Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Түркия: жер титирөөдө каза болгон кыргыз жаранынын сөөгү алып келинди

0
Түркия: жер титирөөдө каза болгон кыргыз жаранынын сөөгү алып келинди

Түркияда жер титирөөдө каза болгон Токтогул районунун Чеч-Дөбө айылынын тургунунун сөөгү Кыргызстанга алып келинди. 

Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-февралда билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 1986-жылы туулган аялдын сөөгү уранды астынан 11-февралда табылган. 

Жакындарынын айтымында,  маркум Түркияда үй кызматчысы болуп иштеп жүргөн.

Түркия менен Сирияда 6-февралда болгон катуу зилзаладан набыт болгондор 37 миңден ашты. Түркиянын Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттигинин (AFAD) маалыматына караганда, зилзаладан набыт болгондордун 31 643 кишиге жетти. Сириядагы жоготуулар 5714 кишиге жеткенин Бириккен Улуттар Уюму кабарлады.

6-февралдагы жер титирөөдөн миңдеген адам жараат алып, миллиондон ашууну үй-жайсыз калды. 11-февралда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) зилзаладан 26 миллиондой киши жабыр тартканын билдирди. (TAb)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *