достук багы сыяктуу наам берип, ынтымакка чакырган жашылдандыруу иштерин жүргүзөлү деп жатабыз”.

Фракция лидери Нуржигит Кадырбеков бул долбоор ишке ашса миграцияны ооздуктоого өбөлгө болорун айтты:

“Ким Баткен жергесине барган болсо билет, эки тарап бүт эле какырыган талаа. Ошончо чоң территория. 100 гектарга эгер ушундай бак эксеңиздер, Баткендин эли аябай дыйкан эл, муну менен жумуш орундары түзүлмөк, миграцияга кетүү зарылчылыгы азаймак”.   

Кең-Талаа айылы Баткендин Лейлек районуна карайт. Лейлек району кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан.

Кыргыз-тажик мамлекеттик тилкеси такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү жаңжалдар атталып келет. Соңку эки жылда куралдуу каргашаларда ондогон адамдын өмүрү кыйылып, үйлөр жана мекемелер талкаланды. Бул үчүн эки өлкө бирин-бири айыптаган. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *