Түркия - Сирия чегиндеги зилзалада 500дөн ашуун киши набыт болду
Түркия менен Сирияда катуу жер титирөөдө курман болгондор саны улам өсүп жатат.Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катуу зилзалада бери дегенде 284 киши каза болгонун, кеминде 2323 киши жараат алганын ырастады. Анын билдиришинче, Кахраманмараш, Газиентеп жана Малатья шаарларында мерт болгондор, жабыркагандар көп. Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары 230дан ашуун киши набыт болгонун жазууда. Бир топ имарат, турак жай кыйраган.