Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

ДССУ: Түркия-Сириядагы зилзалада 26 миллиондой киши жабыркады

0
ДССУ: Түркия-Сириядагы зилзалада 26 миллиондой киши жабыркады

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) 6-февралда Түркия менен Сирияда болгон жер титирөөдөн жалпысынан 26 миллиондой киши жабыр тартканын ишембиде билдирди. Зилзалада эки өлкөдө тең ондогон оорукана талкаланды. Апаатта набыт болгондордун саны 28 миңден ашканы жекшембиде кабарланды.

Улуттар Уюмунун саламаттык сактоо уюму кырсыктан жабыркагандарга өтө зарыл жардамды уюштуруу үчүн тез арада 42,8 миллион доллар бөлүүгө чакырды. ДССУ 15 миллион киши Түркияда жардамга муктаж болсо, согуштан талкаланган Сирияда 11 миллиондой киши ушул тапта табыгый кырсыктан жабыркаганын билдирди.

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катуу жер титирөөдөн мүрт кеткендердин саны 24 617 адамга жеткенин ишембинин кечинде айтты. AFP маалымат агенттигинин кабарлашынча, Сирияда 3553 миң кишин сөөгү табылды. Эки өлкөдө курмандыктардын жалпы саны 28 миңден ашты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти билдиргендей, соңку алты күндө 70тен ашык кыргыз жараны жер титирөө болгон аймактардан Анкара, Анталия жана Алания шаарларына, ошондой эле Астана менен Ташкент аркылуу Кыргызстанга эвакуацияланды. Бул иштер уланууда.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *