Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Адабий форум: ача көз караш, ачуу сын

0
Адабий форум: ача көз караш, ачуу сын

Бишкекте адабиятчылардын, коомдук-саясий ишмерлердин жана жалпы китеп сүйүүчүлөрдүн катышуусунда китеп форуму өттү. Форумда кыргыз адабиятындагы орчундуу маселелер талкууга алынды. Катышуучулардын пикиринде, агартуу тармагындагы көйгөйлөр көтөрүлгөн мындай саамалык учурдун талабы болуп турган.

Novotel мейманканасында өткөн “Сөздөн ишке” аталышындагы форумда “Адам укугу – учурдагы кыргыз адабияты”, “Адабий сындын сапатка таасири”, “Кыргыз качан сапаттуу китеп окуйт?”, “Котормо өнөрү – маданият көпүрөсү”, “Адабияттын креативдүү экономикадагы орду” аталышындагы пленардык талкуулар уюштурулду. Талкууга спикер катары саясий ишмерлер, укук коргоочулар, адабиятчылар, басма үйүнүн негиздөөчүлөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Талкуу жараткан Cовет адабияты

Адам баласына таандык укуктардын адабиятта чагылдырылышы жөнүндөгү алгачкы сессияда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев советтик адабият бүтүндөй бир муунду чакан рамкада тарбиялады деген пикирин билдирди:

“Мен теңдүү жана менден улуу муун Советтер Союзунун тарбиясын алып, ошол коомдо чоңоюп калдык да. Ал учурда бир гана советтик идеология даңазаланып, адамдын өмүрү бааланган эмес. Мисалы, тракторист өз техникасын сактоо масатында кырсыктан өз өмүрүн кыйса же кимдир бирөө талаадагы өрттөнгөн буудайды сактап өлсө да, баатыр деп эсептелген. Союз учурунда чыккан китептердин баары ушул багытка тарбиялаган. Ошол учурда Чыңгыз Айтматов, Салижан Жигитов өңдүү калемгерлерибиз бул идеологияга каршы өз ойлорун чыгармалары менен кыйыр түрдө билдире алган. Маселен, Айтматов “Кылым карытар бир күн” романындагы Маңкурттун образы менен Союз баарыбызды жеке пикири жок кылып тарбиялап жатат деген ойду айтып, көзүңөрдү ачкыла десе керек. Салижан Жигитов да "элге жашаганды үйрөтө турган билим берели" деп күрөшүп, өз элине душман көрүнгөн”.

Форумда укук коргоочу Динара Ошурахунова да Нурбаевдин пикирин бекемдеп, ошону менен катар азыр сынчыл көз карашта ой жүгүртө алган, эркиндикти, адам укугун даңазалаган адабиятты жаратуу керек деген пикирин билдирсе, медиа-кеңешчи Сапаргүл Абдинабиева учурда окулушу керек болгон чыгармаларды сунуштады:

“Чынында эле адам укугу жана адабият тууралуу сөз болгондо сөзсүз Cовет учурундагы адабият менен бет келебиз. Тилекке каршы мектеп программасында эски чыгармалар дагы деле окутулуп келе жатканы - көйгөй. Мен азыр дүйнөдө популярдуу болуп жаткан Жорж Оруэллдин “1984”, Рэй Брэдберинин “451 градус фаренгейт” аттуу китептерин биздин коомчулукка сунуштар элем. Анткени аларда бийликтин адамдарга карата аёосуз мамилеси, саясаты чагылдырылган. Ошондой эле адамдардын өлкөдө жалпы эле кандай окуя болуп жатканын билүү укугу тепселенгени баяндалат. Бул китептер учурда кыргызчаланды. Эми ушундай жаңычыл багыттагы эмгектерди биздин жаштарга окутушубуз керек”.

Форумдагы спикерлердин пикирлерине айрым калемгерлер, окурмандар өз суроолорун узатышты. Айрымдар ошол жерден өз сунушун билдирип, кыргыз адабиятынын мектептерде окутуу программасын өзгөртүү демилгесин көтөрүштү.

Ал эми форумда жазуучу, адабиятчы Дүйшөн Керимов сунуш айткан спикерлерге алгач көркөм адабият менен публицистиканы айырмалап алуу шарт деген пикирин билдирди. Жазуучунун айтымында, көркөм чыгармалар атайын бир темактикалык план менен жазылганы акылга сыйбас көрүнүш:

“Олжобай уктап жаткан жазуучу-акындарды ойготоюн деген максатта ушул иш-чараны өткөргөнү колдоого аларлык иш болду. Прогрессивдүү жаштардын пикирлерин уктук. Бирок бири-бирибиз менен маек курганга диалог түзүлбөй, ар ким жеке пикирин айтуу менен чектелди. Албетте баарыбыз эле адам укугу, демократия деп айтып жүрөбүз. Илгертен эле адамзаттын эңсегени эркин анан мыйзамдуу жашоо болгон. Ушул экөө бириккенде гана демократия түшүнүгү толук болот. Бирок форумда укук коргоочуларды бир жактуу алып чыгып, аларга гана сөз бергени купулума толгон жок. Алардын арасына адабиятчыларды аралаштырып, диалог түзүлсө дурус болмок. Адабиятты негизи өнөрү, шыгы бар адам гана жаратат. Шыгы бар киши советтик доордо деле жакшы чыгармаларды жараткан. Анан да чыныгы калемгер "бул темада жазам" деп алдын ала план коюп жазбайт. Ал көптөн бери ичиндеги топтоп жүргөн идеясын, толкуп жүргөн сезимин жазат. Анан андан укук коргоочусу, демократы же экономисти өзүнө керектүүсүн алса болот”.

"Конструктивдүү сын өстүрөт"

Форумдун кийинки сессиялары да ушул эле өңүттөгү талкуулар, суроо-жооптор менен коштолду. Адабий сындын маанилүүлүгү, китептердин мазмундук-техникалык сапаты, рыноктук шартта адабиятты кантип миллиарддарга айлантууга болот, канткенде калемгерлер мамлекетке көз каранды болбой, өз чыгармаларынан пайда таба алат, канткенде кыргыз сапаттуу китептерди окуйт деген теманын айланасында бир топ омоктуу ойлор айтылды. Бирок ченелген убакыт талкууну кызытууга тардык кылды.

“Китепстан” басма үйүнүн жетекчиси Бакытбек Абдуллаев форумдан кийинки чыгарган тыянагын айтып берди:

“Китепстанда” эки китепти "туура эмес" котормочуга берип алып, начар чыгып калгандыктан, эми аны такыр басып чыгарбоону чечтим. Энергия, акча жана убакыт текке кетти. Сапаттуу китеп даярдоо үчүн 17 пункттан турган процессти форумда айтайын десем, убакыт жетпеди. Китептин мазмуну окурманды сынчыл ойломго түртөбү-түртпөйбү, жаңы бир көз караш сунабы-сунбайбы, ошого карайм. Санжыра же кайсы бир саясатчыны мактап-жактап жазылган китептерди чыгарбайм. Демек, эми кыргыз авторлор менен иштешпейм. Кыргыз автордун чыгармасы балдарга арналган чыгарма болсо гана иштешишим мүмкүн. Анда дагы эски замандагы айыл чарба доорун чагылдырган, карышкыр, түлкү, коён, атты эле камтыган чыгарма болсо чыгарбайм. Бүгүнкү күндүн маалыматтык технологиясын камтыган чыгарма болсо иштешишим мүмкүн. Форумда эки кишиден Жорж Оруэллдин “1984” китебинин котормосуна олуттуу сын келди. Акчага сатып алып, китепти окуп, өз сын-пикирин айткандарга ыраазымын! Бул китептин котормосуна көркөм адабий-эстетикалык жана орфографиялык каталарга айтылган сынды туура кабыл алып, эске алам. Конструктивдүү сын бизди өстүрөт!”.

Калемгерлер кантип байыса болот?

Адабий форумга “Азаттык” үналгысынан Санжи Туйтунова, Бактыгүл Чыныбаева, Эрнист Нурматов, Нурболот Азамат уулу баштаган кызматкерлер да спикер катары катышып, окурмандарга өз пикирлеринен бөлүштү.

Эрнист Нурматов “Адабияттын креативдүү экономикадагы орду” аталышындагы сессияда Кыргызстан башка мамлекеттер менен экономикалык жайгдайда эмес, чыгармачыл багытта гана теңтайлаша аларын, ошондо гана мамлекетке көз каранды болбой, өз чыгармалары менен чөнтөк кампайтса болорун белгиледи.

Башкача айтканда кино, арт-индустрия, музыка, архитектура, адабият ж.б. чыгармачылыктын түрдүү багыттарында сунуш айтты:

“Онлайн китептерди чыгарып, комикстерди тартуу - азыркы учурдун талабы болуп турат. Анткени азыркы жаштардын фантазиясы өтө өнүгүп кетти. Азыр укмуш кино, комикстер бар. Жөн гана супсак тексттер өтпөйт. Керек болсо салттуу журналистика да блогерликке утулуп баратат. Биз дагы алар менен атаандашуу үчүн түрдүү кадамдарга барууга туура келип жатат. Учурда калемгерлер өз чыгармаларын дароо кино же сериалга ылайыкташтырып жазышы керек. Кино тартылса, китебин кошо алга жетелеп кетет. Биринчиден, аны биздин эле атамекендик киночуларга деле сатса болот. Болбосо чыгарманы англисче которуп, Голливуддун же башка кино индустриясы менен иштешсе болот”.

Нурматов учурдун көркөм чыгармаларынын темасы триллер, фантастика, детектив, мелодрама жанрында болсо өтүмдүү болмок деген пикирин да кошумчалады.

"Эгемендикке умтулган маанай жок"

“Сөздөн ишке” аттуу адабий форумдун уюштуруучусу жазуучу, публицист Олжобай Шакир бул иш-чара чала болуп калганын, алдыдагы форумдар башка багытта өзгөчөлөнөрүн кеп кылды:

"Бул ишибиз чынында чала болуп калды. Чоң иш-чара уюштурууга амбициябыз болгону менен, уюштуруу жагынан тажрыйбабыз аз болуп калды. Эл "жакшы өттү" дегени менен жеке менин ичим чыкпай калды. Биринчиден, аудиторияга ичим чыкпады. Мен форумга пикирлеш деген чыгармачыл чөйрөнү чакырдым эле. Бирок дагы эле cоветтик коомдун туткунан чыга элек экенбиз. Бизге таңууланып келген тарыхты, идеологиялык түшүнүктөрдү дагы эле ыйык тутат экенбиз. Эгемендикке умтулган улуттун маанайын көргөн жокмун. Советтик түзүмдү кайра көрүүнү каалаган адабиятчылар көп экен. Бул биздин улуттун трагедиясы. Жакын араларда дагы адабий форумдарды уюштуруу ниетибиз бар. Бирок көп топтун кереги жок экен. Басма үйлөрүн чакырып, пикирлеш адамдарды жыйнап эле, кызыл чеке талкууларды кылуу керек экен”.

Өз сөзүндө Олжобай Шакир форум чийки уюшулуп калды дегени менен, иш-чаранын арты менен бир топ басма үйлөрү китептерин сатып, жакшы каражаттарды тапканын кошумчалады. Анткени форумдагы китеп жармаңкесине ысымы таанылып калган он чакты басма үйлөрү менен китеп дүкөндөрү да катышкан.

Эске салсак ушул жылдын 29-январында ушул эле Novotel мейманканасында алгачкы ирет китеп форуму өткөн. Аны “Ак барак” фонду уюштуруп, Кыргызстандын адабий чөйрөсүндө, китеп өндүрүшүндө иштегендерди жана окурмандарды бир платформага чогултуу, басма үйлөр, авторлор, жазуучулар, котормочулар, китеп дүкөндөр жана окурмандар арасындагы байланышты чыңдоону максат кылган.

Кыргыз коомчулугунда китеп тармагында эмгек өтөгөн адистердин маалыматына караганда, өткөн жылы өлкөдө 400дөй ар түрдүү жанрдагы китеп чыкса, алардын үчтөн бири адабият жаатында, калгандары шык берүүчү, өмүр баянга арналган же диний багыттагы китептер.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *