Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Борбордук мечиттеги жума намазда Түркияда жана Сирияда каза болгондор эскерилди

0
Борбордук мечиттеги жума намазда Түркияда жана Сирияда каза болгондор эскерилди

Кыргызстандын борбордук мечитинде бүгүн 10-февралдагы жума намазда Түркияда жана Сирияда жер титирөөдөн каза болгондор эскерилип, куран окулду.

Жума намазга Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилиги катышты.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. Түркияда жердин титиреши 11 аймакта катталды. Каза болгондор 10-февралга карата 20 миңден ашты.

Бул өлкөдө расмий эсепте 25 миңдей кыргыз жараны бар.

Хатай провинциясында Кыргызстандын бир жараны уранды алдында калганы кабарланууда, бирок өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты расмий тастыктай элек. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *