Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

ЖККУнун Армения баш тарткан машыгуусу Кыргызстанда өтөт

0
ЖККУнун Армения баш тарткан машыгуусу Кыргызстанда өтөт

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) "Бузулбас бир туугандык-2023" аскердик машыгуулары Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу ЖККУнун биргелешкен штабынын начальниги Анатолий Сидоров Москвадагы маалымат жыйында билдиргенин орусиялык бир катар маалымат каражаттары жазды. Кыргызстандын Коргоо министрлиги бул маалыматты ырастай элек.

Жыл башында Армения өз аймагында уюмдун машыгууларын өткөрүүдөн баш тарткан. Премьер-министр Никол Пашинян коргоо министри ЖККУнун биргелешкен штабына азыркы кырдаалда машыгууларды өткөрүү туура эместигин кабарлаган.

Пашиняндын билдирүүсүнөн кийин ЖККУ Арменияда пландалган машыгууларды башка өлкөнүн аймагында өткөрүү пландалып жатканын маалымдады.

2022-жылдын күзүндө Пашинян ЖККУнун Еревандагы саммитинде Тоолуу Карабакка байланыштуу жаңжалда өнөктөштөр Ереванды жетиштүү колдогон жок деген негизде биргелешкен билдирүүгө кол коюудан баш тарткан.

Октябрда Кыргызстан ЖККУнун аскердик машыгууларын өз аймагында өткөрүүдөн баш тартканын жарыялаган. Коргоо министрлиги бул чечим мурда эле кабыл алынганын билдирген.

ЖККУга Кыргызстан, Армения, Казакстан, Орусия, Беларус жана Тажикстан мүчө. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *