Түркия менен Сириядагы зилзаланын сабагы
Түркия менен Сирияда катуу жер титирөөдөн мерт болгондордун саны 11 миңден ашып, миңдеген турак жай, имарат кыйрап калды. Күчү 7,8 баллга жеткен зилзалага көп кабат үйлөр туруштук бере албай, 10 миңдеген жаран жаракат алганы кабарланды. Чектеш жайгашкан эки мамлекеттеги зилзаланын сабагы кандай?