Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Кызын сабаган келиндин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды

0
Кызын сабаган келиндин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды

Кадамжайда эки жашар кызын сабап жатканы видеого тартылган келиндин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды. Бүгүн 8-февралда Баткен облустук соту райондук соттун аны тергөө абагында кармоо тууралуу чечимин күчүндө калтырды.

1-февралда Баткен райондук сотунда келинди 1-мартка чейин камакта кармоо чечими чыккан.

30-январда Баткен облустук ички иштер башкармалыгы келинге Кылмыш-жаза кодексинин “Баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо” деген 138-беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

Милициянын маалыматына караганда, 27-январда аларга арыз менен келиндин жарандык никедеги күйөөсү - Кадамжай районунун 38 жаштагы тургуну кайрылып, аялы кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгенин билдирген жана мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, ошол эле райондун Марказ айылынын 38 жаштагы тургуну менен 2020-жылдын март айынан бери жарандык никеде жашап жүрүп, 2021-жылдын 13-мартында кыздуу болушкан жана жакындан бери пикир келишпестиктин айынан чогуу жашабай калышкан.

Милиция билдиргендей, окуя 5-январда болгон – келин өзүнүн кызын уруп, уюлдук телефонуна тартып, жолдошуна WhatsApp аркылуу жиберген.

Наристени чырылдата сабап жаткан келиндин видеосу интернеттеги социалдык түйүндөрдө тарап, айрымдары аялды жоопко тартууну талап кылса, кээ бирлери анын психикалык абалына көңүл буруу керектигин белгилеп, ыркы кеткен үй-бүлө көйгөйүн жана анын балдарга таасири боюнча маселени көтөрүшкөн. Аялга камап эмес, анын психикалык, психологиялык абалын текшерип жардам берүү керектиги айтылган. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.  (JsA)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *