Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Түркия менен Сириядагы зилзалада каза болгондор 17 миңден ашты

0
Түркия менен Сириядагы зилзалада каза болгондор 17 миңден ашты

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондор 17 миңден ашканын 9-февралда BBC кабарлады. Алардын көбү Түркияда экенин бул өлкөнүн Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги (AFAD) билдирди. Жараат алгандар 60 миңден ашат. Бир катар мамлекеттердин көмөгүндө куткаруу иштери төртүнчү күн катары менен уланып жатат.

6-февралда Түркиянын түштүк тарабында менен Сирия түндүгүндө эки жолу күчү дээрлик 8 баллга жеткен жер титирөө болгон.

Табигый кырсык Түркиянын 10 аймагында болду. Бул өлкөдө расмий эсепте 25 миңдей кыргыз жараны бар. Каза тапткан жана жараат алгандар арасында кыргызстандыктар жок экени өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин соңку маалыматына айтылды.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *