Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Элдар Абакиров: Сөз эркиндиги жок өлкөгө инвестор келбейт 

0
Элдар Абакиров: Сөз эркиндиги жок өлкөгө инвестор келбейт 

Кесипкөй эркин журналистиканы, «Азаттыкты» коргоо ар бир кыргызстандыктын бакубат жашоого болгон укугун, өлкөнүн экономикасын коргоо дегенге барабар экенин бүгүн 7-февралда Бишкекте “Кыргыз Республикасындагы маалымат каражаттарына жана сөз эркиндигине басым: “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын практикалык колдонулушу” деген темада өткөн талкууда экономист Элдар Абакиров билдирди.

Ал сөз эркиндигин жоготуу экономикага чоң сокку болорун белгилеп, эркин медиа бар жерде бул тармак да өнүгүүдө болорун айтты:

«"Эмне эле "Азаттыкты" коргоп жатасыңар?" дегендер бар. Эми фейктерге айла жок, алар жалданмалар. Бирок арасында чыныгы адамдар бар – балким, Москвада иштеген биздин мигрант балдар, кыздар же айылда жумушу жок отурган адамдар… Мен ошолорго кайрылат элем – сөз эркиндиги жок өлкөгө инвестор келбейт. Анткени ал акчасын салат, өзү ошол жерде жүрөт, көптөгөн мыйзамдарга баш ийип, келишимдерге кол коет. Эгер укугу бузулса аны, албетте, журналисттер көтөрүп чыгышат. Эгер журналисттер бир нерсени айткандан корксо, демек, андай өлкөгө бир да инвестор келбейт”.

Кыргызстан экономикасы тышкы жардамдан көз каранды өлкө. Бийлик көптөгөн тармактарга эл аралык уюмдардан грант, насыя алат жана инвесторлорду чакырып келет.

Бүгүнкү талкууга парламент депутаттары, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйынтыгында кабыл алынган резолюцияда «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо» мыйзамын өзгөртүү сунушталды. “Фейктер жөнүндө” деген атка конгон бул мыйзам сунушталып, кабыл алынгандан бери бир топ талкуу, сын жаратып келе жатат.

Мыйзамды өзгөртүүнү сунуш кылгандар ал азыркы мазмунунда фейктерге каршы эмес, эркин медиага каршы иштеп жатканын белгилешти.

Жыйындын катышуучулары “Азаттык” радиосунун айланасындагы соңку жагдай боюнча да пикирин билдирип, аны жабууга көрүлүп жаткан аракеттердин мыйзамсыздыгын белгилешти. Анын толук иштөөсүнө шарт түзүүгө чакырышты.

Бул мыйзамдын негизинде былтыркы жылдын октябрь айынан бери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен «Азаттыктын» сайты бөгөттөлүп турат, мындан тышкары министрлик аны жалпыга маалымдоо каражаты катары жабуу аракетин да көрүүдө. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *