Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Кыргызстанда 87 мыйзамсыз курулуш бар экени, сот уруксат берсе алар сүрдүрүлөрү айтылды

0
Кыргызстанда 87 мыйзамсыз курулуш бар экени, сот уруксат берсе алар сүрдүрүлөрү айтылды

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында уруксат кагазы жок салынган 87 курулуш боюнча соттук териштирүү жүрүп жатканын 10-февралда Жогорку Кеңештин “Мекенчил” депутаттык тобунун отурумунда Архитектура, курулуш көзөмөлдөө департаментинин директору Талантбек Иманакун уулу билдирди.

Анын айтымында, 87 курулуштун 36сы Бишкекте.

Иманакун уулу курулуш компаниялары жерди каза баштаганда эле аларга эскертүү берилгенин, бирок көбү өзүм билемдик менен ишин улантып жатканын, департамент эскертүү гана бере аларын, ишти сотко өткөрүп бергенин айтып, мыйзамда чаралар жетиштүү эмес жазылып калганын белгиледи:

«Болгону 7-21 миң сом айып салынат. Алар ошол айыппулду төлөйт да өзүм билемдик менен “учуру келгенде документин бүтүрүп алам” деген көз карашта курулушун улантып жатат. Бирок сот уланууда. Сот акыркы чекитти коюп, сүрдүрүү чечимин кабыл ала турган болсо биз ал иштерге да барабыз”.

Түркияда жана Сирия он миңдеген адамдын өмүрүн алган соңку жер титирөөдөн кийин курулуштардын сейсмикалык коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлүүдө. Кыргызстанда акыркы жылдары жеке курулуш компаниялары кардарлар менен үлүштүк негизде кабат үйлөрдү көп куруп жатышат. Алардын коопсуздугу талаш-талкуу жаратып келет. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *