Түркия менен Сириядагы зилзала: каза болгондор саны 500гө жетти
Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катуу зилзалада бери дегенде 284 киши каза болгонун, кеминде 2323 киши жараат алганын ырастады. Анын билдиришинче, Кахраманмараш, Газиентеп жана Малатья шаарларында мерт болгондор, жабыркагандар көп. Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары 230дан ашуун киши набыт болгонун жазууда.
Түркия менен Сирияда катуу жер титирөөдө курман болгондор саны улам өсүп жатат. Бир топ имарат, турак жай кыйраган. Мындан улам мерт болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн дейт куткаруучулар. Учурда урандыларды тазалоо, аман калгандарды куткаруу иштери жүрүүдө. Түркияда табыгый кырсыкка байланыштуу өзгөчө абал жарыяланды.
АКШнын Геологиялык кызматы күчү 7,8 баллга жеткен зилзала жергиликтүү убакыт менен таңкы саат 04:17де, Түркиянын түштүк-чыгышында, Сирия менен чектеш аймагындагы Газиантеп шаарынын жанында, 17,9 чакырым тереңдикте болгонун кабарлады.
Өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу жалпысынан 10 шаар: Газиантеп, Кахраманмарас, Хатай, Османие, Адияман, Малатья, Шанлыурфа, Адана, Диярбакыр жана Килис жабыркаганын билдирди.
Жердин силкинүүсү Анкара шаарында дагы сезилди. Ошондой эле жер титирөө башка мамлекеттерде - Кипр, Ливан жана Сирияда дагы катталды.
Диярбакырдагы Дижле университетинин окутуучусу, вандык кыргыз Абдулмукадес Кутлу зилзала катуу сезилгенин айтып берди.
"Мен таңкы төрттөрдө ойгонуп ашканага баргам, идиштер кулай баштады. Башында түшүнгөн жокмун. Анан жер титиреп жатканын билгенден кийин дароо сыртка качып чыктым. Ошондо деле жер силкинип атты. Ошол бойдон уктай элекбиз. Аябай катуу болду. Бир мүнөттөй токтобой титиреди".
Абдулмукадес Кутлу расмий маалыматтар боюнча он шаарда зилзала катталганы маалымдалганы менен анын масштабы жана зыяны өтө оор болорун кошумчалады. Түркиянын Малатья шаары да жер титирөөдөн жабыркады. Азырынча бул аймакта жарат алган жана каза болгондордун так саны кабарлана элек.
Малатья шаарында ооруканада коопсуздук кызматында иштеген дагы бир вандык кыргыз Желал Огуз ооруканага келгендердин саны көп экенин, анын тууганы да оор жарат алганын билдирди.
"Мен жумушта элем. Жер титирегенден кийин дароо үйдөгүлөргө чалдым. Азыр эми абал туруктуу бирок агамдын кайнатасы жер титирегенде үйдөн чыгып баратканда жыгылып, кабыргасы сыныптыр. Азырынча байланышкан кыргыздар арасында оор жарат алгандар жок", -деди Желал Огуз.
"Азаттык" Йозгат, Кайсери жана Газиантептеги кыргызстандыктар менен байланышып, абалдары жакшы экенин сурап билди.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Консулдук департаменти Түркияда жер титирөөдө жабыркагандар арасында кыргыз жарандарынын бар-жогун тактап жатат. Бул тууралуу аталган департаменттен кабарлашты.
"Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Анталья менен Стамбулдагы Башкы консулдуктар менен бирге Түркиянын тиешелүү органдары менен жер титирөөдө жабыркагандар арасында кыргыз жарандары бар-жогун тактап жатат. Кырдаалды көзөмөлдөп, чукул консулдук-укуктук жардам берүү үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Ошондой эле Түркияда жашаган кыргызстандыктарга зарыл жардамдарды берүү үчүн тез байланыш телефону ачылды",-деп жазылган ТИМ тараткан маалыматта.
Түркиядагы жер титирөөдөн улам кандайдыр бир жардамга муктаж болгон кыргыз жарандары төмөнкү телефондорго чалса болот:
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги (Анкара шаары):
+90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;
Анталиядагы башкы консулдук:
+90 546 5570471, +90 534 8388551;
Стамбулдагы Башкы консулдук:
+90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737
Расмий маалыматка ылайык, Түркияда 25 миңдей кыргызстандык жашап, окуп жүрөт. Алардын үч миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштесе, дээрлик көбү бир жылдык туристтик виза менен келип, негизинен Анкара, Стамбул жана Анталия сыяктуу шаарларда эмгектенишет.
Түркия сейсмологиялык жактан активдүү аймактардын катарына кирет. Акыркы акыркы жолу катталган эң чоң зилзала 2011-жылдын 23-октябрында Ван аймагында болгон. Анын күчү 7,2 баллга жеткен. Зилзаланын очогу Ван аймагына караштуу Эржиш шаарында болгон. Бул кырсыкта 644 киши набыт болуп, эки миңге жакын киши оор жаракат алган. 110 миң турак жай жарактан чыккан.
Бул өлкөдө эң катуу жер титирөө 1999-жылы 17-августта Дүзже аймагында болгон жана кырсыктан 18 миңден ашык киши каза таап, 25 миңге жакыны жабыркаган.