Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Кыргызстан Түркияга дарыгерлер тобун жөнөтөт

0
Кыргызстан Түркияга дарыгерлер тобун жөнөтөт

Кыргызстан катуу жер титирөөдөн жабыр тарткан Түркияга дарыгерлер тобун жөнөтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Ага ылайык, нейрохирург, травматолог, реаниматолог-анестезиолог, кан-тамыр хирургу өңдүү адистерден куралган бригада Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кахраманмараш шаарындагы мобилдик госпиталында иштейт. Ошондой эле врачтар керектүү дары-дармектерди, шаймандарды өздөрү менен кошо ала барат.

Министрлик дары-дармек, медициналык буюм-тайымдардын турган гуманитардык жардам жөнөтүлөрүн, медиктердин бир күндүк айлыгы Түркия үчүн ачылган бирдиктүү эсепке которуларын билдирди.

Кыргызстан жер титирөөнүн алгачкы күнүндө эле Түркияга 67 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөткөн жана алар зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарына бөлүнгөн.

Кыргыз бийлиги 12-фералда дагы жүз куткаруучу атайын борт менен бара турганын, эки учак гумантардык жардам берилерин маалымдаган.

Соңку маалыматтарга караганда, Түркияда катуу жер титирөөдөн 20 миңден ашык адам мерт болду, Сирияда 3,5 миңден көп кишинин сөөгү табылды.

Бириккен Улуттар Уюму апааттын толук кесепети азырынча анык боло электигин эскертти. Куткаруучулар урандыларды тазалап жатат, бирок аман калгандарды табуу үмүтү дээрлик калган жок.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогон жер титирөөнү “кылымдын кырсыгы” деп атады. Өлкөдө жабыркагандарга жардам берүүгө байланыштуу нааразылык айтылып жатат.

Түркия менен Сирия чектеш аймакта 6-февралда жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. Андан бери бери 1,5 миңден ашык жер титирөө катталды.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *