Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Түркия менен Сирияда зилзалада көз жумгандар 2000ге жакындап калды

0
Түркия менен Сирияда зилзалада көз жумгандар 2000ге жакындап калды

Түркия менен Сирия чектешкен аймактагы зилзалада курман болгондордун саны 2000ге жакындап калды.

Эл аралык медиа Түркиянын табигый кырсыктар боюнча агенттигинин соңку маалыматына таянып, набыт болгон 1121 киши аныкталды. Сирияда 783 киши каза тапканы тастыкталды.

Куткаруучулар урандылардын астында калгандарды издеп жаткандыктан, курмандыктардын саны дагы өсүшү ыктымал.

Түрк бийлиги 5000ден көп киши жабыркап, 3000дей имарат кыйраганын кабарлады. Сириядагы жабыркагандар, кыйроолор тууралуу так маалыматтар жок.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө кайталанды. Жогорудагы сандар биринчи жер титирөөдөн кийинки эсептер. Экинчи жер титирөөнүн кесепети тууралуу маалыматтар азырынча белгисиз.

Кыргызстан ушул эле күнү Түркияга куткаруучулар тобун жардамга жөнөттү.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *