Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Жогорку Cот Алмазбек Атамбаевдин ишин кайра кароого жиберди

0
Жогорку Cот Алмазбек Атамбаевдин ишин кайра кароого жиберди

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевге карата Жогорку Cоттун мурдагы чечимдери жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилди. Мындай чечимди Жогорку Соттун коллегиясы 13-февралда чыгарганын Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев "Азаттыкка" билдирди.

Жактоочунун маалыматына караганда, Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан кое берилишине байланыштуу чыгарылган чечим жокко чыгарылып, иш жаңыдан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилди.

Бул маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматы ырастады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга айыптаган өкүмдү жокко чыгаруу үчүн Жогорку Сотко былтыр августта кайрылышкан.

Кыргызстандын эки жолку премьер-министри, Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары жана 2011-2017-жылдары мамлекетти башкарган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча камалган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, «коррупцияны уюштурууга» айыптуу деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, аны мамлекеттик сыйлыктарынан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган.

"Батукаев иши" боюнча мурдагы башкы прокурор, мурдагы саламаттык сактоо министри, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы, Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси жана башка жооптуу кызматкерлер кармалып, сот жообуна тартылган.

Кыргызстанда маңзат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жыл, 8 айга эркинен ажыратылган Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты, ичер суусу аз калды» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан.

Нарындан Бишкекке жеткирилип, атайын рейс менен Орусияга учуп кеткен.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы, 2010-жылкы Июнь окуясы, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча шек саналып жатат. Ага Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча да айып коюлган. Ал 2019-жылдын августунан бери камакта. 2020-жылы октябрь айындагы башаламандыкта абактан чыгып, кайра камалган. Мурдагы президент өзүнө тагылган бардык айыптарды четке кагып, саясий куугунтукка кабылганын айтып келет. (ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *