Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүүнүн "жол картасы" талкууланды

0
Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүүнүн

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 10-февралда Бишкектеги ыш маселесине байланыштуу тиешелүү министрлик-мекемелердин өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда бул көйгөйдү чечүүнүн Ужол картасыУ талкууланды. Ошондой эле мамлекеттик мекеме-органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүү, бул багытта ишти активдештирип, абанын сапатын жакшыртуу долбоорлоуна каражат табуу тууралуу сөз болду.

"Жылытуу мезгилин ойдогудай өткөрүп алуу үчүн экономика тармактарын жана калкты көмүр менен камсыздоо каралып келет. Ошол эле учурда, саламаттыкка терс таасирин тийгизген ыш маселеси экинчи планда калууда. Буга байланыштуу ыш маселесинин алдын алуу иштерин күчөтүүбүз зарыл. Ыштын пайда болушун күтүп жата бербестен, анын пайда болуу себептерин чечүү жөнүндө түзүлгөн "жол картанын" негизинде тиешелүү жетекчилер иш алып барып, ай сайын иштин жүрүшү тууралуу так маалымат берүүңүздөр керек", - деди Бакыт Төрөбаев.

Соңку жылдары Бишкек айрыкча суук түшкөн маалда дүйнөнүн абасы эң булганган шаарларынын сап башына чыгып келет. Шаардын үстүн калың боз ыш каптап турган сүрөттөр жана видеолор социалдык түйүндөрдө кызы талаш-талкуу жараткан.

Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкекте абанын булганышына алып келип жаткан себептер тууралуу а маалымат берип, биринчи себеби Жылуулук элек борбору, экинчиси – Бишкектин тегерегинде башаламандык менен курулуп кеткен курулуштар, үчүнчүсү – машинелер экенин билдирген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *