Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Кыргызстандын 14 айылдык кеңешинде шайлоо өтөт

0
Кыргызстандын 14 айылдык кеңешинде шайлоо өтөт

9-апрелде Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 6-февралда кол койгонун Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

БШК 8-февралда жергиликтүү кеңешти шайлоонун календардык планын бекитти. Ага ылайык, шайлоочулардын тизмеси 10-мартка чейин такталып, 30-мартка чейин шайлоо участокторуна бөлүштүрүлүшү керек.

Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер 9-мартка чейин арыз жазып, керектүү документтерди тапшырат. Аларды каттоо 20-мартка чейин созулат.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери 20-мартта башталып, 8-апрель саат 8:00гө чейин жүрөт.

Кыргызстанда жети облус, 44 район, 32 шаар жана 453 айыл өкмөтү бар. (TAb)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *