Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Тажикстанда алимент төлөбөгөн 398 адам изделүүдө

0
Тажикстанда алимент төлөбөгөн 398 адам изделүүдө

Тажикстанда алиментти өз убагында төлөбөгөн жана жашаган жерин жашырган 398 жаран изделүүдө. Ал эми алимент төлөөдөн качкан 538 кишиге Кылмыш-жаза кодексинин тийиштүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Аткаруу кызматынын башчысы Барно Саидвализода 6-февралда Дүйшөмбүдө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында былтыр ажырашкан аталардан эне-баланын пайдасына 40 сомониге жакын же 4 миң доллардай алимент өндүрүлгөн. Бул бир жыл мурункудан 46% көп.

"Озоди" радиосу расмий маалыматтарга таянып, күн сайын Тажикстанда 30дан ашык үй-бүлө бузуларын жазды. Ажырашууга үй-бүлөгө туугандардын кийлигишүүсү, зомбулук, оор экономикалык абал жана миграция таасир этет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *