Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Түркия менен Сириядагы зилзалада курман болгондор 1200дөн ашты

0
Түркия менен Сириядагы зилзалада курман болгондор 1200дөн ашты

Түркия менен Сириядагы зилзалада курман болгондордун саны 1000ден ашты. Айрым эл аралык басылмалар Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын сөздөрүнө таянып, 912 адам өлгөнүн маалымдады.

Улуу Британияда жайгашкан Сирия Адам укуктары обсерваториясынын маалыматына караганда, Сирияда өкмөт көзөмөлдөгөн аймактарда болжол менен 326 адам көз жумду. Оппозиция көзөмөлдөгөн жерлерде  221 киши набыт болгону кабарланууда.

Эки өлкөдө миңдеген адам жараат алды. Урандылардын астында калгандарды издөө-куткаруу уланууда. 

АКШнын Геологиялык кызматы 6-февралда күчү 7,8 баллга жеткен зилзала жергиликтүү убакыт менен таңкы саат 04:17де, Түркия менен Сирия чектешкен аймакта болгонун кабарлаган.

Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен дагы бир жолу жер силкинди.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *