Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Газиантептен эвакуацияланган 22 кыргызстандык Бишкекке келди

0
Газиантептен эвакуацияланган 22 кыргызстандык Бишкекке келди

Бүгүн, 10-февралда Түркиянын Газиантеп шаарынан 22 кыргызстандык Бишкекке алып келинди.

Алар алгач Казакстандын Астана шаарына учуп келген. Аларды элчиликтин жана диаспоранын өкүлдөрү тосуп алган. Андан кийин автоунаа менен Кыргызстанга жеткирилген. Эвакуациялангандарды чек арадан Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү тосуп алышкан.

Буга чейин 8-февралда Астана аэропорту аркылуу Кыргызстандын 17 жараны эвакуацияланган.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда эки жолу күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Зилзаланын айынан набыт кеткендердин саны 20 миңден ашты. Түрк бийлиги жума күнгө алынган маалыматтар боюнча 17 674 киши мерт болгонун ырастады. Сирияда апаатта бери дегенде 3162 адамдын өмүрү кыйылды. Миңдеген адам жараат алып, там-ташынан айрылды.

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу Хатай провинциясында зилзалада бир кыргыз жараны каза тапканын, анын сөөгү уранды алдынан табылганын "Азаттыкка" ырастаган. Маалыматка ылайык, 37 жаштагы кыргызстандык келин жергиликтүү карыяны багып, иштеп жүргөн. Карыя менен кошо аны караган келин да набыт болгонун консулдукка иш берүүчү үй-бүлө тастыктаган. Консулдуктун кызматкерлери мигрант келиндин сөөгүн мекенинен жөнөтүүгө аракет кылып жатат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *