Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Кыргызстандан Түркияга 63 адамдан турган куткаруучулар тобу барат

0
Кыргызстандан Түркияга 63 адамдан турган куткаруучулар тобу барат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу зилзаладан жабыркаган Түркияга 63 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөтөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз катчысы Алим Токторов "Азаттыкка" билдирди. Анын ырасташынча, министрлик президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен куткаруучуларды жөнөтүп жатат.

"Куткаруучулар тобунун арасында психологдор, дарыгерлер да болот. Түркияга барчу кызматкерлерибиз Оштон дагы келе жатат. Эгер үлгүрсө, алар бүгүн, 6-февралда жөнөп кетишет, болбосо калгандары эртең учат. Куткаруучулар атайын борт менен тамак-ашын, чатырын, болгон шаймандарын кошо ала барат. Алардын арасында кинолог эки ити менен учат",-деди Токторов.

Мунун алдында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Консулдук департаменти Түркияда жер титирөөдө жабыркагандар арасында кыргыз жарандарынын бар-жогун тактап жатканын кабарлаган.

Түркия менен Сириядагы зилзалада курман болгондордун саны 1000ден ашты. Айрым эл аралык басылмалар Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын сөздөрүнө таянып, 912 адам өлгөнүн маалымдады.

Улуу Британияда жайгашкан Сирия Адам укуктары обсерваториясынын маалыматына караганда, Сирияда өкмөт көзөмөлдөгөн аймактарда болжол менен 326 адам көз жумду. Оппозиция көзөмөлдөгөн жерлерде 221 киши набыт болгону кабарланууда.

Эки өлкөдө миңдеген адам жараат алды. Урандылардын астында калгандарды издөө-куткаруу уланууда.

АКШнын Геологиялык кызматы 6-февралда күчү 7,8 баллга жеткен зилзала жергиликтүү убакыт менен таңкы саат 04:17де, Түркия менен Сирия чектешкен аймакта болгонун кабарлаган.

Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен дагы бир жолу жер силкинди.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *