Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Кыргызстан Түркияга дагы 35 куткаруучуну жөнөттү

0
Кыргызстан Түркияга дагы 35 куткаруучуну жөнөттү

13-февралда Бишкектен Түркияга дагы кошумча 35 куткаруучу жөнөп кетти. Алардын арасында үч дарыгер бар. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилиги менен куткаруучулардан сырткары 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана медикамент түрүндө гуманитардык жүк жөнөтүлдү.

Кыргызстан 12-февралда 80 куткаруучу жана алты дарыгер жөнөткөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, алар жардам иретинде дары-дармектерди, медициналык жабдууларды, буюм-тайымдарды жана кийим-кече өңдүү зарыл буюмдарды, ошондой эле 75 боз үй ала кетишкен.

Кыргызстан жер титирөөнүн алгачкы күнүндө эле Түркияга 67 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөткөн жана алар зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарында иштеп жатат. Кыргызстандык куткаруучулар жалпы төрт адамды урандылардын арасынан тирүү алып чыкты.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Түркияга дарыгерлер тобу жөнөтүлөрүн кабарлады. Ага ылайык, нейрохирург, травматолог, реаниматолог-анестезиолог, кан-тамыр хирургу өңдүү адистерден куралган бригада Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кахраманмараштагы мобилдик госпиталында иштейт. Алар керектүү дары-дармектерди, шаймандарды өздөрү менен кошо ала барат.

Түркия менен Сирияда зилзалада набыт болгондордун саны 33 миңден ашты. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *